52-берене. Жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатынын ордун ээлөө
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2024 года № 158
1. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен төмөнкүлөргө өткөрүлүп берилет:
1) тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге;
2) (КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) пропорциялуу система боюнча шайлоодо талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган талапкердин (талапкерлердин) каршылыгы жок болгондо, саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесинен талапкерге же болбосо эгерде саясий партиянын жетектөөчү органы бош мандат пайда болгон күндөн тартып 3 күндүн ичинде ушундай укуктан пайдаланбаса, саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерге.
11. Пропорциялуу система боюнча шайланган депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты кийинки катталган талапкерге берилет:
1) аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда аял жынысындагы талапкерлердин арасынан;
2) эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда эркек жынысындагы талапкерлердин арасынан.
Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы адамдардын талапкерлери жок болгон учурда, депутаттын мандаты ошол эле тизмедеги талапкерге кезек боюнча берилет.
12. Мандаттарды резервге калтыруунун негизинде мандат алган депутат-аялдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган кийинки талапкер аялга мандат берилет. Эгерде талапкер аялдар калбай калса, мандат ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык бөлүштүрүлөт.
2. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) депутаттын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арызы берилгенде;
11) депутатта арызды жеке өзү берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу адам тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө депутаттын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн арызын берет;
2) ушул Мыйзам менен каралган кызмат орундарын айкалыштыруу мүмкүн эмес болгон жагдай келип чыкканда;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары, же болбосо башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде, анда жашоо депутаттык иш-милдеттерди туруктуу жана натыйжалуу аткарууга мүмкүн болбогондо;
4) жарандыктан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо, башка жарандыгы бар болгон факты табылганда же болбосо башка жарандыкты алганда;
5) депутаттык мандатты белгиленген тартипти бузуу менен алуу фактылары табылганда (шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу же шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу);
6) соттун чечими боюнча депутат аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
7) депутатка карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;
8) депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегенде;
9) депутат каза болгондо же аны дайынсыз жоголду же өлдү деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
10) кеңеш таркатылганда;
11) жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоо учурунда пассивдүү шайлоо укугу жоктугунун факты белгиленгенде.
3. Эгерде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер калбай калган учурда, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.
4. Эгерде пропорциялуу шайлоо округу боюнча саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбай калган учурда, мандат тиешелүү жергиликтүү кеңешке кийинки шайлоого чейин бош калат.
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы № 16, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2015-жылдын 17-февралындагы № 34, 2016-жылдын 21-январындагы № 8 , 2019-жылдын 8-августундагы N 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 февраля 2015 года № 34 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 февраля 2013 года № 16 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (427)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 28-январы № 8 "Кара-Суу, Токтогул жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын…Постановление · 28.01.2026 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 56 "Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул…Постановление · 29.04.2026 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 18-марты № 46 "Майлуу-Суу, Талас, Айтматов, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо…Постановление · 18.03.2026 · № 46
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 68 "Ак-Талаа, Чүй, Жайыл, Ысык-Ата, Баткен, Лейлек, Кадамжай…Постановление · 16.06.2026 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 20-майындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 20.05.2024 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 18.04.2024 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-июнундагы № 74 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 29.06.2024 · № 74
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 42 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 30.04.2024 · № 42
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынынын 2026-жылдын 12-майындагы № 60 "Аламүдүн, Ысык-Ата, Кемин, Жумгал, Бакай-Ата, Манас шаардык…Постановление · 12.05.2026 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 28-майындагы № 64 "Бишкек, Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас, Кара-Кулжа…Постановление · 28.05.2026 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 69 "Араван, Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык…Постановление · 23.06.2026 · № 69
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 26.09.2025 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 16-ноябрындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 16.11.2025 · № 142
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 197 "Бишкек, Сокулук, Жайыл, Майлуу-Суу,Тогуз-Торо, Кара-Көл…Постановление · 30.12.2025 · № 197
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 12-январы № 1 "Панфилов, Ноокат, Алай, Токтогул жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо…Постановление · 12.01.2026 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 10-марты № 37 "Панфилов, Ысык-Көл, Талас, Ноокен, Алай жана Ноокат аймактык…Постановление · 10.03.2026 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 51 "Москва, Панфилов, Чүй, Талас, Бакай-Ата, Ноокен, Өзгөн, Ош…Постановление · 14.04.2026 · № 51
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 29.08.2025 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 47 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 28.07.2025 · № 47
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынынын 2026-жылдын 19-майындагы № 61 "Бишкек, Ысык-Көл, Кочкор, Ноокен, Аксы, Ноокат, Кара-Суу…Постановление · 19.05.2026 · № 61
427 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 21.11.2014 · № 158
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-52" title="52-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>