Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каракол шаардык депутаттар кеңешинин Регламенти (Каракол шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген)
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин.2012-жылдын 26-июлундагы №26-6/2 токтому менен бекитилген.
Каракол шаардык депутаттар кеңешинин регламенти
(Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы № 26-12/5, 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 27-1/2, 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 27-17/1 токтомдоунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана аракеттеги мыйзамдарына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жогорку өкүлчүлүк органы болуп саналат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши-жалпыга бирдей, тең, түздөн-түз шайлоо укугунун негизинде, партиялык тизмелер боюнча шаардын тургундары тарабынан, 4 жылга шайланган, сессияларда иштей турган, 31 депутаттан турат.
2. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары боюнча, анын компетенциясына кирген маселелерди өз алдынча чечет, кабыл алган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат, чечимдердин жүзөөгө ашырышына көзөмөл жүргүзөт.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечимдери, Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы болгон учурда, алар Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары бекиткен тартипте жокко чыгарылат. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши–юридикалык жак, анын мамлекеттик символикасы же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун символикасы бар мөөрү, бланкалары, штампы, банк мекемелеринде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери бар. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши өзүнчө мүлккө, жергиликтүү бюджеттен каржылануу булактарга ээ, өзүнүн атынан мүлктүк жана өздүк мүлктүк эмес укуктарга ээ боло алат жана милдеттерди алып барат.
3. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына каршы эмес кабыл алынган чечимдерин, шаардын аймагында жайгашкан, менчигине карабастан баардык ишканалар, мекемелер, алардын бирикмелери, шаардык өз алдынча башкаруунун кызматкерлери, атуулдар жана шаардын аймагында жашаган атуулдугу жок адамдар аткарууга тийиш.
4. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, анын органдарынын аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Регламент тарабынан аныкталат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формалары төмөнкүлөр: -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиялары; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун отурумдары; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссияларынын, башка шайланган органдарынын отурумдары; -депутаттык бирикмелердин: фракциялардын, фракциялар коалициясынын жана жумушчу топтордун отурумдары; -депутаттык угуулар; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишмердүүлүгүнө байланышкан иш-чаралардын башка формалары, (кеңешмелер, семинарлар, конференциялар ж.б.) Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жогорку органы-сессия. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиялары ачык өткөрүлөт. Ушул Регламентте көрсөтүлгөн учурларда, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши жабык сессияны өткөргөнгө укуктуу. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларынын отурумдары биринчи сентябрдан башталып, кийинки жылдын 31-июнуна чейин болот. 1-июлдан 31-августка чейин депутаттык каникулдар жарыяланат.
5. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенти, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ыйгарым укуктарын аткаруу тартибин, уюштуруусун, ишмердүүлүгүн, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартибин, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин органдарынын түзүлүшүн, анын көзөмөлдүк аракетинин процедурасын жана тартибин бекитет.
6.Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, обьективдүүлүк, саясий көп жактуулук, көп партиялуулук, маселелерди эркин талкуулап, чечимдерди кабыл алуу принциптеринде негизделет. Маселелерди талкуулоого чакырылган адамдар катыша алат.
Биргелешкен ишмердүүлүктү камсыз кылуу жана Каракол шаардык депутаттар Кеңеши карап жаткан маселелер боюнча бирдиктүү көз карашты көрсөтүү максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары, депутаттык бирикмелерди: фракцияларды, фракциялар коалициясын түзө алышат.
II.Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары
7.Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары өзүлөрүнүн милдеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамы, жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, ченемдик укуктук актылары бекиткен кепилдиктердин негизинде жүргүзүшөт.
8. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын кызматтары саясий муниципалдык кызматтарга кирет.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты боло албайт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты мамлекеттик же башка муниципалдык кызматта боло албайт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин алдын-ала берилген макулдугусуз, ишкананын, мекеменин, уюмдун же окуу жайдын администрациясынын демилгеси менен ээлеген кызматынан бошотулбайт жана тартиптик чара түрүндө, маянасы төмөн кызматка которулбайт.
9. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу коюлган күбөлүк менен тастыкталат.
10. Депутаттык мандат төмөнкү учурларда күчүн жогот:
-башка жакка көчүп кетсе жана ал жерде жашоо депутаттык ишти дайыма жана натыйжалуу жүргүзүүгө тоскоол болсо; -депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен токтотсо; -«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштыруу мүмкүн эмес болгондо; -депутаттык мандат бекитилген тартипти бузуу жолу менен алынганы билингенде (шайлоонун жыйынтыгы жараксыз болгондо, же шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганда); -соттун чечими менен депутат жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылса; -депутат каза болсо же соттун аны дайынсыз жоголгону же өлгөнү жөнүндө жарыя боюнча соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенде; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты катары менен төрт жолу сессияга жүйөлүү себептерсиз келбесе. Жүйөлүү себептер төмөнкүлөр: ооруу, жакындарынын каза болушу, мамлекеттик бийлик, Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчиктин түрүнө карабастан кайсы бир мекемелерден кызматтык иш сапарлар. Иш сапарда болгон учурда, келгенден кийин, үч күндүн ичинде, иш сапар күбөлүгүнүн көчүрмөсүн тапшыруу керек. Ооруган учурда, аны тастыктаган документти сессия болгондон кийин он күндө тапшыруу керек; -депутатка карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде; -Каракол шаардык депутаттар Кеңеши таркатылганда.
(Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы № 26-12/5 токтомунун редакциясына ылайык)
11.Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларынын, туруктуу комиссияларынын жана башка Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан түзүлгөн органдардын отурумдарында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты, өзүнө, аялына, ата-энесине, балдарына, бир туугандарына өздүк кызыкчылыгы бар, башкача айтканда материалдык пайда боло турган маселе каралган учурда, добуш берүүгө катыша албайт.
12.Каракол шаардык депутаттар Кеңеши, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында бекитилген ыйгарым укуктарынын чегинде, маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларында төмөнкү негизги маселелер каралат: -жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү; -шаардык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен сырткаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө билдирүүлөрдү угуу; -аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү; -жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды, жеңилдиктерди киргизүү жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында каралган учурларда, алар боюнча чендерди бекитүү; -Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалануу, таштандыларды чыгаруу жана жок кылуу үчүн жыйымдардын тарифтерин бекитүү; -Каракол шаарынын муниципалдык мүлкүн пайдалануу, тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчик объектилерин приватташтыруу программаларын бекитүү жана муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөл жүргүзүү; -тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында, административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; -өкмөт аныктаган калыптык ченемдин негизинде, мэрдин сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү; -Каракол шаарынын мэриясынын жана анын структуралык бөлүкчөлөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчетторун угуу; -Каракол шаарынын Уставын бекитүү; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентин бекитүү; Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасын, анын орун басарларын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу; -аракеттеги мыйзамдарда каралган учурларда, депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу; -өзүнүн чечимдеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү; -Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына жана Каракол шаарынын Уставына ылайык, башка маселелерди чечүү; Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларында кошумча ирээтинде төмөнкү маселелер каралат: -Каракол шаарынын мэрин шайлоо; -Каракол шаарынын мэрине депутаттардын жалпы санынан үчтөн-эки добуш менен ишеним көрсөтпөө; -аракеттеги мыйзам бекиткен салыктын базалык чендеринин алкагында, шаардын жерлерине салыктын жиктелген (дифференциалдуу) чендерин бекитүү;
13.Аймакта жашоону камсыз кылуу тутамынын иштешин, өнүгүшүн, социалдык экономикалык пландоону жана калкка социалдык маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу жана өнүктүрүү максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын карамагына төмөнкү маселелер кирет:
1). тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу;
2). муниципалдык менчикти башкаруу;
3). жергиликтүү бюджетти калыптандыруу, бекитүү, аткаруу;
4). калкты ичүчүү суу менен камсыз кылуу;
5). канализация тутамынын жана тазалоочу курулмалардын иштешин камсыз кылуу;
6). калктуу пункттарда муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7). көпчүлүк пайдалана турган жайларды жарык кылуу;
8). бейиттердин иштешин камсыз кылуу жана ырымдык кызматтарды көрсөтүү;
9). көпчүлүк пайдалана турган жайларды көрктөндүрүү, жашылдандыруу;
10). парктардын, спорттук курулмалардын, эс алуу жайлардын иштешин камсыз кылуу;
11). таштандыларды жыйноо, чыгаруу жана иштетүү;
12). муниципалдык унаалардын иштешин камсыз кылуу жана калктуу пунктар чегинде коомдук унаалардын ишин жөнгө салуу;
13). жергиликтүү маанидеги маданий, тарыхый эстеликтерди сактоо;
14). жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15). калктуу пунктун аймагында жерди пайдалануу жана курулуш жүргүзүүнүн эрежелерин бекитүү;
16). Кыргыз Республикасындагы аракеттеги мыйзамдарына ылайык, калктуу пунктун аймагында жарнаманы жайгаштыруу;
17). коомдук тартиптин сакталышына өбөлгө түзүү;
18). эл чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19). бош убакытты өткөрүү үчүн шарттарды түзүү;
20). балдар, жаштар менен иш чараларды уюштуруу;
21). дене тарбия жана массалык спортту; өнүктүрүүгө шарттарды түзүү;
22). өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга, алардын кесепеттерин жоюууга өбөлгө түзүү;
23). тиешелүү аймакта жылуулук менен камсыз кылууну уюштуруу;
III. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы жана анын орун басарлары
14.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 4 бабынын 37 беренесине ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында, көпчүлүк фракциясынын же фракциялар коалициясынын депутаттарынын ичинен, жашыруун добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, жергиликтүү Кеңештин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат.
