62-2-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары жана аймактык өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташуусу
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 10-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка кыйла натыйжалуу жана ыкчам кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташа алат жана аларга белгилүү бир ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана башка муниципалдык мүлктү өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташуусу төмөнкүлөргө ээ болушу мүмкүн:
1) бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же мамлекеттик органдын башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишиминин формасына;
2) биргелешкен финансылык макулдашуулардын формасына;
3) биргелешкен ишканалардын жана башка уюмдардын формасына;
4) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка формаларга.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аймактык өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташууга укуктуу.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн кызматташуунун бардык формалары, ошондой эле ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү тийиштүү жергиликтүү кеңеш тарабынан жактырылган шартта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
(КР 2018-жылдын 27-январындагы N 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
62-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кайынды шаардык кенешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 73/XXV-2 «Панфилов раймамадминистрациянын түндүк жагында жайгашкан конференц-залды жана ага тутумдаш жайларды Кайынды…Постановление · 12.12.2018 · № 73/XXV-2
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21 ноябрындагы №135-27 "Муниципалитеттер ортосунда ишкана жөнүндө"токтомуПостановление · 21.11.2019 · № 135-27
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-62-2" title="62-2-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>