27-берене. Комитеттин ишинин милдеттүү шарттары жана чектөөлөр
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 июля 2012 года № 105
27-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 27-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамынын эң аз санын 5 депутат түзөт.
2. Комитеттин мүчөлөрү комитеттин жыйналыштарына катышууга милдеттүү.
3. Комитеттин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү болот. Комитет чечимди комитеттин катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүгү менен кабыл алат.
4. Фракция ар бир комитетте өзүнүн өкүлчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү, мында бир комитеттеги анын өкүлдөрүнүн саны чечүүчү добушу бар 4 мүчөдөн ашпоого тийиш.
5. Депутат ушул берененин 6-бөлүгүндө жана ушул Регламенттин 32-беренесинде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, бир гана комитетте турат.
6. Бардык комитеттерде анын мүчөлүгүн камсыз кылууга саны мүмкүнчүлүк бербеген фракциянын депутаттары, фракциянын сунушу боюнча чечүүчү добуш укугу менен эки комитетте турушат. Мында бул фракциянын комитеттин курамындагы мүчөлөрүнүн саны чечүүчү добуш берүү укугу бар бир мүчөдөн ашпашы керек.
7. Депутат кеңеш берүүчү добуш укугу менен, өзү мүчөсү болуп саналбаган комитеттердин ачык жыйналыштарына катышууга укуктуу.
8. Аппараттын эксперттик жана лингвистикалык кызматтарынын корутундусу жок мыйзам долбоорлорунун жооптуу комитет тарабынан алдын ала кароосуна жол берилбейт.
9. Эгерде каралуучу маселелердин мүнөзү жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, комитеттин жыйналышы ачык өткөрүлөт. Жабык жыйналышка комитет тарабынан чакырылган адамдар катышууга укуктуу.
10. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, комитеттер жыйналыш күнүнө чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен, жыйналыштын күн тартиби, өтүүчү убактысы жана орду жөнүндө маалыматтарды маалымат керегесине жана Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырат.
11. Президент, Премьер-министр, алардын Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү, Акыйкатчы (Омбудсмен), Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин төрагасы комитеттин ачык жана жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу.
12. Комитеттин ачык жыйналышына эксперттер, кызыкдар адамдар, ошондой эле Жогорку Кеңеште аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттары катышууга укуктуу.
13. Комитеттин жыйналышына талапкерликтери Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга жаткан адамдар чакырылышы мүмкүн.
14. Комитеттин жыйналышына катышкандар ушул Регламенттин 145-беренесинин талаптарын сактоого милдеттүү.
(КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 82, 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 июля 2012 года № 105 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июня 2012 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
12.07.2012 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Премьер-министр, алардын Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү, Акыйкатчы алынып салынды: (Омбудсмен) кошулду: (Омбудсмен), Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин төрагасы комитеттин ачык жана жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу.
12. … талаптарын сактоого милдеттүү.
(КР 2012-жылдын 15-июнундагы № алынып салынды: 82 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 82, 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4185-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2014 · № 4185-V · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кенешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4185-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2014 · № 4185-V · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-27" title="27-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>