Шайлоо алдында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагалыгына талапкер болгон депутат, депутаттардын алдында өзүнүн программасы менен сүйлөп чыгат жана суроолорго жооп берет. Ар бир Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагалыгына талапкерге сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин, суроолорго жооп берүү үчүн 10 мүнөткө чейин жана корутунду сөз үчүн 3 мүнөткө чейин убакыт берилет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагалыгына талапкерди колдогон же каршы болгондорго 3 мүнөткө чейин берилет. Талкуу бүткөндөн кийин, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагалыгына талапкерлердин, талапкерликтен баш тарткандан башкасынын, фамилиялары, бюллетенге алфавиттик тартипте киргизилет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагалыгына талапкер, анын кандидатурасы жашыруун добуш берүү бюллетенине киргенге чейин баш тарта алат. Баш тартуу добуш берүүсүз кабыл алынат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, эгерде ал үчүн депутаттардын жалпы санынан көпчүлүгү добуш берсе, шайланган болуп эсептелет. Эгерде бюллетенге экиден көп талапкер киргизилсе жана бирөөсү дагы талап кылынган депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добушту ала албаса, эң көп добуш алган эки талапкер боюнча кайрадан добуш берүү жүргүзүлөт. Эгерде, бул учурда дагы, талапкерлердин бирөө дагы керектүү добуштарды ала албаса, жаңы талапкерлер көрсөтүлөт. Добуш берүү процедурасы кайталанат. Эгерде, бюллетенге экиден көп эмес талапкер киргизилсе жана алардын бирөөсү дагы депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добушту ала албаса жаңы талапкерлер көрсөтүлөт. Бюллетенге киргизилген жана керектүү добуштарды ала албаган депутаттар, шайлоого талапкер катары катышуу үчүн бул сессияда экинчи ирет көрсөтүлбөйт. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы башка акы төлөнө турган кызматты ээлегенге акысы жок. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтому кабыл алынат.
15. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши көпчүлүктүн (коалициянын) депутаттарынын ичинен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын сунушу боюнча, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарын шайлайт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына талапкерди Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин азчылыгынын (фракциянын) депутаттары көрсөтөт, эгерде, азчылык фракциясы жок болсо, анда талапкерди депутаттар көрсөтүүгө укуктуу, орун басар дагы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарын жана орун басарын Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланышы жөнүндө Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтому кабыл алынат.
16. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, анын орун басарлары өзүлөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурда, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында, жашыруун добуш берүү менен, өзүлөрүнүн кызматтарынан четтетилиши мүмкүн. Кызматтан четтетүү маселеси жөнүндөгү сунушту Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутатарынын жалпы санынан үчтөн бирин түзгөн топ киргизе алат.
Четтетүү жөнүндөгү маселе Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин күн тартибине киргизилет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасын четтетүү жөнүндөгү токтом, ал үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш беришсе, кабыл алынды деп эсептелет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасын орун басарларын четтетүү жөнүндөгү токтом, ал үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш беришсе, кабыл алынды деп эсептелет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасын четтетүү жөнүндөгү токтом, ал үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш беришсе, кабыл алынды деп эсептелет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасын же анын орун басарларын четтетүү боюнча жашыруун добуш берүү, ушул Регламент бекиткен тартипте жүргүзүлөт. Эскертүү!!! Каракол шаардык кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы № 26-12/5 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр ушул токтомдун текстине дал келбейт.
17. Четтетүүдөн тышкары, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын же анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтомду, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши алардын өзүлөрүнүн өтүнүчтөрү боюнча, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга шарттар болбой калган учурда, кабыл алышы мүмкүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын же анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтому Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жалпы депутаттарынын көпчүлүк добушу менен, ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Эгерде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын же анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү токтом кабыл алынбаса, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы же анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде көрсөтүлгөн мөөнөттө токтотууга укуктуу.
18. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы:
-Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана атуулдар менен болгон мамилелеринде анын өкүлү болот; -Мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдарында, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк коммерциялык эмес жана башка уюмдарында шаардын өкүлү болот; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Каракол шаарынын муниципалдык аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен алакасын уюштурат; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларын чакырат жана аларды алып барат; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларын, сессиянын кароосуна койулган маселелерди даярдоого жалпы жетекчилик кылат; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдоруна кол коет жана алардын аткарылышына көзөмөлдү уюштурат; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу жана убактылуу жумушчу комиссияларынын ишмердүүлүгүн координациялайт; -катталган депутаттык бирикмелер: фракциялар, фракциялар коалициясы, алардын курамындагы болгон өзгөртүүлөр жөнүндө арыз түшкөндөн кийинки жакынкы сессияда билдирүү жасайт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары жана туруктуу, убактылуу жумушчу комиссиялардын төрагалары тарабынан кызматтык милдеттери аткарылышына көзөмөл кылат; -депутаттардын ыйгарым укуктарын иш жүзүнө ашырууга, атуулдарды кабыл алуусуна, шайлоочулар алдында отчетторду берүүсүнө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырышына байланышкан маселелерди карайт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иши жөнүндөгү коомдук пикирлер боюнча ачык айкындык жана алардын эске алынышын камсыз кылат; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт; -Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысынын сунуштары боюнча, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана бошотот; -өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тескемелерди чыгарат; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жана аппараттын кызматкерлеринин иш сапарлары жөнүндө тескемелерди чыгарат; -бюджеттик жылдын аякташына кеминде үч ай мурун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чыгаша сметасынын долбоорунун түзүлүшүн камсыз кылат жана сессиянын кароосуна коет; -бекитилген бюджетке жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чыгаша сметаларына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешине бөлүнүп берилген каражаттарды тескейт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин карамагындагы имаратты, курулмаларды, жабдууларды, унааны жана аянтты тескейт; -бюджеттик жылдын соңунан бир жарым айдан кеч эмес убакытта, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын кароосуна Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чыгымдары жана алардын бекитилген чыгаша сметасына ылайыктыгы же андан чыкканы жөнүндө жазуу түрүндө, өткөн жыл үчүн толук отчет берет; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин беделин, абройун сактоого, коргоого чараларды көрөт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинде иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө жобону бекитет; -Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын тескемелери Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган сессиясынын токтому менен өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылыш мүмкүн. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы сессияга баш ийет жана жылыга Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында өзүнүн ишмердүүлүгү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жана анын органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө отчет берет.
19. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары өзүлөрүнүн ишмердүүлүктөрүн коомдук башталышта алып барышат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы биринчи орун басары: -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын тапшырмаларын аткарат; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы жокто же ал өзүнүн кызматын аткара албай турган учурда, анын милдетин аткарат, анын ичинде каржы документтерге жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин башка ченемдик укуктук актыларына биринчи кол койууга укуктуу; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ишин жетектейт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин эл аралык уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен болгон алакаларды ишке ашырат; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларын, Президиумдун, туруктуу жана убактылуу жумушчу комиссиялардын, депутаттык бирикмелердин (фракциялардын, фракциялар коалициясынын) отурумдарын даярдоону жана өткөрүүнү жетектейт;
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешине баш ийет, жылыга Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча отчет берет.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын орун басары: -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын жана анын биринчи орун басарынын тапшырмаларын аткарат; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы жана анын биринчи орун басары жокто же алар өзүлөрүнүн милдеттерин аткара албай калган учурларда, алардын милдеттерин аткарат; -Депутаттык бирикмелер (фракциялар, фракциялар коалициясы) менен иштерди алып барат; -Коомчулук, ММКлар, өкмөттүк эмес уюмдар жана МАКӨБтөр менен иш алып барат;
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын орун басары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына баш ийет. Жылыга Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча отчет берет.
IV. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиуму
20. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиуму (мындан ары - Президиум) Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына койулган маселелерди алдын ала даярдоо үчүн түзүлөт.
Президиум Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Президиум өз ыйгарымдарын Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына жана ушул Регламентке ылайык жүргүзөт.
21. Президиумдун курамына киргендер: Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, анын орун басарлары, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары, алардын орун басарлары, депутаттык бирикмелердин (фракциялар, фракциялар коалициясы) жетекчилери жана коалицияга, фракцияларга кирбей калган саясий партиялардын жана шайлоочулар топторунун өкүлдөрү болгон депутаттар.
Президиумду Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы жетектейт.
22. Президиум:
-Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына, сессиянын күн тартибинин долбоорун даярдап киргизет; -өзүнүн отурумдарында сессиянын кароосуна койула турган маселелерди алдын ала карайт, бул маселелерди даярдаган кызмат адамдарынын билдирүүлөрүн, отчетторун угат; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын күн тартибинен чийинки маселелерди алып салуу боюнча сунуштарды киргизет; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ыйгарымдарын жүзөгө ашыруу боюнча чараларды кийинки сессияда бекитүү үчүн пландайт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кезектеги жана кезексиз сессияларын чакыруу боюнча жана депутаттык угууларды өткөрүү боюнча сунуштарды киргизет; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чыгаша сметасы боюнча сунуштарды алдын ала карайт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын структурасы жана штаттык саны боюнча сунуштарды алдын ала карайт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш сапарлары боюнча сунуштарды алдын ала карайт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишмердүүлүгүн уюштурат жана аны жакшыртуу боюнча иштерди жетектейт.
