Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-02-25.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 24-февралы № 65
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 224-статьяда:
статьянын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "224-статья. Айдоочулардын белгиленген тартипте катталбаган, өз алдынча алып салган, стандарттык эмес, окулбай турган, башка нерселер менен атайын жабылып коюлган, Мамлекеттик желек түшүрүлгөн жери тешилген же жасалма номерлик белгиси бар, ошондой эле мамлекеттик номерлик белгини бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги түшүрүлгөн жери көзөлгөн транспорт каражаттарын башкаруусу"; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги түшүрүлгөн жерге мамлекеттик номерлик белгини бекитүү үчүн жасалган көзөнөгү бар транспорт каражатын айдоо - бир эсептик көрсөткүчкө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- алты айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууга зарыл ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.