127-берене. Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн дайындоо жана кайра чакыртып алуу
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жогорку Кеңеш парламенттик көпчүлүктүн жана азчылыктын тең салмактуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен өзүнүн өкүлдөрүн консультациялык-кеңеш берүүчү органдарга дайындайт.
2. Консультациялык-кеңеш берүүчү органдарга Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн талапкерликтери фракциялардын сунушу боюнча жооптуу комитет тарабынан берилет.
3. Жогорку Кеңеш Өкмөттөгү өзүнүн туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлүн Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жобого ылайык Аппараттын кызматкерлеринин ичинен дайындайт жана бошотот.
4. Өз өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө же баш тартуу тууралуу маселе боюнча Жогорку Кеңеш ачык добуш берүү менен катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен токтом кабыл алат.
5. Жогорку Кеңештин консультациялык-Кеңеш берүүчү органдарынын курамындагы өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу комитеттин төрагасын жана анын орун басарларын кайра чакыртып алуу үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
127-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 4923-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2015 · № 4923-V
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 16-мартындагы № 370-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2016 · № 370-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 822-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына…Постановление · 29.06.2016 · № 822-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 10-майындагы № 1565-VI "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 10.05.2017 · № 1565-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 16-февралындагы № 1648-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамында болуусунун мөөнөтүн…Постановление · 16.02.2012 · № 1648-V
- КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 4-мартындагы № 4845-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 04.03.2015 · № 4845-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-июнундагы № 1735-VI "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын…Постановление · 22.06.2017 · № 1735-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2589-VI "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 26.09.2018 · № 2589-VI · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 27-февралындагы №2815-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 27.02.2013 · № 2815-V · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-марты № 3883-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 06.03.2014 · № 3883-V · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-мартындагы № 3611-VI "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 05.03.2020 · № 3611-VI · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-127" title="127-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>