23. Президиум керек болгондо, бирок үч айда бир жолу сөзсүз чакырылат, Президиумдун курамынын көпчүлүгү катышканда иш алып барууга укуктуу.
Президиумду Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы чакырат жана алып барат, ал жок учурда-Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын чакыруусу боюнча Президиумдун отурумдарына мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катыша алат. Президиумдун отурумдарына Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары катышууга укуктуу. Президиум мүчөлөрүнө, анын отурумуна катышып жаткан башка адамдарга Президиумдун болжолдуу күн тартиби жана керектүү материалдар алдын ала таратылат.
24. Президиумдун чечимдери, анын отурумуна катышып жаткан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы Президиум кабыл алган чечимдер жөнүндө депутаттарды маалымдайт. Президиум өзүнүн чечимдерин, документтерди ж.б. материалдарды таанышуу үчүн Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларына жиберет.
25. Президиумдун отурумдары протоколдук жазуулар түрүндө таризделет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары протокол менен таанышууга укуктуу.
Керек болгондо, Президиумда каралган маселелер, кабыл алынган чечимдер жөнүндө ММКларда кабарланат. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Президиум кабыл алган чечимди жокко чыгара алат.
V. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
26. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши депутаттардын ичинен, алардын каалоолорун, мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кароосундагы маселелерди алдын ала кароо, даярдоо үчүн, жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечимдерин ишке ашырууга катыштыруу үчүн, жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү үчүн, туруктуу жана керек болгондо, убактылуу комиссияларды түзөт.
27. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссиялары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө түзүлөт. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши комиссиялардын тизмегин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин аныктайт. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши, ыйгарым мөөнөтүнүн ичинде керек учурда, жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюууга, кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты бир эле туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн укуктары бирдей. Туруктуу комиссиялардын курамына Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы жана анын орун басарлары шайланышпайт. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, ачык же жашыруун добуш берүү менен, өзүнүн курамынын ичинен туруктуу комиссиянын төрагасын, төраганын орун басарын, катчысын шайлашат. Аларды Каракол шаардык депутаттар Кеңеши ачык же жашыруун добуш берүү менен бекитет. Туруктуу комиссиянын төрагасы, орун басары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутатарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алышса, шайланган болуп эсептелишет. Эгерде Каракол шаардык депутаттар Кеңеши, комиссиянын мүчөлөрү шайлаган төраганы же анын орун басарын бекитпесе, туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү алардын талапкерлигин дагы бир жолу көрсөткөнгө, же башка талапкерлерди бекитүү үчүн сунуш кылганга укуктуу. Туруктуу комиссиянын төрагасы, орун басары бир айдын ичинде, жүйөөлүү себептерсиз өзүлөрүнүн милдеттерин аткарышпаса, комиссиянын көпчүлүк добушу менен алардын ордуна башкалар шайланат. Бул учурда, комиссиянын чечими мурдагы комиссиянын төрагасынын, орун басарынын катышуусуз кабыл алынса болот. Ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча, туруктуу комиссиялар өзүнүн карамагында комиссияларды түзүүгө акылуу. Туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, объективдүүлүк маселелерди эркин талкулоо жана чечимдерди кабыл алуу принциптеринде негизделет. Өзүлөрүнүн компетенциясына караган маселелер боюнча, туруктуу комиссиялар тиешелүү чечимдерди жана корутундууларды кабыл алышат.
28. Туруктуу комиссияларга алардын төрагалары жетекчилик кылышат. Туруктуу комиссиялар Каракол шаардык депутаттар Кеңешине баш ийишет жана ага отчет беришет. Туруктуу комиссиянын чечими Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында жокко чыгарылышы мүмкүн.
29. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссиялары:
-шаардын экономикалык, социалдык, маданий өнүгүшүнө байланыштуу маселелерди даярдоого, алдын ала кароого катышышат, аларды тиешелүү корутундуу менен Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына алып чыгышат; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын кароосуна шаардын социалдык, маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча, өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин бекемдөө боюнча сунуштарды киргизишет; -аймактын экономикалык өнүгүү планынын долбоорлорун алдын ала карашат, пландардын, бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчетторду угушат, алар боюнча өзүлөрүнүн эскертүүлөрүн, сунуштарын даярдашат; -өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелерин чечишет; -кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүшөт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңеши кабыл алган токтомдордун ишке ашуусун көзөмөлдөшөт; -каралып жаткан маселени талкулоо үчүн башка туруктуу комиссияга берүү жөнүндө же биргелешкен отурумду өткөрүү боюнча Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасына сунуштарды киргизишет; -башка туруктуу комиссия карап жаткан маселе боюнча өзүлөрүнүн пикирлерин билдиришет; -Каракол шаардык депутаттар Кеңеши берген башка ыйгарым укуктарды аткарышат. Өзүлөрүнүн карамагына тиешелүү маселелер боюнча, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссиялары Каракол шаарынын аймагында жайгашкан мэриянын структуралык бөлүкчөлөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу. Өзүлөрүнүн карамагына тиешелүү маселелер боюнча, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссиялары, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бөлүкчөлөрүнүн жетекчилеринен, шаарда жайгашкан коммуналдык менчикке негизделген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен туруктуу комиссиянын ишине керек болгон материалдарды, документтерди, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы боюнча түшүндүрүүлөрдү талап кылууга акылуу. Карала турган маселелерди даярдоо үчүн, туруктуу комиссиялар Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынан (алардын макулдугу боюнча), мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн жана адистерден, окумуштуулардан турган жумушчу комиссияларды түзө алышат. Кароосунда турган маселелер боюнча, туруктуу комиссиялар Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин башка туруктуу комиссияларынын пикирлерин сурай алышат.
30. Туруктуу комиссиялардын отурумдары зарыл болгондо чакырылат. Туруктуу комиссиянын отуруму болоору жөнүндө анын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнө жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин калган депутаттарына, үч күн мурун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын адистери аркылуу билдирет.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты-кайсы туруктуу комиссиянын мүчөсү болсо, ошол комиссиянын отурумдарына катышууга милдеттүү. Туруктуу комиссиянын отурумуна катыша албаса ал күн мурун комиссиянын төрагасына билдирет. Туруктуу комиссиянын отурумдары, эгерде аларда туруктуу комиссиянын курамынын жарымынан көбү катышса-өткөрүлүүгө укуктуу. Туруктуу комиссияларда баардык маселелер ачык добуш берүү менен, туруктуу комиссиянын отурумуна катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде добуштар тең болуп калса, төрагалык кылган депутаттын добушу үстөмдүк кылат. Туруктуу комиссиялардын отурумдарына, кеңеш берүү добушу менен, комиссиянын мүчөсү болбогон Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары катыша алышат. Туруктуу комиссиялардын чечимдерине алардын төрагалары, алар жокто комиссиянын төрагаларынын орун басарлары кол коюшат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин эки-үч туруктуу комиссияларына тиешеси бар маселелер туруктуу комиссиялардын демилгеси менен, же Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын тапшырмасы боюнча, бирге даярдалып, каралышы мүмкүн. Биргелешкен отурумдар, эгерде ар бир туруктуу комиссиянын курамынын көпчүлүгү отурумга катышып жатса укуктуу болушат. Туруктуу комиссиялардын биргелешкен отурумдарын ал комиссиялардын төрагалары өз ара макулдашуулары менен алып барышат. Эки-үч туруктуу комиссиялардын биргелешкен отурумдарынын чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Керек болгон учурда, туруктуу комиссия жабык жана ордуна баруу менен отурумдарды өткөрөт. Биргелешкен отурумда кабыл алынган чечимдерге, тиешелүү комиссиялардын төрагалары кол коюшат. Туруктуу комиссиялар бирге даярдаган маселелер боюнча биргелешкен жана кошумча докладтар менен чыга алышат. Туруктуу комиссиялардын отурумдарынын протоколдоруна төрагалар кол коюшат. Биргелешкен отурумдардын протоколдоруна тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагалары кол коюшат. Сессияга даярдык көрүү учурунда, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча, сессияга коюла турган маселелерди кароо үчүн, комиссиялардын кезексиз отурумдары өтүшү мүмкүн.
31. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
- туруктуу комиссиянын ишин коомдук башталышта башкарат;
- туруктуу комиссиянын мүчөлөрү менен бирге планды жана туруктуу комиссиянын отурумунун күн тартибин түзөт;
- туруктуу комиссиянын отурумдарын чакырат жана керектүү документтердин жана башка материалдардын туруктуу комиссиянын отурумуна даярдалышын уюштурат;
- туруктуу комиссиянын чечими боюнча, туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет, аларды туруктуу комиссиянын ишмердүүлүгүнө байланышкан материалдар жана документтер менен тааныштырат;
- туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн даярдоо, комиссиялардын, жумушчу топтордун иштерине катышууга жана туруктуу комиссиянын башка тапшырмаларын аткарууга чакырат;
- туруктуу комиссиянын отурумуна катышуу үчүн, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы аркылуу, депутаттардын баарын, мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, илимпоздорду чакырат;
- туруктуу комиссиянын отурумдарына төрагалык кылат;
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы менен тыгыз байланышта болот жана аны туруктуу комиссияда каралган маселелер боюнча, туруктуу комиссиянын чечимдерин, сунуштарын ишке ашыруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдайт;
- туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- туруктуу комиссиянын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат, туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн туруктуу комиссиянын аткарылган чечимдери, анын сунуштарын кароо жөнүндө маалымдайт;
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында туруктуу комиссиянын иши жөнүндө жылыга отчет берет;
- туруктуу комисиянын атына түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүн маалымдайт.
Туруктуу комиссиянын төрагасы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашылбаган маселелер боюнча, туруктуу комиссиянын атынан сүйлөй албайт.
32. Ар бир депутат туруктуу комиссиялардын кароосуна өзүнүн сунуштарын берүүгө, аларды даярдоого, талкулоого катышууга, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары боюнча Каракол шаардык депутаттар Кеңешине тиешелүү маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын ишин текшерүү боюнча сунуштарды киргизүүгө акылуу. Бул маселелер боюнча отчеттор, билдирүүлөр туруктуу комиссиянын отурумдарында угулат.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу: -туруктуу комиссиянын күн тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө, маселелер жана аларды кароо тартиби боюнча сунуштарды, пикирлерди айтууга; -туруктуу комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумдарында кызмат адамдарын угууну сунуштаганга; -туруктуу комиссиянын чечимдеринин долбоорлоруна түзөтүүлөрдү киргизүүгө; -өзүнүн сунуштарын негиздөө, маалымдамаларды берүү үчүн чыгып сүйлөгөнгө; -туруктуу комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды алууга. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, туруктуу комиссиянын ишине катышканга, анын чечимдерин жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, туруктуу комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү. Туруктуу комиссиянын ишмердүлүгүнүн маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсүнө же туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн тобуна туруктуу тапшырмалар берилиши мүмкүн. Туруктуу комиссиянын кароосундагы баардык маселелердин чечилишине активдүү катышуу үчүн туруктуу комиссиясынын мүчөсүнө шарттар түзүлөт жана ага керектүү материалдар берилет. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, туруктуу комиссиянын тапшырмасы же өзүлөрүнүн демилгеси боюнча, туруктуу комиссиянын карамагындагы маселелерди жеринде изилдейт жана өзүнүн тыянактарын, сунуштарын туруктуу комиссияга билдиришет. Эгерде, туруктуу комиссиянын мүчөсүнүн сунуштары туруктуу комиссияда колдоого алынбаса, ал аларды жазуу же оозеки түрүндө, маселе Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында талкууланып жатканда, киргизүүгө акылуу. Туруктуу комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, анын өтүнүчү боюнча же өзүнүн милдеттерин аткарууга шарттары болбой калган учурда, мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
33. Туруктуу коммиссияларды түзүү, кайра уюштуруу же жоюуу маселелери, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралганда, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин тиешелүү токтомдору, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мурда кабыл алган токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү түрүндө кабыл алынат. Бул токтомдор депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияны жоюуу жөнүндөгү токтому менен бирге, туруктуу комиссиянын төрагасынын, анын орун басарынын ыйгарымдары токтолот. Бул учурда, туруктуу комиссиянын төрагасын четтетүү жөнүндөгү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтому кабыл алынбайт.
34. Зарыл болгондо, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши анын компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу, алдын ала кароо, талдоо же изилдөө үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Маселени даярдоо үчүн түзүлгөн убактылуу комиссия, бул маселеде башкы орунду ээлейт. Убактылуу комиссия өз ишин, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан туруктуу комиссиялар үчүн бекиткен тартипке ылайык жүргүзөт.
35. Убактылуу комиссияны түзүү жөнүндөгү маселе Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын күн тартибине өзүнчө пункт болуп кирет.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин убактылуу комиссияны түзүү жөнүндөгү токтому төмөнкүлөрдү аныктайт: -убактылуу комиссиянын аталышын; -убактылуу комиссиянын милдеттерин; -убактылуу комиссиянын сандык курамын; -убактылуу комиссиянын персоналдык курамын; -Каракол шаардык депутаттар Кеңеши шайлаган убактылуу комиссиянын төрагасын (тең төрагаларын); -убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтүн (алдын ала белгиленген убакытка же ишти аткаруу убактысына); -убактылуу комиссияга Каракол шаардык депутаттар Кеңеши берген (эгерде керек болсо) кошумча ыйгарымдарды; -убактылуу комиссиянын тескөөсүнө ишке же кызматтарга төлөө үчүн комиссия жалдаган юридикалык жана физикалык жактар аткарган иштери же кызматтары үчүн төлөп берүүгө берилген каражаттардын көлөмү (алардын булактары); -убактылуу комиссиянын ишин кадрдык, материалдык-техникалык, маалыматтык уюштуруучулук жактан камсыз кылуу чараларды. Керектелүүчү каражаттардын көлөмүн аныктоо максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши болжолдуу чыгаша сметасын иштеп чыгууну уюштурат. Бул смета депутаттарга бул пункт боюнча добуш берүүгө чейин таратылат. Убактылуу комиссияны түзүү жөнүндөгү чечим, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин тиешелүү токтому менен таризделет. Бул токтомдун жоболору ушул пункта көрсөтүлгөн ирээтте талкууланат жана добушка коюлат. Убактылуу комиссия Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин макулдугун берген депутаттардан шайланат. Убактылуу комиссиянын курамына депутаттык бирикмелердин (фракция, фракциялар коалициясы) бирден өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Убактылуу комиссияны түзүү жана анын курамы боюнча добуш берүү өзүнчө жүргүзүлөт. Депутаттык бирикмелер (фракция, фракциялар коалициясы) убактылуу комиссиянын персоналдык курамы боюнча сунуштарын Каракол шаардык депутаттар Кеңеши убактылуу комиссияны түзүү боюнча чечим кабыл алгандан кийин эки күндөн кеч эмес беришет. Ошол эле учурда бул маселе алдын ала даярдалышы мүмкүн.
36. Убактылуу комиссия Каракол шаардык депутаттар Кеңеши бекиткен мөөнөттө, бирок ал түзүлгөндөн кийин алты айдан кеч эмес убакытта, Каракол шаардык депутаттар Кеңешине аткарган иши жөнүндө жазуу түрүндө отчету, ал тарабынан даярдалган Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин актыларынын долбоорлорун жана башка материалдарды берет. Бул маалымат депутаттарга таратылышы керек. Убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы туруктуу комиссияларда жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында талкуулангандан кийин, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши ал боюнча акыркы чечим кабыл алат же болбосо убактылуу комиссияга ишти улантууну тапшырат жана бул үчүн жаңы мөөнөттү аныктайт.
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча акыркы чечимди кабыл алгандан кийин, же болбосо Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан убактылуу комиссия даярдаган долбоор боюнча актысын кабыл алып, аны жарыялаганда жана комиссияны түзгөн Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ыйгарымы мөөнөтүнөн мурда токтотулса, убактылуу комиссиянын ыйгарым укуктары ошол замат токтотулат.
VI. Депутаттык бирикмелер (фракциялар, фракциялар коалициясы)
37. Депутаттык фракция – Каракол шаардык депутаттар Кеңешине шайланган депутаттардын ичинен калыптанган депутаттардын бирикмеси.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары депутаттык фракцияларга (мындан ары-фракция) биригишет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинде көпчүлүгү болуп депутаттардын көпчүлүк мандатын ээлеген фракция же официалдуу түрдө түзүлүшү жөнүндө жарыя кылган фракциялар коалициясы эсептелет. Көпчүлүк фракциясына же фракциялар коалициясына кирбеген фракция же фракциялар Каракол шаардык депутаттар Кеңешинде азчылык болуп эсептелет. Депутаттык фракциялар бирдей укуктарга ээ. Депутаттык фракция каалаган учурда, фракцияга киребиз деген депутаттардын чечими боюнча түзүлөт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары, курамында үчтөн депутаттан кем эмес фракцияларды түзүүгө укуктуу. Фракция Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасына депутаттык фракциянын түзүлүшү жөнүндөгү, аталышы, курамы, жетекчинин аты, фамилиясы көрсөтүлгөн арызды берет. Депуттатык фракциянын түзүлүшү жөнүндөгү арызга фракциянын мүчөлөрүн баары кол коет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты бир эле фракцияда болууга укуктуу. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентине ылайык катталбаган фракция, фракциянын укугуна ээ болбойт. Фракциянын иштөө тартибин жана депутаттын андан чыгуу шарттарын фракция өзү аныктайт. Фракциялар коалицияга бириге алышат. Коалицияга биригүүнү каалаган фракциялар, фракциялар макулдугун тариздешет. Коалиция өзүнүн отурумунда коалициянын төрагасын шайлайт. Фракция, Каракол шаарынын мэринин кызматына талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы жана анын орун басарлары депутаттык бирикмелердин курамына кире алышпайт.
(Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 27-1/2 токтомдоунун редакцияларына ылайык)
38. Депутаттык бирикме (фракция, фракциялар коалициясы) каттоо, анын түзүлгөндүгү жөнүндө жазуу түрүндөгү билдирүү берилгенден кийин, эки жумушчу күндүн ичинде катталат. Көрсөтүлгөн билдирүү, каттоо алдында, түзүлгөн депутаттык топтун курамынын тизмеси менен баардык депутаттык бирикмелерге (фракция, фракциялар коалициясы) эске алуу үчүн жиберилет.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты жылыга өтүлчү депутаттык бирикмелердин (фракция, фракциялар коалициясы) кайра каттоосун, керектелүүчү документтер берилгенден кийин, эки күндүн ичинде жүргүзөт. Депутаттык бирикмелер (фракция, фракциялар коалициясы) жөнүндөгү маалыматтарды Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты депутаттарга таратып турат.
39. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты бир эле депутаттык бирикмеде болууга акылуу жана андан чыгуу жөнүндөгү арыздын, башка катталган депутаттык бирикмеге өтүү жөнүндөгү арыздын же болбосо, депутаттык бирикменин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн аны өзүнүн курамынан чыгаруу жөнүндөгү чечиминин негизинде чыгарылат. Депутаттын бирикмеден чыккан күнү болуп, анын арызын же депутаттык бирикменин тиешелүү чечимин каттоо күнү эсептелет.
Депутаттык бирикмелердин курамдарын өз учурунда тактоо максатында, алар жылыга сентябрь айында Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратына өзүлөрүнүн тизмелерин тапшырып турушат. Кайра каттоонун алдында, депутаттардын эске алуусу үчүн, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты депутаттарга депутаттык бирикмелердин курамдарынын тизмелерин жиберет. Каттоодон ушул Регламентке ылайык өтпөгөн Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин бирикмелери, фракциялардын укуктарына ээ болбойт. Депутаттык бирикмелердин иштөө тартиби, депутаттардын аларга кирүү, чыгуу жана чыгарылыш шарттарын депутаттык бирикмелер өзүлөрү аныктайт. Ар бир депутаттык бирикменин өкүлүнө Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жана анын органдарынын отурумдарынын күн тартибиндеги баардык маселелери боюнча, кепилдүү түрдө сөз берилет. Депутаттык бирикменин атынан сүйлөөчүлөрдүн тизмеси менен Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, бирикменин жетекчиси же катчысы тааныштырышат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин же анын органдарынын отурумдарында маселенин каралышына демилгечи болгон депутаттык бирикме, талкуудан кийин, өзүнүн өкүлүнүн сүйлөшүнө укугу бар. Бир дагы депутаттык бирикме Кыргыз Республикасынын элинин, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жана анын органдарынын атынан сүйлөгөнгө акысы жок. Депутаттар, депутаттык бирикмелер бири-бири менен, формалдуу эмес депутаттык блокторду түзүү аркылуу эркин кызматташа алышат. Депутаттык блоктор катталбайт жана ушул Регламент бекиткен укуктарга ээ болушпайт. Депутаттык бирикмелер өзүлөрүнүн отурумдарын ачык, айкын өткөрүшөт. Депутаттык бирикменин чечими менен, отурум жабык өткөрүлүшү мүмкүн. Өзүлөрүнүн чечимдери жөнүндө депутаттык бирикмелер Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасын маалымдашат. Депутаттык бирикменин ыйгарымдуу өкүлү ушул Регламент менен бекилген функцияларын бирикменин өкүлдөрүнүн бирине жазуу түрүндө өткөрө алат. Катталган депутаттык бирикмелер жана алардын мүчөлөрү ушул Регламенте бекитилген башка дагы укуктарга ээ.
VII. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты
40. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн, анын аппараты түзүлөт.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын негизги функциясы-Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, анын органдарынын, депутаттык бирикмелердин: фракциялардын, көпчүлүктүн коалициясынын ишмердүүлүгүнүн укуктук, усулдук, уюштуруучулук, документалдык, маалыматтык, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздоо. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын штатын жана структурасын Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясы аныктайт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерлери-Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматкерлери болушат.
41. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын укуктук макамы жана ыйгарымдары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтому менен бекиткен жобо менен аныкталат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кезектеги чакырылышынын ыйгарым мөөнөтү аяктаганда, аппарат өз ишин уланта берет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык, иш мамилелери Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын «Эмгек кодекси» менен жөнгө салынат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жана анын аппаратынын ишмердүүлүгүнө жумшалган чыгымдардын сметасы Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын сунушу боюнча, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын токтому менен бекитилет.
42. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратын Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы жетектейт. Ал-муниципалдык кызматкер жана ошол эле учурда, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты боло албайт.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жоопту катчысынын талапкерлигин, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык көрсөтөт.
(Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 27-17/1 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин соттордогу өкүлү болот жана мыйзам бекиткен тартипте чарбалык-тескөөчүлүк чечимдердин кабыл алынышына жооп берет.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы: -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратын жетектейт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппараты, министрликтер, ведомстволор, башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен алаканы камсыз кылат, башка маселелер боюнча ишти координациялайт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чыгаша сметасынын долбоорун даярдайт; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерлери үчүн ички эмгек тартибин бекитет, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү баардык маселелер боюнча буйруктарды жана нускамаларды чыгарат;
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу жана аттестациялоо маселелерин чечет.
VIII. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишин пландоо
44. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш планы бир жылга түзүлөт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш планынын долбоорун Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты даярдайт.
45. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш планына маселелерди киргизүү укугуна Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары, туруктуу комиссиялар, депутаттык бирикмелер (фракциялар, фракциялар коалициясы) жана Каракол шаарынын мэри ээ.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин бекитилген иш планынын маселелеринин өзгөртүү, ага жаңы маселелерди киргизүү, андан маселелерди алып салуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдору менен таризделет.
46. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоору кереги жок.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишин пландоо, Каракол шаардык депутаттар Кеңешине пландан тышкаркы маселелерди даярдап, документердин долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары бекиткен тартипте, киргизүүгө мүмкүндүк берет.
IX. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларына, Президиумунун отурумдарына маселелерди даярдап жана кароонун тартиби
47. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын кароосуна, ушул Регламент бекиткен тартипте киргизилип жаткан маселе боюнча документтер пакети төмөнкүлөрдү камтыш керек: баяндоочуну көрсөткөн, маселени даярдоого жооптуу адамдын колу коюлган коштомо кат. Эгерде, документ Каракол шаардык депутаттар Кеңеши мурда кабыл алган токтомду ишке ашыруу максатында даярдалган болсо, коштомо катта тиешелүү шилтеме болушу керек.
Эгерде Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомунун долбоорунда материалдык же каржылык ресурстардын киришине же чыгышына байланыштуу сунуш болсо, даярдоочулар тиешелүү каржы булактарын көрсөткөн эсептерди (экономикалык негиздөө) бериши керек.
48. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кароосуна киргизилип жаткан документтин долбоорунда төмөнкү маалым даректер көрсөтүлүшү керек:
- биринчи барактын оң жагынын үстүндө «долбоор» деген сөз;
-документти берүү күнү – барактын оң жагында, «долбоор» деген сөздүн астында; -документти киргизген демилгечи – барактын оң жагында, «долбоор» деген сөздүн астында»; -документтин аталышы – биринчи беттин ортосунда, долбоор деген сөздүн астында; -токтомдун долбоору боюнча жооптуу аткаруучунун фамилиясы, анын кызматтык телефону, «долбоор» деген сөздүн астында»; -токтомдордун долбоорлору жана шаардык администрациянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү байланыштуу арыздар жана кайрылуулар үчүн, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын укуктук маселелер боюнча экспертинин визасы керек.
49.Документтин преамбуласында шилтемелери бар кыскача мыйзамдуулук жана фактологиялык негиздөө болуш керек.
50. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты токтомдун долбоорун Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларына жиберет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы токтомдун долбоорун бир же бир нече туруктуу комиссияларга алдын ала талкулоо үчүн сунуш кылууга укуктуу.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдорлорунун долбоорлору Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияда кароодон мурун, алдын ала жалпы шаардык айкын талкууга же депутаттык угууларга коюлушу мүмкүн. Айкын жана депутаттык угуулардын Регламенти Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечими менен бекитилет.
51. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында маселелерди кароо процедурасынын негизги элементтери:
- баян, ушул Регламенте каралган учурларда кошумча баян;
- баяндоочуга, кошумча баян кылганга суроолор жана суроолорго жооптор;
- талкуудагы маселе боюнча жарыш сөздөр;
- баяндоочунун жана кошумча баяндоочунун корутундуу сөздөрү;
- добуш берүүнүн себептери боюнча сүйлөөлөр;
- документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу (биринчи жана экинчи окууда);
- документтин негизинен кабыл алынган долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүү;
- документти жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
52. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечими менен токтомдун долбоорлорун кароо үч окууда өткөрүлүшү мүмкүн.
53. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдорунун долбоорлорун кароодо, анын негизги жоболору, аны кароонун зарылдыгы, токтомдун долбоорунун концепциясына жалпы баа берилет.
