Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-05-31.
КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 18-февралы № 30 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 9-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасынын түзүмү, мамлекеттик кызматчыларынын чектелген штаттык саны жана штаттык ырааттамасы Эсептөө палатасынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин макулдугу менен Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекитилет.".
2. 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Эсептөө палатасынын мүчөлөрү тарабынан жетектелүүчү аудитти жүзөгө ашыруу боюнча иш план аудиттелүүчү объектинин адистешүү багыттарын эсепке алып, ар жылкы милдеттүү ротациялоо шарты менен түзүлөт.".
3. 12-статьянын 5-бөлүгүндө:
4-пункту "натыйжалуулугу жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде Эсептөө палатасынын финансылык иши тууралуу" деген сөздөр менен толукталсын; 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11) отчеттук мезгил үчүн Эсептөө палатасынын төрагасынын отчетун мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө бекитет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберет.".
4. 23-статьяда:
5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын: "9) ушул Мыйзамдыи 22-статьясынын талаптары бузулганда."; 6-бөлүгүндө "Эсептөө палатасынын төрагасынын сунушу боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 26-статьяда:
1-бөлүгү "аудит жүргүзүү үчүн" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик аудит жана контроль, экономика, финансы жана укук жаатында жана башка багыттарда 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар" деген сөздөр менен толукталсын; 4-бөлүгү "аткаруу үчүн" деген сөздөрдөн кийин "алардын жеке жоопкерчилигине" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 50-статьянын экинчи бөлүгү "отчет даярдайт" деген сөздөрдөн кийин "жана Эсептөө палатасынын Кеңеши аны бекиткенден кийин бир жуманын ичинде Эсептөө палатасынын расмий сайтына аны жайгаштырат" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
2-берене.
(КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 31.05.2023 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 31.05.2023 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106