10-берене. Мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагындагы ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 ноября 2011 года № 228
Мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагында мыйзамдарды кабыл алуу жана алардын бир түрдүү аткарылышын жана сакталышын көзөмөлдөө;
2) жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын кабыл алуу;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттин милдеттерин жүзөгө ашыруунун кепилдиктерин камсыз кылуу;
4) мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин мыйзамдарга ылайык жөнгө салуу;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү, ошондой эле аларга мыйзамга же келишимге ылайык айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды, көрсөтүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана финансылык каражаттарды өткөрүп берүү, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жана каражаттардын ишке ашырышын көзөмөлдөө;
6) мамлекеттик минималдуу социалдык ченемдерди белгилөө жана камсыз кылуу;
7) мектепке чейинки билим берүүнү, мектептик жана кесиптик билим берүүнү мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык камсыз кылуу;
8) саламаттык сактоону мамлекеттик стандарттарга ылайык камсыз кылуу;
9) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу, максималдуу бюджеттик камсыз кылуунун негизинде жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыз кылуу;
10) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мамлекеттик бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин натыйжасында пайда болгон кошумча чыгымдарынын ордун толтуруу;
11) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык өз алдынчалыгынын мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу;
12) администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүүнүн, бириктирүүнүн, кайра түзүүнүн жана жоюунун тартибин белгилөө жана өзгөртүү, мамлекеттин администрациялык-аймактык түзүлүшүн эске алуу менен алардын чек араларын, ошондой эле алардын аталыштарын белгилөө жана өзгөртүү;
13) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде ар кыл аймактык деңгээлдердин ортосундагы чектөөнүн жана алып баруу предметтерин жана ыйгарым укуктарды чектөөнүн тартибин белгилөө;
14) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу укугун камсыз кылуу жана коргоо;
15) жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүнүн тартибин жана аларды өткөрүүдө жарандардын шайлоо укуктарынын мамлекеттик кепилдиктерин белгилөө;
16) соттук коргоонун тартибин белгилөө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктарын соттук коргоо;
17) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтерин жөнгө салуу жана белгилөө;
18) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына прокурордук көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
19) мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун зарылдыгы менен шартталган өзгөчө статусу бар аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн мыйзамга ылайык жөнгө салуу;
20) тиешелүү тарыхый жана башка жергиликтүү салттар менен шартталган айрым аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн мыйзамдарга, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу;
21) жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга байланышкан маселелер боюнча администрациялык укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарды кабыл алуу жана өзгөртүү;
22) жергиликтүү жамааттардын уставдарын каттоонун тартибин белгилөө;
23) мамлекеттик жана гуманитардык жардамдын материалдык, акчалай, жана башка түрлөрүн бөлүштүрүүнү уюштуруу;
24) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин курчап турган чөйрөнү сактоо жөнүндө мыйзамдарды аткаруулары, жерди жана жаратылыш ресурстарын пайдалануулары, шаар куруу жана архитектура ченемдерин жана эрежелерин, санитардык ченемдерди сактоолору, экологиялык иш-чараларды жүргүзүүлөрү боюнча иштерин мыйзамдарда белгиленген тартипте көзөмөлдөө;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 31.10.2018 · № 513
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 63 "Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын өнүктүрүү…Постановление · 25.04.2012 · № 63
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 26-августундагы № 126/XXXVI – 5 "Кайынды шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.08.2016 · № 126/XXXVI – 5
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн…Постановление · 29.06.2020 · № 366
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2013 · № 678 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-10" title="10-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>