Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайынды шаардык кенешинин «Панфилов раймамадминистрациянын түндүк жагында жайгашкан конференц-залды жана ага тутумдаш жайларды Кайынды шаарынын мэриясынын балансынан Панфилов раймамадминистрациясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 12-декабры № 73/XXV-2 «Панфилов раймамадминистрациянын түндүк жагында жайгашкан конференц-залды жана ага тутумдаш жайларды Кайынды шаарынын мэриясынын балансынан Панфилов раймамадминистрациясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесин аткаруу максатында, Панфилов раймамадминистрациясынын 2018 жылдын 3-октябрында “Панфилов раймамадминистрациясынын “Негизги каражаттарды өткөрүп берүү жөнүндө” 25.02.2004-жылдын № 36 токтомун жокко чыгаруу тууралуу № 156-р буйругун карап чыгып, Панфилов районунун мамлекеттик каттоо башкармасынын 2018-жылдын 21-декабрынын № 389 аныктамасын изилдеп көрүп, көрсөтүлгөн имарат Кайынды шаарынын мэриясынын балансында турганы менен муниципалдык менчик катары мамлекеттик каттоодон өтпөгөндүгүн жана аталган объект Панфилов раймамадминистрациясынын узгүлтүсүз бөлүгү болгондугун эске алып, Кыргыз Республикасынын “өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 62-2 беребесинин 1-пунктун негизинде Кайынды шаарынын дупутатарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раймамадминистрациянын түндүк жагында Панфилов раймамадминистрациясынын жайгашкан конференц-залды жана тутумдаш жайлары менен кошуп Панфилов раймамадминистрацисынын балансына өткөруп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кайынды шаарынын мэриясы конференц-залды өткөрү ишке ашырууга комиссия түзүп, ошондой элэ мэриянын муниципалдык менчик объектилеринин реестрине өзгөртүү киргизсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жана каттоодон өткөрүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайынды шаардык кенешинин социалдык туруктуу депутаттык коммисиясына жүктөлсүн
Төрага
У.Б. Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон