73-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2017 года № 172
1. Жогорку Кеңеш биринчи окууда төмөнкүлөрдү карайт:
1) каралып жаткан мезгилдерге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолун;
2) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджеттик саясаттын программасын.
2. Биринчи окууда кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууга Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна жөнөтүлөт.
3. Фракциялар жана комитеттер жазуу жүзүндөгү сунуштарды бир эле убакта Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жана эксперттик кызматына 5 күндүк мөөнөттө жиберет.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбооруна киргизүү/киргизбөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө алар боюнча корутундуну 10 күндүк мөөнөттө берет.
5. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылган учурда, Жогорку Кеңеш аны биринчи окууда кайтадан кароо үчүн Өкмөткө республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу жана сунуштоо мөөнөтүн аныктайт.
(КР 2017-жылдын 8-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-73" title="73-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>