53-берене. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2024 года № 158
1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын, өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейинтиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет:
1) партиянын аталышын көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;
2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган өзүн талапкерлеринин тизмесине киргизүүгө макулдугу жөнүндө арызын жана өзү жөнүндө маалыматтар бар атайын форманы (биографиялык жана башка маалыматтарды);
3) талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же жашаган жеринен маалымкаттарын;
4) саясий партия тарабынан шайлоо күрөөсү төгүлгөндүгүн ырастоочу документти;
5) башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу жөнүндө декларацияны;
6) ар бир талапкер тарабынан толтурулган, мыйзамдарда белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана текшерүүгө макулдук.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана ушуга байланыштуу өз алдынча өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды жазууга, ушул Мыйзамда каралган башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок талапкер көрсөтүлгөн учурда ушул адам башка адамдын жардамын колдонууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам көрсөткөн адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан ырасталууга тийиш же болбосо жетекчинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди берген ыйгарым укуктуу өкүлгө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндөгү ырастоону берүүгө милдеттүү.
3. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар документтерди берүү менен бир эле убакта өздөрүнүн шайлоо фонддорунун каражаттарынын эсебинен Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине ушул Мыйзамдын 50-беренесинде белгиленген өлчөмдөгү шайлоо күрөөсүн төгүшөт.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Көрсөтүлгөн текшерүү анын ичинде мыйзамдар менен бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Мында шайлоо комиссиясы документтерде талапкерлерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган толук эместиктерди жана (же) ылайык келбестиктерди тапса, шайлоо комиссиясы документтер алынгандан кийин 48 сааттын ичинде талапкерге бул ылайык келбестиктер жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
5. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашыкка каттоого жол берилбейт.
6. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калгандан аяктайт.
7. Талапкерлердин тизмесин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн саясий партиянын, шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө чечим кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде берүүгө милдеттүү.
8. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялар тарабынан анык эмес маалыматтарды берүү фактысын белгилөө, аныктоо шайлоо процессинин бардык стадиясында каттоону жокко чыгарууга алып келет.
81. Талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат:
1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо:
2) талапкерде же талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
3) ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын тизмесинде катталгандыгынын фактысынын бар экендиги;
4) саясий партиянын, өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;
5) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгынын же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу;
6) (КР 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Эгерде саясий партиянын, ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл бардык документтерди бербесе, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берсе, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.
9. Талапкерлердин тизмесин киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул берене менен каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу аларды ырасталган талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу үчүн гана негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн.
10. Талапкерди, талапкерлер тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
11. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиялардан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесинин катталгандыгы жөнүндө кабарлоону басма сөздө жарыялайт.
12. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге каттоо датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
53-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 10 апреля 2021 года № 61 "О заявлении политической партии «Айкол Кыргызстан»Решение · 10.04.2021 · № 61
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 132 токтому "Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын ишин карап чыгуу…Постановление · 31.10.2012 · № 132
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 152 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын…Положение · 11.10.2016 · № 152
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону…Постановление · 11.10.2016 · № 152
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо…Постановление · 11.10.2016 · № 153
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 29 августа 2011 года № 205 "Об утверждении форм и образцов документов по выборам депутатов местных…Постановление · 29.08.2011 · № 205
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 7 апреля 2021 года № 50 "О заявлении политической партии «Партия Труда» («Эмгек Партиясы»)"Решение · 07.04.2021 · № 50
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-53" title="53-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>