157-берене. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 33-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча берүү жолу менен, ошондой эле Жогорку Кеңештин сайты аркылуу камсыз кылынат.
Телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча маалыматтардын убактысы жана көлөмү Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталат.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитациялоо шартында Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарына катыша алат.
Аккредитациялоонун шарттары жана тартиби, андан ажыратуунун негиздери Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү жобо менен каралат.
3. Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарын киного, видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
157-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 20-декабрындагы № 2625-V "Парламенттик радионун уктуруу зонасын кеңейтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.12.2012 · № 2625-V
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 486-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймактарын парламенттик…Постановление · 21.04.2016 · № 486-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 1338-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймактарын парламенттик…Постановление · 09.02.2017 · № 1338-VI
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-157" title="157-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>