22-берене. Шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 января 2025 года № 17
1. Шайлоочуларды маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт шайлоону маалымат жагынан камсыздоого кирет жана жарандардын эрк-ниетин аң-сезимдүү жана эркин билдириши менен шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшөт.
2. Шайлоочуларга маалымдоону мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарга өз убагында жана анык маалымат берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларды маалымдоо боюнча зарыл атайын чараларды колдонушат. Бул үчүн маалыматтык материалдар сурдокотормону же субтитрди колдонуу менен укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө) даярдалып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарын пайдалануу менен даярдалууга тийиш. Шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында турган шайлоочуларга маалымдоо шайлоо комиссиялары тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жүзөгө ашырылат.
21. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күн калганда шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка жеткиликтүү ыкмалар аркылуу шайлоочулардын тизмеси менен таанышуу, өз маалыматтарын шайлоочулардын тизмесинен тактоо зарылчылыгы жөнүндө маалымдоого милдеттүү. Мамлекеттик телерадио уюмдар, республикалык бюджеттен каржылануучу башка телерадио уюмдар, санариптик берүүнүн социалдык топтомуна кирген телерадио уюмдар шайлоочуларды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүү жөнүндө, добуш берүүгө катышуу тартиби тууралуу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоо процессинин жүрүшү жана шайлоо процессинин башка маселелери тууралуу маалымдоо үчүн шайлоо комиссияларына жетиштүү көлөмдө акысыз эфир убактысын берүүгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн, катталган талапкерлер жөнүндө, талапкердин жана саясий партиянын шайлоо фондусуна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу, шайлоо фондунда талапкерлердин жана саясий партиялардын финансылык отчеттору жөнүндө шайлоочуларды маалымдоону шайлоо комиссиялары жүргүзөт.
22. Шайлоочуларга маалымдоо максатында талапкерлер жана саясий партиялар талапкерди, талапкерлердин тизмелерин тиешелүү шайлоо комиссиясында каттаган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен программаны кагаз жана электрондук түрүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде тиешелүү шайлоо комиссиясына беришет. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин, саясий партиялардын программаларын расмий сайтка жарыялайт.
Шайлоочуларды маалымдоого мыйзамдарда белгиленген чектерде гана жол берилет жана шайлоо алдындагы үгүттүн элементтерин же белгилерин камтыбоого тийиш. Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларга маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрөт. Маалымат материалдары сурдокотормо же субтитр колдонуу менен укма, көрмө форматтарда (санариптик алып жүрүүчүлөрдө), окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылууга, ошондой эле Брайль шрифтин жана (же) текст файлдарын үн же тактилдик сигналдарга кайра өзгөртүүчү экранда жеткиликтүү болгон компьютер программалары орнотулган атайын жабдууну (тифлокаражаттарды), ошондой эле башка атайын каражаттарды пайдалануу менен даярдалууга тийиш.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалымат материалдарынын мазмуну калыс, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузууга тийиш эмес, аларда кандайдыр-бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилүүгө тийиш эмес, тигил же бул талапкер, саясий партия үчүн, же болбосо аларга каршы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгилерин камтыбоого тийиш.
Маалыматтык теле жана радио программаларда, мезгилдүү басылмаларда жарыялоолордо (менчигинин түрүнө карабастан) катталган талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтар, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан өткөрүлгөн шайлоо алдындагы иш-чаралар жөнүндө билдирүүлөр өзүнчө маалыматтык блоктор комментарийлерсиз берилүүгө тийиш. Мындай маалыматтык блоктор талапкерлер, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр, саясий партиялар тарабынан төлөнбөйт. Аларда кайсы бир талапкерге же саясий партияга артыкчылык берилбөөгө, кайсы бир талапкерди же саясий партияны, анын ичинде анын үгүт алдындагы ишин чагылдыруу убактысы, мындай билдирүүлөргө берилген эфирдик убакыттын көлөмү же басма аянты боюнча басмырлоого жол берилбөөгө тийиш.
4. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларга маалымдоонун бир түрү болуп саналат. Сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо ушул берененин 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
5. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, жарандар жана уюмдар пикир сурап-билүүнү жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, аны жүргүзүү убактысын, пикири суралгандардын санын (тандамалуу), маалыматты чогултуу усулун, сурап-билүү жүргүзүлгөн регионду, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болгон өксүктөргө статистикалык баа берүүнү, пикир сурап-билүүнү жүргүзүүнү табыштаган жана аны жарыялоого акы төлөгөн жакты көрсөтүүгө милдеттүү.
6. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.
7. Коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын сактабагандык мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөөчү деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
8. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүүдө ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үгүттү эркин жүргүзүү мамлекет тарабынан камсыз кылынат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн ар кандай талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.
Үгүт чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш. Үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык кеңеш жайларды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.
10. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:
1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) талапкерлердин, саясий партиялардын бирине артыкчылык берүүнү билдирүү;
3) талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо;
4) алардын кесипкөйлүк иши же алардын өзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердин иши жөнүндө маалыматтарды таратуу.
11. Шайлоо кампаниясынын мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылуучу шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүүгө укуктуу.
12. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн тең шарттарына кепилдик берилет.
13. Шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
2) концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, телевизиондук дебаттарды жана башка) өткөрүү аркылуу;
3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу, жайгаштыруу жана таркатуу жолу менен;
4) мыйзам менен тыюу салынбаган башка түрлөрдө.
14. Талапкер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин түрүн жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
141. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө диний мазмундагы маалыматтарды колдонууга жана жайылтууга жол берилбейт.
15. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иш менен алектенген уюмдардын уюмдаштыруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуксуз.
16. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле, радио программалардын ретрансляциясы жазуу түрүндө жүргүзүлөт. Талапкерлердин ар-намысын, кадыр-баркын жана иш беделин жаманатты кылган маалыматты таратуучу чет өлкөлүк теле, радио программалардын ретрансляциясына тыюу салынат. Мындай учурларда ушул сыяктуу маалыматтарды таратканы үчүн ретрансляциялоочу жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.
17. Эгерде көрсөтүлгөн жактар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары же интернет-басылманын ээлери жана бир эле маалда талапкерлер же алардын өкүлдөрү болуп саналса, ушул Мыйзамга ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылманын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле, радио программаларды алып барууга, шайлоону ошол жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма аркылуу чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Бул эреже ушул Мыйзамдын 24-беренеси менен каралган тартипте мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлер тарабынан акысыз обо убактысын пайдалануу учурунда үгүттүк чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.
18. Уюмдаштыруучулары (тең уюмдаштыруучулары, ээлери) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
19. Ушул берененин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген нускамаларга ылайык талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын, басма аянтын келишимдик негизде берүүгө укуктуу.
Обо убактысын бергендиги, мезгилдүү басылмада же интернет басылмаларында басып чыгаргандыгы үчүн акынын өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш.
20. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысын, басылма аянтын төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндөгү маалыматтар же интернет-басылмаларда жарыялоо укугу шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет басылмасынын ээси тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына аккредитация максатында берилүүгө тийиш. Берилген маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзүнүн расмий сайтында жалпы маалымат үчүн жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 170, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 , 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167, 2025-жылдын 21-январындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 21 января 2025 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в религиозной сфере"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 сентября 2024 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей", "О статусе депутатов местных кенешей")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2013 года № 170 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
21.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үгүт иштеринин түрүн жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
кошулду: 141. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө диний мазмундагы маалыматтарды колдонууга жана жайылтууга жол берилбейт.
15. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, Жогорку … тарабынан өзүнүн расмий сайтында жалпы маалымат үчүн жарыяланат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 170, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, … 2024-жылдын 2-августундагы № 158 , 2024-жылдын 30-сентябрындагы № алынып салынды: 167 кошулду: 167, 2025-жылдын 21-январындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (25)
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 10 апреля 2021 года № 60 "О жалобе общественного фонда «Общее дело»Решение · 10.04.2021 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-августундагы № 78 "Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке…Постановление · 14.08.2026 · № 78
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2022-жылдын 29-августундагы № 79 "2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.08.2022 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы № 10 "2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас…Постановление · 22.02.2023 · № 10
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 27-октябрындагы № 173 "2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 27.10.2016 · № 173
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 8-февралындагы № 31 "Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары…Постановление · 08.02.2012 · № 31
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 160 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн…Постановление · 20.10.2016 · № 160
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 161 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт…Постановление · 20.10.2016 · № 161
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 162 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт…Постановление · 20.10.2016 · № 162
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 61 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү…Постановление · 12.03.2021 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-февралындагы № 2 "2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 08.02.2023 · № 2
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 89 "2017-жылдын 28-майындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 14.04.2017 · № 89
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 108 "2017-жылдын 28-майындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 04.05.2017 · № 108
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 10 апреля 2021 года № 52 "О жалобе Джандралиева К.М. на протокол Жайылской территориальной избирательной…Решение · 10.04.2021 · № 52
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 9-августундагы № 72 "2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.08.2023 · № 72
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 10 апреля 2021 года № 53 "О заявлении политической партии «Айкол Кыргызстан» в отношении КТРК"Решение · 10.04.2021 · № 53
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 12.03.2020 · № 72
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 2-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо…Постановление · 02.02.2012 · № 25 · Күчүн жоготкон
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону…Постановление · 10.10.2012 · № 115 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 159 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн…Постановление · 20.10.2016 · № 159 · Күчүн жоготкон
25 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-22" title="22-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>