114-берене. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда комитеттердин укуктары
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Өздөрүнүн, каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында комитеттер мыйзамдардын жоболорун жана Жогорку Кеңештин чечимдерин бузуу же болбосо аткарбоо фактылары боюнча, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ башка маселелер боюнча мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу.
2. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын текшерүүдө комитеттер өздөрү жүргүзүп жаткан иш-чараларга катышууга контролдоо-көзөмөлдөө функциялары берилген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле мамлекеттик эмес аудитордук кызматтардын өкүлдөрүн жана айрым адистерди тартууга укуктуу.
3. Комитеттер мамлекеттик бюджеттен каржылоо алган мамлекеттик органдардан жана уюмдардан же мамлекеттик органдын функцияларын же болбосо функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган, мамлекеттик менчиктин үлүшү бар ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан документтерди жана материалдарды суратып алууга, ошондой эле алардын кызмат адамдарын жыйналыштарга чакырууга укуктуу.
4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын кызмат адамдары комитеттерге алар сураткан документтерди, материалдарды, маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
5. Суралган документтердин жана материалдардын жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускалары же көчүрмөлөрү Жогорку Кеңештин комитеттерине бир айдан ашпаган мөөнөттө берилиши керек.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
114-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-114" title="114-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>