Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 28 июля 2015 года № 83 "Об утверждении Положения о Рабочей группе по вопросам информирования избирателей и иных участников выборов о ходе подготовки и проведения выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-07-28.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 83 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 10-октябры № 115 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ уюштурулсун.
Жумушчу топтун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Н.А.Ашимов дайындалсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн
Төрага
Т.Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 115 токтому менен бекитилген
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө"
ЖОБО
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) алдындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топтун (мындан ары - Жумушчу топ) иш аракетинин тартибин жана формасын аныктайт. Жумушчу топ "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" 6-беренесинин 5, 6-пункттарына, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктуна ылайык түзүлөт. Өзүнүн иш аракетинде Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Жумушчу топтун мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин, адистердин арасынан бекитилет. Жумушчу топтун сандык түзүмү 5 адамдан кем болбош керек. Жумушчу топтун компетенциясына:
- Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилиндеги маалыматтык саясатын белгилөө;
- маалыматтык материалдардын тематикасын иштеп чыгуу (теле жана радио роликтер, баннерлер, теле жана радио берүүлөр);
- маалыматтык материалдарды даярдоочулар менен (теле жана радио роликтер, баннерлер, теле жана радио берүүлөр) келишимдерди түзүү;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык материалдарын чогултуу жана системага келтирүү кирет.
Жумушчу топтун жыйналышын Жумушчу топтун жетекчиси керектүү учурда чакырат. Жумушчу топтун чечимдери коллегиалдуу, Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн белгиленген санынан жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынат. Жумушчу топтун жыйналышы Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн бекитилген санынын жарымынан көбү катышканда ыйгарымдуу деп эсептелинет. Жумушчу топтун чечимдери анын компетенциясына кирген маселелерди ачык талкуулоонун негизинде кабыл алынат. Жумушчу топтун жыйналышына Жумушчу топтун мүчөлөрү болбогон Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, аппарат жетекчиси, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери катышууга жана өз ойлорун билдирүүгө укуктуу. Жумушчу топтун иш аракетин камсыз кылууну Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты ишке ашырат. Чакырылган адистерге шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сыйакы төлөнүшү мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 160 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин…Положение · 20.10.2016 · № 160
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана…Постановление · 28.07.2015 · № 83
- Массалык маалымат каражаттары жөнүндөЗакон · 02.07.1992 · № 938-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон