125-берене. Кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 23-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 февраля 2014 года № 30
1. Жогорку Кеңеш Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын, Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагаларын жана мүчөлөрүн, Акыйкатчыны (Омбудсменди) алар тарабынан өз каалоосу боюнча кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арыз берилген учурда катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен бошотот.
2. Жогорку Кеңеш ачык добуш берүү менен, төмөнкүлөрдү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:
1) Жогорку соттун судьяларын жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын - депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен;
2) Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагаларын жана мүчөлөрүн, Акыйкатчыны (Омбудсменди) - катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен;
3) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын - катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн добушу, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен.
3. Бул сунушту негиздөө менен кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушту төмөнкүлөр берет;
1) Президент - Башкы прокурорго карата;
2) Судьялар Кеңешинин сунушунун негизинде Президент - Жогорку соттун судьяларына жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына карата;
3) Президент, эки фракция, эки комитет - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө карата;
3-1) Кыргыз Республикасынын Президенти, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция ушул Мыйзамда каралган учурларда - Эсептөө палатасынын мүчөсүнө (аудиторуна) карата;
4) Жогорку Кеңештин фракциялары - Акыйкатчыга (Омбудсменге) карата;
5) Акыйкатчы (Омбудсмен) - өзүнүн орун басарларына карата.
4. Эгерде тиешелүү чечим үчүн ачык добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси добуш берсе, Президентке Башкы прокурорду кызматынан бошотууга Жогорку Кеңеш тарабынан макулдук берилген болуп эсептелет.
5. Жогорку Кеңеш депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча, ачык добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу жана мыйзам менен каралган учурларда, Башкы прокурорду кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
6. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш тармактык комитет тарабынан 10 күндүк мөөнөттө, бирок сунушту алгандан кийин 7 күндөн эрте каралбайт.
Башка комитеттер жана фракциялар талкуулоо өткөрүүгө жана жооптуу комитет тарабынан маселе каралганга 3 күн калганга чейин жооптуу комитетке корутунду берүүгө укуктуу.
7. Жогорку Кеңеш кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени, ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин 5 күндөн кечиктирбестен карайт.
8. Эгерде Жогорку Кеңештин сессиясы көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин жабылган учурда, ушул берененин 6- жана 7-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактоо менен маселе кезексиз сессияда каралууга жана чечилүүгө тийиш.
(КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
125-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 февраля 2014 года № 30 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.02.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…судьяларына карата;
3) Президент, эки фракция, эки комитет - алынып салынды: Эсептөө палатасынын жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө кошулду: карата;
3-1) Кыргыз Республикасынын Президенти, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция ушул Мыйзамда каралган учурларда - Эсептөө палатасынын мүчөсүнө (аудиторуна) карата;
4) Жогорку Кеңештин фракциялары - Акыйкатчыга (Омбудсменге) … менен маселе кезексиз сессияда каралууга жана чечилүүгө тийиш.
кошулду: (КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (16)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25-июнундагы № 5327-V "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Аманбаев Бактыбек Абдилашимовичти кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу…Постановление · 25.06.2015 · № 5327-V
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 168-VI "Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн милдетинен мөөнөтүнөн…Постановление · 13.01.2016 · № 168-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 251-VI "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Кожошев Мухтар Тажибаевичти кызмат ордунан мөөнөтүнөн…Постановление · 10.02.2016 · № 251-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-сентябрындагы № 1842-VI "Т.С.Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу…Постановление · 06.09.2017 · № 1842-VI
- Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2090-VI "К.К.Кулматовду Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда…Постановление · 13.12.2017 · № 2090-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 2518-VI "Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу К.Т.Оторбаевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын…Постановление · 27.06.2018 · № 2518-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 4073-VI "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Арипов Назарали…Постановление · 03.09.2020 · № 4073-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы № 4132-VI "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Абдрахматова Атыр…Постановление · 28.10.2020 · № 4132-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № 4861-VI "Т.С.Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн…Постановление · 29.09.2021 · № 4861-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4943-VI “Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу Т.Б.Мамытовду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын…Постановление · 20.10.2021 · № 4943-6
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3419-V "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу"…Постановление · 27.06.2013 · № 3419-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-апрелиндеги № 3977-V "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан З.М.Асанкожоеваны өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда…Постановление · 16.04.2014 · № 3977-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-январындагы № 4687-V "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованы кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.01.2015 · № 4687-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2346-VI "И.Ы.Жолдубаеваны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү…Постановление · 11.04.2018 · № 2346-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4120-VI "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А.Джамшитовду кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.10.2020 · № 4120-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 386-VII "Кызмат ордунан бошотуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу Г.О.Жамгырчиеваны Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.06.2022 · № 386-VII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-125" title="125-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>