Талкуу токтомдун долбоорунун демилгечисинин баянынан жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясынын кошумча баянынан башталат. Эгерде, токтомдун долбоорун даярдоо Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин бир нече туруктуу комиссияларына тапшырылса жана алар анын ар кандай концепцияларын даярдаса, жооптуу туруктуу комиссиянын концепциясына макул болбогон туруктуу комиссиялардын баяндары угулат. Токтомдун долбоорун кароо учурунда, депутаттык бирикмелердин (фракциялардын, фракциялар коалициясынын), Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын, Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн, талкууга чакырылган башка адамдардын пикирлери угулат. Шаардык бюджеттин эсебинен чыгымды талап кылган токтомдун долбоорлорун кароо учурунда, сөзсүз түрдө Каракол шаарынын мэриясынын корутундуусу угулат.
54. Сүйлөөчүлөрдүн кезегин Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы аныктайт, эреже катары, сүйлөөгө жазылган убактысы боюнча.
Сүйлөөчүлөрдүн кезегин аныктоодо артыкчылыктар: -каралып жаткан маселени даярдоо максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши түзгөн депутаттык комиссиялардын (топтордун) өкүлдөрүнө; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин профилдик туруктуу комиссиялардын өкүлдөрүнө; -депутаттык бирикмелердин өкүлдөрүнө; -жооптуу даярдоочу же Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин комиссиясы тиешелүү маселе боюнча сессияга сүйлөө үчүн чакырылган эксперттерге; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешине жазуу түрүндө корутундуу киргизген депутаттарга. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүүгө укуктуу. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши сүйлөө үчүн сөз берүү боюнча жеке кайрылууларды кароого укуктуу.
55. Кезектен тышкары, алдын ала жазылбастан сүйлөө укугуна Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, анын орун басарлары, Каракол шаарынын мэри ээ.
56. Жарыш сөзгө чыккандар мамлекеттик же официалдуу тилдерде сүйлөшөт. Сүйлөөчү талкууланып жаткан документтин долбоорун колдоого, четтетүүгө же долбоорго башка өзүнүн мамилесин билдирүүгө, негиздүү сынды, сунуштарды айтууга укуктуу.
57. Сессияда төрагалык кылуучу айтылган сөздөрдүн мазмуну күн тартибине шайкеш келишине, бекитилген убакыттын сакталышына көз салат жана керек учурда сүйлөөчүгө эскертүү берет.
Эгерде сүйлөөчү, сессияда төрагалык кылуучунун айткандарына көңүл бурбаса, сөзүндө кемсинтүү кетирсе, анда төрагалык кылуучу аны тартипке чакырат же сөзү улантууга тыюу салат.
58. Жарыш сөздөргө бөлүнгөн убакыт бүткөндө сөз жазылган жана сүйлөөнү талап кылган депутатка берилет. Сессияда төрагалык кылуучу андай депутаттардын санын тактап, ар бирине үч мүнөткө чейинки убакыт берет же болбосо жарыш сөзгө берилген убакытты ушул Регламенте бекитилген сөз сүйлөөнүн убактысын сактоо менен катар, жарыш сөзгө берилген убакытты узартууну добушка коет.
Жарыш сөздү токтотуу жөнүндөгү сунушу добушка коюулат жана ага депутаттардын жалпы санынан жарымынан көбү добуш берсе кабыл алынган болуп эсептелет. Сүйлөө үчүн жазылган, бирок сүйлөбөгөн депутаттардын сөзүнүн тексти, алардын суроолору боюнча сессиянын стенограммасына тиркелет.
59. Жарыш сөздөр бүткөндөн кийин баяндоочу жана кошумча баяндоочулар корутундуу сөздү сүйлөөгө акылары бар. Добуш берүүнүн себептери боюнча сөздөр айтылат жана документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу маселеси добушка коюулат.
Туруктуу комиссиялар жарыш сөздөрдүн жыйынтыгы боюнча, токтомдун долбоору негиз катары алынганга чейин, ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана алар жөнүндө Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына добуш берүүгө чейин айтууга акылуу. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссиясынын сунушу боюнча, сессия документтин долбоорун кабыл алуу боюнча добуш берүүнү протоколдук чечим менен кийинки сессияга чейин калтырууга укуктуу.
60. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясы документтин долбоорун негиз катары (анын ичинде жарыш сөз учурунда) кабыл алганга чейин официалдуу түрдө документтин долбоорун арыз жазып, сессияда добуш берүү аркылуу, кайра чакыртканга укуктуу. Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат. Сессия документтин долбоорунун үстүндө иштөөнүн мындан аркы тартибин бекитет.
61. Токтомдун долбоорун талкулоонун жыйынтыгы боюнча, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1). Токтом негизинен кабыл алынсын;
2). Токтом, анын жоболорун талкуу менен кабыл алынсын;
3). Токтомдун долбоору биринчи окууда кабыл алынсын жана айтылган сунуштарды, пикирлерди эске алуу менен анын үстүндөгү иш улансын.
Бир эле маселе боюнча бирден көп токтомдун долбоорлору киргизилсе, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши кайсынысын мындан аркы кароо үчүн кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алат. Эгерде токтомдун долбоору негизинен, анын жоболорун талкулоо менен же биринчи окууда, кабыл алынбаган болсо, токтомдун долбоору кабыл алынбаган болуп эсептелет. Кабыл алынбаган токтомдун долбоорун Каракол шаардык депутаттар Кеңеши кайрадан үч айдан кийин гана карашы мүмкүн. Токтомдун долбоорун, анын жоболору менен кабыл алуу- токтомдун долбоорунун ар бир пунктун талкуулап, аны негизинен кабыл алуу дегенди билдирет. Токтомдун долбоорун биринчи окууда кабыл алуу- аны токтомдун долбоору негизинен талкуулап жана анын үстүндөгү ишти улантып, токтомдун долбооруна оңдоолор ирээтинде киргизилген сунуштарды, пикирлерди эске алуу менен, аны экинчи окууга киргизүүнү билдирет. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши биринчи окууда кабыл алынган токтомдун долбоорун жалпы шаардык талкууга сунуш кылуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
62. Токтомдун долбоорун, анын жоболорун талкулоо менен кароодо, жазуу түрүндө түшкөн баардык сунуштар угулат, талкууланат жана добуш берүүгө коюулат.
Кабыл алынбаган сунуш анын үстүндө дагы иш алып баруу үчүн жооптуу туруктуу комиссияга жиберилет, эгерде туруктуу комиссия макул болбосо, ал өзүнүн вариантын сунуш кылат. Биринчи болуп добушка депутаттардын, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары добушка коюулат. Эгерде Каракол шаардык депутаттар Кеңеши бир дагы сунушту кабыл албаса, пункт четке кагылды болуп эсептелет.
63. Эгерде Каракол шаардык депутаттар Кеңеши токтомдун долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алса, биринчи окууда кабыл алынган токтомдун долбоорун түзөтүү жөнүндөгү сунуштар Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин тийешелүү туруктуу комиссиясына жиберилет.
Бул түзөтүүлөр токтомдун долбоорунун конкреттүү пунктарына өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү, конкреттүү абзацтарды, подпунктарды же токтомдун долбоорунун пукттарын алып салуу жөнүндө сунуш түрүндө киргизилет. Биринчи окууда кабыл алынган токтомдун долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү сунуштарды Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары гана киргизүүгө акылуу.
64. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу туруктуу комиссиясы түзөтүүлөр жөнүндөгү сунуштарды карап, жалпылайт. Туруктуу комиссиялар түзөтүүлөр жөнүндөгү сунуштарды, Кыргыз Республикасынын Конституциясына дал келишине текшерүү үчүн аларды көз карандысыз экспертизага жиберүүгө укуктуу. Түзөтүүгө киргизген адамдар, аларды туруктуу комиссияда талкуу учурунда, тактоолорду киргизүүгө акылуу.
Токтомдун долбоорунун пунктары боюнча топтолгон түзөтүүлөр жөнүндөгү сунуштар, туруктуу комиссиянын отурумунда каралууга тийиш. Комиссия алар менен макул болуп, аларды токтомдун долбооруна киргизиши, же Каракол шаардык депутаттар Кеңешине түзөтүүлөрдү четтетүү жөнүндө сунуш киргизиши мүмкүн. Туруктуу комиссиянын отурумунда каралгандан кийин, иштелип чыккан токтомдун долбоору, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш планына киргизип, маселени экинчи окууда кароо үчүн жиберилет. Туруктуу комиссия же анын тапшырмасы боюнча токтомдун долбоорун даярдоочу, туруктуу комиссия экинчи окууга даярдаган токтомдун долбоорунун текстине ылайык, токтомдун кабыл алынышына байланыштуу, жокко чыгарыла турган, өзгөрүлчү же кошумчаланчу ченемдик укуктук актылардын тизмегин даярдайт. Токтомдун долбоору жогорудагы тизмек менен токтомдун долбоорунун демилгечисине, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинде экинчи окууда каралаардан 30 күн мурун жиберилет.
65. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссиясы экинчи окууга даярдалган токтомдун долбоорун өзү кабыл алган түзөтүүлөр же четтетилген түзөтүүлөр таблицалары менен Каракол шаардык депутаттар Кеңешининин төрагасына, токтомдун долбоорун киргизген тарапка жөнөтөт.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиуму экинчи окууга даярдалган токтомдун долбоорун Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш планына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Президиум чечим кабыл алгандан кийин, туруктуу комиссия Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратына депутаттарга керектүү материалдарды таратуу боюнча тапшырма берет. Токтомдун долбоору четтетүүгө, өзгөртүүгө тиешелүү же толуктала турган ченемдик укуктук актыларын тизмеги менен, түзөтүүлөр таблицалары менен долбоор боюнча корутундуусу менен Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экинчи кароосуна чейин 5 күн мурда жиберет.
