11-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын токтото туруу
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституцияга, белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакка тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.
3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Өкмөт анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук ченемсиз актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.
4. Сот тартибинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иш аракеттердин жасалган фактысы аныкталган учурда, Президент жергиликтүү кеңешти таратууга жана кеңештин жаңы курамына шайлоо жарыялоого укуктуу.
5. Жергиликтүү кеңеш ошондой эле Президент тарабынан ушул Мыйзамда каралган учурларда да таратылышы мүмкүн.
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 28-майындагы № 97/XXIX-1 "Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы №95/XXVIII-3 “Калк жашаган аймактагы таштандыларды ташып…Постановление · 28.05.2019 · № 97/XXIX-1
- Каракол шаардык депутаттар кеңешинин Регламенти (Каракол шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-июлундагы № 26-6/7 токтому менен бекитилген)Регламент · 26.07.2012 · № 26-6/2
- Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 4-июлундагы № 153/23-4 "Токмок шаарынын 1 жана 3 кичи райондорунун аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2018 · № 153/23-4
- КР ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТРИНИН 2017-жылдын 18-майындагы № 69 (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тикелей мамлекеттик башкарууну жана анын режимин…Распоряжение · 18.05.2017 · № 69
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-11" title="11-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>