126-1-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кенешинин мүчөлөрүн шайлоонун жана мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 23-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин эки ай мурда Координациялык кеңештин төрагасы бул тууралуу Төрагага кабарлайт жана парламенттик көпчүлүктөн жана парламенттик оппозициядан Координациялык кеңештин жаңы мүчөлөрүн шайлоону сунуш кылат.
2. "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен Акыйкатчы (Омбудсмен) Координациялык кеңештин биринчи курамын түзүү жөнүндө Төрагага парламенттик көпчүлүктөн жана парламенттик оппозициядан Координациялык кеңештин мүчөлөрүн шайлоо тууралуу сунуш жиберет.
3. Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер депутаттар, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын депутаттык фракциялары, ошондой эле саясий партиялар тарабынан сунушталышы мүмкүн.
4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин мүчөлөрү парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тарабынан шайланат.
Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын жыйналыштары өз-өзүнчө өткөрүлөт жана алардын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышканда укук ченемдүү болуп эсептелет. Тиешелүүлүгүнө жараша парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын мүчөлөрүнүн көбүрөөк сандагы добушуна ээ болгон парламенттик көпчүлүктөн талапкер жана парламенттик оппозициядан талапкер Координациялык кеңештин курамына шайланган болуп эсептелет. Талапкерлер боюнча добуш берүү ачык жүргүзүлөт.
5. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте анын Жогорку Кеңештин депутатынын кызматындагы ыйгарым укуктары токтотулган учурда, мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Бул учурда Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын токтолушу жөнүндө чечим тиешелүүлүгүнө жараша парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тарабынан кабыл алынат.
6. Координациялык кеңештин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин мүчөсүн кайра чакыртып алууну жүзөгө ашырат. Бул учурда Жогорку Кеңеш Координациялык кеңештин мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин корутундусу болгондо, катышкандардын көпчүлүгүнүн добушу менен, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен чечет.
(КР 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
126-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-126-1" title="126-1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>