28-берене. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө өздөрү жазуу жүзүндө арыз бергенде (кызматтан кетиши);
2) депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганда;
3) Жогорку Кеңеш чакыртып алганда.
2. Комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын тексти төрагалык кылуучу тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланат жана эске алынат.
3. Депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет.
4. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине фракциянын демилгеси боюнча, Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана 72 сааттан эрте эмес жана тиешелүү арыз берген күндөн кийин бешинчи күндөн кечиктирбестен каралышы керек.
5. Жогорку Кеңештин комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төраганын орун басарын чакыртып алуу жөнүндө токтому катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.
6. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын чакыртып алуу жөнүндө сунуш бир эле фракция тарабынан жылына бирден көп эмес киргизилиши мүмкүн.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 14-ноябрындагы № 3572-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин…Постановление · 14.11.2013 · № 3572-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 549-VII "Ч.А.Айдарбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана…Постановление · 20.10.2022 · № 549-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4185-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2014 · № 4185-V · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кенешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4185-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2014 · № 4185-V · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 22-майындагы № 3098-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.05.2013 · № 3098-V · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>