Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы „Кыргыз Республикасынын аймактарын парламенттик радио менен камтуу зонасын кеңейтүү жөнүндө“ № 192-V токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-апрели № 486-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймактарын парламенттик радио менен камтуу зонасын кеңейтүү жөнүндө" № 192-V токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 1338-VI токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 157-беренесинин негизинде, ошондой эле парламенттик радионун ишин оптималдаштыруу жана кеңейтүү максаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймактарын парламенттик радио менен камтуу зонасын кеңейтүү жөнүндө № 192-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы (А.А.Кожомкулов) "КТРК - биринчи радио" менен келишимди бузсун, бошотулган каражаттарды парламенттик радиону уктуруу зонасын кеңейтүү максатында зарыл жабдууларды сатып алуу үчүн Радиорелеялык магистралдар, телекөрсөтүү жана радио уктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмесинин (РМТР РӨБ) ААКсына багыттасын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы "Парламент" радиосун уктурууну республиканын аймактары боюнча туруктуу жайылтууга талап кылынган финансылык каражаттардын суммасына ылайык РМТР РӨБ менен жыл сайын Келишим түзсүн. (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 1338-VI токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине (И.Ш.Омуркуловго) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
Н. Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 1338-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын аймактарын парламенттик…Постановление · 09.02.2017 · № 1338-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 18-февралындагы № 192-V "Парламенттик радионун Кыргыз Республикасынын аймагын камтуу зонасын кеңейтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2011 · № 192-V · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.