114-1-берене. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин мониторинги жана аларга баа берүү
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жогорку Кеңештин комитеттери мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышына контролдоо жүргүзүү максатында алардын тармагына таандык кылынган кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин мониторингин жана аларга баа берүүнү жыл сайын жүргүзөт.
2. Кабыл алынган мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин мониторингин жана алардын натыйжалуулугуна баа берүүнү жүргүзүү максатында комитеттер мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан, ошондой эле менчигинин формасына карабастан, башка уюмдардан маалымат суратып алууга укуктуу, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди тартышы мүмкүн.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жана баа берүүнүн жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Жогорку Кеңештин расмий сайтына отчеттон кийинки жылдын 1-майынан кечиктирилбестен жарыяланат. (КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
114-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-114-1" title="114-1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>