3-берене. Жогорку Кеңештин конституциялык ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2)
1. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алуу;
2) Президентти шайлоону дайындоо;
3) Конституциянын тогузунчу бөлүмүндө аныкталган тартипте, Конституциянын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4) мыйзамдарды кабыл алуу;
5) Президенттин каршы пикирлери менен кайтарылган мыйзамдарды кайра кароо;
6) Өкмөттүн ишин контролдоону жүзөгө ашыруу;
7) мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
8) мыйзамда аныкталган тартипте, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечүү;
10) республикалык бюджетти бекитүү;
11) республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү;
12) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечүү;
13) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;
14) Өкмөттүн программаларын кароо жана бекитүү, Өкмөттүн коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мүчөлөрүн - мамлекеттик органдардын жетекчилерин албаганда, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо; Премьер-министр тарабынан киргизилген Өкмөт мүчөсүнүн бош кызмат ордуна талапкерди жактыруу;
15) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүү;
16) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
17) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алуу;
18) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо; конституциялык мыйзамда каралган учурларда, Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызмат ордунан бошотуу;
19) мыйзамда белгиленген тартипте, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү;
19-1) Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин түзүү;
20) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлоо; мыйзамда каралган учурларда, аны кызмат ордунан бошотуу;
21) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо: курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча; мыйзамда каралган учурларда, аларды кызмат орундарынан бошотуу;
22) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлоо: курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бнрин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча; мыйзамда каралган учурларда, аларды кызмат орундарынан бошотуу;
23) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда, кызмат ордунан бошотуу; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;
24) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда кызмат орундарынан бошотуу; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;
24-1) Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин (мындан ары - Улуттук борбор) мүчөлөрүн шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда, шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу;
25) Башкы прокурорду дайындоого, аны жазык жоопкерчилигине тартууга жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү;
26) мыйзамда каралган учурларда, Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактыруу;
27) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизүү; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;
28) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү; согуштук абалды киргизүү; согуш абалын жарыялоо; бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;
29) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүү;
30) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилөө;
31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу наамдарын уюштуруу;
32) Президенттин, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угуу;
33) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угуу;
33-1) Улуттук борбордун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу;
34) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угуу;
35) Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иши жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын ар жылдык маалыматын угуу, сот адилеттигин жүргүзүүгө кийлигишпөө жана дайындуу сот иши боюнча отчетту талап кылууга тыюу салуу принцибин сактоо менен жүргүзүлөт:
36) Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коюу; Президентти кызмат ордунан четтетүү тууралуу чечим кабыл алуу;
37) Президент оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбой калган учурда, мамлекеттик медициналык комиссия түзүү;
38) Президент оорусу боюнча өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбогондо, мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
39) Жогорку Кеңештин Төрагасын (Төрайымын) (мындан ары - Төрага), анын орун басарларын, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо; комитеттерди, убактылуу комиссияларды уюштуруу жана алардын курамдарын түзүү; Жогорку Кеңештин кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун угуу жана аларды чакыртып алуу;
40) өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алуу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-, 3-5-, 8-13, 30-, 31-пункттарында каралган Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу, ал эми 32-пунктту кошпогондо, башка ыйгарым укуктары токтомдор менен ишке ашырылат.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
(КР 2012-жылдын 12-июлундагы № 105, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 2017-жылдын 8-августундагы № 172, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги №07-р чечими
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2017 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 июля 2012 года № 105 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (20)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги №07-р Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын кайрылуусуна байланыштуу…Решение · 24.04.2019 · № 07-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 2-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү Мирбек Исамаматович Арзиевдин жана…Постановление · 02.04.2019
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3575-VI "2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасын бекитүү…Постановление · 26.02.2020 · № 3575
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3296-VI "2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 17.10.2019 · № 3296-VI
- Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1963-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө…Постановление · 02.11.2017 · № 1963-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3574-VI "2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасынын аткарылышынын…Постановление · 26.02.2020 · № 3574-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 28-январындагы № 4706-V "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Боромбаева Токтокан Жолуевнаны ээлеген кызмат ордунан…Постановление · 28.01.2015 · № 4706-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5404-V "2014-жыл үнүн Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы…Постановление · 29.06.2015 · № 5404-V
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 418-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу маселеси боюнча Кыргыз…Постановление · 06.04.2016 · № 418-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 6-июнундагы № 2464-VI "Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын маалыматы…Постановление · 06.06.2018 · № 2464-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2591-VI "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 26.09.2018 · № 2591-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-мартындагы № 3630-VI "Г.О.Жамгырчиеваны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2020 · № 3630-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 4537-VI "2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун…Постановление · 28.04.2021 · № 4537-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4631-VI "Колопов Альберт Сексенбаевичти Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарынын кызмат ордуна шайлоо…Постановление · 03.06.2021 · № 4631-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 98-VII "А.Б.Абдрахматованы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 02.03.2022 · № 98-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 1821-V "2010, 2011-жылдардагы сот тутумунун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу…Постановление · 12.04.2012 · № 1821-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 385-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен Кыйноолорду жана башка катаал…Постановление · 30.06.2022 · № 385
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 440-VI · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 438-VI · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 439-VI · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (6)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги №07-р Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын кайрылуусуна байланыштуу…Решение · 24.04.2019 · № 07-р
- 2015-жылдын 20-майындагы № 106 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163…Закон · 01.12.2017 · № 197(2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.07.2012 · № 105
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Закон · 28.07.2017 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 08.08.2017 · № 172 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>