66. Токтомдун долбоорун экинчи окууда караардан мурун жооптуу туруктуу комиссиянын өкүлү баяндоо жасайт.
Жооптуу туруктуу комиссия кабыл алган түзөтүүлөргө же анын түзөтүүлөрдү четтетүү жөнүндөгү сунуштарына эч ким каршы болбосо, жооптуу туруктуу комиссиянын чечими кабыл алынган болуп эсептелинет. Жооптуу туруктуу комиссиянын кабыл алган түзөтүүлөрүнө каршылык болсо же жооптуу туруктуу комиссия четтетүүгө сунуш кылган түзөтүүлөр жактырылса, добуш берүү жүргүзүлөт. Эгерде, түзөтүүлөр долбоору кабыл алынбаса, ал четтетилген болуп эсептелинет. Бул учурда түзөтүү сунушу киргизилген бөлүк, бап, пункт биринчи окууда кабыл алынган токтомдун долбоорунун редакциясында сакталат, а Каракол шаардык депутаттар Кеңеши кийинки түзөтүүлөрдү кароого өтөт. Түзөтүүлөр долбоору кабыл алынган учурда, төрагалык кылуучу жооптуу туруктуу комиссия кабыл алган түзөтүүлөрдү бекитүү жөнүндө же жооптуу туруктуу комиссия четтетүүгө сунуш кылган түзөтүүлөр жактырылса, сунушту добушка коет. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши жооптуу туруктуу комиссиянын чечимин бекитсе, кийинки түзөтүүлөрдү кароого өтөт. Эгерде, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши жооптуу туруктуу комиссиянын сунушун бекитпесе, түзөтүүлөр долбоору четтетилген болуп эсептелинет. Бул учурда түзөтүүлөр киргизилген бөлүк, бап, пункт биринчи окууда кабыл алынган токтомдун долбоорунун биринчи редакциясында сакталышат. Жогорудагы чечимдердин баары депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жогоруда көрсөтүлгөн түзөтүүлөрдү кароо процедуралары аяктагандан кийин, токтомдун долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндөгү маселе добушка коюлат. Ага депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, ал кабыл алынган болуп эсептелинет. Экинчи окууда токтомдун долбоорунун түзөтүүлөр сунуш кылынган жоболору гана каралат. Эгерде токтомдун долбоору экинчи окууда кабыл алынбаса, ал четтетилген болуп эсептелет. Эгерде Каракол шаардык депутаттар Кеңешинде токтомдун долбоору биринчи окууда анын жоболорун талкуу менен каралбаса, экинчи окууда ал сөзсүз жоболорун талкуу менен каралат.
67. Экинчи окууда каралган токтомдун долбоору, жооптуу туруктуу комиссияга Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кызматкерлери менен бирдикте, андагы ички карама-каршылыктарды жоюуу, пунктардын туура байланышын камсыз кылуу жана экинчи окууда токтомдун долбоорунун тексти өзгөргөндүктөн, редакциялык оңдоо үчүн жооптуу туруктуу комиссияга жиберилет.
Бул жумуштар бүткөндөн кийин, жооптуу туруктуу комиссия токтомдун долбоорун 10 күндүн ичинде Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш планына киргизүү үчүн жиберет.
68. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиуму, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш планына токтомдун долбоорун үчүнчү окууда кароо маселесин, аны токтом катары кабыл алуу үчүн киргизет.
Үчүнчү окууда токтомдун долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүүгө, жалпысынан же болбосо кээ-бир пунктар, баптар, бөлүктөр боюнча кайра талкуулоого жол берилбейт. Өзгөчө учурларда, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жалпы санынан көпчүлүк депутаттардын талабы боюнча, төрагалык кылуучу токтомдун долбоорунун экинчи кароосуна кайрылууну добушка коюууга милдеттүү. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши кабыл алган токтомдун долбоорунун тексти Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин уруксаатысыз оңдоого жатпайт. Токтомдун долбоорунун соңку вариантынын тексти Каракол шаардык депутаттар Кеңеши кабыл алган текстке дал келиши үчүн жоопкерчилик Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлгөн. Эгерде, ченемдик укуктук актынын соңку вариантын даярдоо процессинде карама-каршылыктар же башка маселелер пайда болсо жана аларды чечүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын ыйгарымына кирбесе, алар боюнча чечимди Каракол шаардык депутаттар Кеңеши кабыл алат.
69. Токтомдо, аны иш жүзүнө ашыруу тартиби бекитилет, тактап айтканда:
1) мөөнөттөр көрсөтүлөт жана пунктардын же токтомдун ишке киришинин ыкмалары аныкталат;
2) Органдарга, кызматтык адамдарга, мыйзам алдындагы актыларды даярдоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилет, ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча, аларды кабыл алынган токтомго дал келиштирүү боюнча мөөнөттөр такталат.
70. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ар бир токтомунда анын аткарылышына көзөмөл кылуучу адам (Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин структуралык органы көрсөтүлөт).
Көзөмөл кылуунун максаты–документтин жоболорунун ишке ашышынын натыйжалуулугун, аны аткарууну татаалданткан себептерди, аны аткарууга тоскоол кылган адамдарды (органдарды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу жана керек болсо, документтин жоболорунун аткарылышын сот аркылуу камсыз кылуу. Жогоруда аталган ыйгарымдарды аткаруучу Каракол шаардык депутаттар Кеңеши көзөмөлдү жүктөгөн адамга (органга) атайы ишеним каттардын кереги жок. Токтомдун тапшырма берген пунктунда бир же бир нече аткаруучу же Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин структуралык бөлүкчөсү жана эреже катары, аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
71. Токтомунун аткарылышы жөнүндө билдирүүнү уккандан кийин, Каракол шаардык депутаттар Кеңешини төмөнкүлөргө укуктуу:
-токтомдун долбоорун аткарылган катары көзөмөлдөн алууга; -токтомдун долбоорунун кээ бир пунктарынын аткарылган катары көзөмөлдөн алууга; -көзөмөлдүк ыйгарымдарды узартууга; -көзөмөлдүк ыйгарымдарды башка адамга (органга) жүктөөгө; -токтомду жокко чыгарууга; -токтомду өзгөртүүгө же толуктоого; -кошумча токтомду кабыл алууга.
72. Көзөмөл боюнча отчет берүү мөөнөтү токтомдун өзүндө же Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы тарабынан көрсөтүлөт. Ал токтомдун долбоорунун аткарылышына көзөмөл кылган адамга (органга) сессияда билдирүү жасоону тапшырганга укуктуу.
73. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ар бир сессиясында, анын ачылгандан жабылганына чейин протокол жүргүзүлөт (танапистен башкасы). Керек учурда видео жана аудио жазуу жүргүзүлөт. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышып жаткан депутаттардын саны:
-күн тартибинин маселелери жана баяндоочунун (кошумча баяндоочулардын) фамилиялары; -сессияда сүйлөгөндөрдүн тизмеси; -сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар. Депутаттардын фамилиялары, алардын партиясын, шайлоочулар тобун көрсөтүү менен, башка адамдардын фамилиялары-алардын кызматы жана иштеген жерин көрсөтүү менен коштолот.
74.Сессиянын протоколу сессия бүткөндөн кийин 10 күндүн ичинде таризделет жана ага Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы кол коет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдорун бүтүрө иштөө үчүн сессиянын протоколунан көчүрмөлөр 1 жумалык мөөнөттө таризделинишет.
75. Протоколдун түп нускасы Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратына сактоо үчүн өткөрүлөт. Депутаттын өтүнүчү боюнча аппарат ага таанышуу үчүн протоколдун көчүрмөсүн берет.
76. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жабык сессиясынын материалдарын тариздөө, аларды сактоо, көбөйтүү, таратуу, жөнөтүү жана аларга депутаттарды, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерлерин жана башка адамдарды жолотуу-Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары жашыруун маалыматтар үчүн бекиткен тартипте жүргүзүлөт.
77. Табелдик каттоонун барактары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратында сакталат.
Негиз катары кабыл алынган документтердин жана аларга болгон түзөтүүлөрдүн текстеринин түп нускалары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратында сакталат. Көрсөтүлгөн материалдар, кабыл алынган документтер күчүнө киргенден кийин 3 айлык мөөнөттө Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратына сактоо үчүн, а 5 жыл өткөндөн кийин мамлекеттик архивге өткөрүлөт.
78. Документ кабыл алынгандан кийин бир жуманын ичинде Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерлери документтин долбоорун даярдаган адам менен бирдикте, аны тариздешет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомуна, каралган документтин текстине сунуштарды киргизген депутаттар тарабынан визалар коюлгандан кийин, кол коет. Токтомдун тиркемелерине Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы кол коет. Документтин аягына Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын колунан кийин төмөнкүлөр кол коюушат:
-Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин профилдүү туруктуу комиссиясынын төрагасы; -сунуштарды киргизген депутаттар; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын укук маселелери боюнча эксперти; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын документти даярдоо үчүн жооптуу кызматкери, анын фамилиясы, кызматы, иш телефону көрсөтүлөт. Ушул пунктун талабына ылайык таризделген документ Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерине өткөрүлөт. Ал үч күндүн ичинде аны кол койдурууга жөнөтөт. Документти тариздөөдө, ага Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин тиешелүү сессиясында айтылган түзөтүүлөрдөн жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын корректорлук оңдоолорунан тышкары оңдоолор киргизилбейт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында бекитилген документке мыйзамсыз түрдө оңдоолорду киргизген адамдар, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, жоопкерчиликке тартылышат.
79. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши кабыл алган токтомдордун текстинде токтомдорду жарыялоо каралса же ал боюнча өзүнчө чечим кабыл алынса-ал жарыяланат.
80. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессисында кабыл алынган ченемдик-укуктук актылар, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты тарабынан туруктуу комиссиялардын төрагаларына, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин фракцияларына, Каракол шаарынын мэрине жана башка кызыкдар адамдарга-документтин жооптуу аткаруучусу түзгөн тизме боюнча, кабыл алынгандан кийин он күндүк мөөнөттө таратылат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кайрылуулары даректер боюнча биринчи кезекте жөнөтүлүшөт.
X. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ченемдик укуктук актылары
81. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ченемдик укуктук актылары токтомдор жана тескемелер түрүндө кабыл алынат.
82. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдору, ушул Регламенте көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
83. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы кол коет. Ал жокто аларга анын биринчи орун басары кол коет.
84. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясы төмөнкү маселелер боюнча токтомдорду кабыл алат:
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенттин бекитүү;
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш планын негизинен бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин бекитилген иш планына маселелерди киргизүү, андан маселелерди чыгаруу;
-жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү; -жергиликтүү бюджеттик валюталык жана бюджеттен тышкаркы валюталык максаттуу фонддорду түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү; -Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары бекиткен шаар жерлерине салыктын базалык чендеринин алкагында, шаар жерлерине салыктын жиктелген чендерин бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчиктеги жерлерди арендага берүү тартибин бекитүү;
-муниципалдык менчиктеги объектерди приватташтыруу программасын бекитүү; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасын, анын орун басарларын шайлоо жана аларды иштен бошотуу; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин структурасын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жана жоюуу; -туруктуу комиссиялардын персоналдык курамын түзүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын, төрагалардын орун басарларын, катчыларын бекитүү жана кызматтарынан бошотуу; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын структурасын бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн чыгашалар сметасын бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү; -Каракол шаарынын мэрин шайлоо жана ага ишеним көрсөтпөө; -Каракол шаарынын мэрине ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү; -Ыйгарым укуктарынан ашып кеткенде, шаардын мэринин чечимдерин жокко чыгаруу; Сессияларда каралуучу башка маселелер боюнча.
(Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 27-17/1 токтомунун редакциясына ылайык)
85. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишин уюштуруу боюнча башка маселелерди кароонун жыйынтыктары, эгерде, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында жана ушул Регламентте башка тартип каралбаса,токтом менен таризделинет.
XI. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларын өткөрүү тартиби
86. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин маселелерди жааматтык түрдө талкуулап, аларды аткаруу боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыз кылган ишмердүүлүктүн уюштуруучулук укуктук негизги формасы-сессия. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясы депутаттардын жалпы санынан көпчүлүгү катышканда укуктуу болот.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясын Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы тарабынан кварталына бир жолудан кем эмес Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн бир бөлүгүнүн талабы боюнча чакырылат. Сессияны өткөрүү күнү, убактысы, орду жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына коюула турган маселелер Президиумдун отурумунда каралышат жана алар боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндөгү билдирүү депутаттарга жана калкка беш күн мурун маалымдалат. Сессиянын кароосуна маселелерди Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, Президиум, фракциялар, фракциялар коалициясы, туруктуу комиссиялар, депутаттардын жалпы санынан бештен бир бөлүгүн түзгөн депутаттар тобу, Каракол шаарынын мэри киргизе алышат. Демилгечилер сессиянын кароосуна маселелерди, сессия башталаарга чейин 10 күндөн мурун кеч эмес киргизишет. Бекитилген мөөнөттөрдө түүчү сесиялардан тышкары, кезексиз сессиялардын өтүлүшү мүмкүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиялары ачык өтөт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ачык сессияларында аткаруучу органдын жетекчиси жана башка кызмат адамдары, 18 жашка чыккан тургундар, уюмдардын (юридикалык жактардын), коомдук бирикмелердин, жеригиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аймагында аракеттенишкен мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат.
- Тургундар, уюмдардын (юридикалык жактардын) коомдук бирикмелердин, жеригиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аймагында аракеттенишкен мамлекеттик, өз-алдынча башкаруу органдарынын сессияга катышууну каалаган өкүлдөрү сессиянын башталышына 3 күн калганда, паспорту менен (же жарандыкты аныктай турган документи менен), сессияга чакырылгандар сессия боло турган күнү, паспорт менен келип каттоодон өтүүлөрү зарыл. Каттоо баракчасы сессиянын материалдарына тиркелет.
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, сессияга катышууну каалагандарды, сессия өтүүчү жайда бош орундар жок болсо, чектөөгө укуктуу. (Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы сессияга катышууну каалагандарды чектөөгө негиздер кеңейтилиши мүмкүн, бирок ал жабык болууга тийиш)
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына катышкан адамдар тартипти сактоого жана төрагалык кылуучунун талаптарына баш ийүүгө милдеттүү, айтылган сөздөргө сын пикир айтууга, айтылган сөздөрдү баа берүүгө, аларды токтотууга акылары жок. Көрсөтүлгөн эрежелер бузулган учурда төрагалык кылуучу сүйлөгөндү эскертет, көрсөтүлгөн эрежелер экинчи ирет бузулса, катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн чечими менен залдан чыгарат.
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына катышып жаткан адамдарга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн чечими менен сөз берилиши мүмкүн.
- Эгерде, сүйлөөчү талкууланып жаткан маселенин чегинен чыкса, сессияда төрагалык кылуучу андан талкууланып жаткан маселеге кайрылууну өтүнөт.
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында сүйлөгөн адам этика эрежелерин бузууга, депутаттардын, башка адамдардын аброюна шек келтирүүчү, орой, кордоочу сөздөрдү айтууга, бирөөлөрдү негизсиз күнөөлөгөө, жалган маалыматтарды пайдаланууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга акысыз. Көрсөтүлгөн эрежелер бузулган учурда, төрагалык кылуучу сүйлөп жатканды эскертет, эреже экинчи ирет бузулса, катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн чечими менен залдан чыгарат.
- Каракол шаарынын депутаттар Кеңешинин ачык сессияларына каттоодон өтпөгөн, өзүн туура эмес алып жүргөн жана башкаларга орой мамиле кылган, мас абалындагы, банги заттан мас болгон адамдар, катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн чечими менен сессияга катыштырылбай
Сессиянын ачылышы жана жабылышы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимнин аткаруу менен коштолот. Сессияда ушул Регламент бекиткен тартипте, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кароосуна тиешелүү ар түрдүү маселелер чечилиши мүмкүн. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жабык сессиялары ушул Регламент бекиткен тартипте өткөрүүлөрү мүмкүн.
(Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы № 26-12/5 токтомунун редакциясына ылайык)
87. Жаңы шайланган Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин биринчи сессиясы Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мурунку чакырылышынын төрагасы тарабынан, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары шайлангандан кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбей чакырылат.
Биринчи сессияны Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жаңы чакырылышынын карыя депутаты ачат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы шайлангандан кийин сессияны Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы алып барат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин биринчи сессиясынын күн тартибине Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасын, анын орун басарларын шайлоо, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча башка орчундуу маселелер киргизилет.
88. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерлери Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясын өткөрүүнү уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылышат:
-кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселелер боюнча документтердин долбоорлору жана башка керектүү маалыматтар менен сессия башталганга чейин беш күн мурун депутаттарды камсыз кылышат, анын ичинде Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин маалымат системалары аркылуу; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарына сессиянын күн тартибинин, токтомдордун долбоорлорун жана аларга түзөтүүлөрүн, анын ичинде Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын шаардык администрация органдарынын жетекчилери менен өз ара аракеттерин убагында уюштуруу аркылуу;
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын көрсөтмөлөрү боюнча, сессиянын күн тартибине киргизилген маселени талкулоого катыштыгы зарыл адамдарды чакырышат;
- депутаттардын табельдик каттосун жүргүзүшөт;
-төрагалык кылуучуга сессияны өткөрүүгө жардам беришет; -Каракол шаардык депутаттар Кеңеши кабыл алган документтерди тариздешет жана аларды чыгарышат.
89. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын материалдары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын, анын биринчи орун басарынын же, алар жок учурда, төраганын орун басарынын визасы болгондо таркатылат.
Депутатка, анын ишинде керек болгон башка материалдар, анын талабы боюнча көбөйтүлөт.
90. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын ачылышына катышууга шаардык администрациянын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерлери, массалык маалымат каражаттарынын аккредитацияланган өкүлдөрү катышууга укуктуу. Маселени кароого катышуу үчүн чакырылган адамдар (анын ичинде эксперттер катары), сессиянын өтүп жаткан залга сессияга төрагалык кылуучунун чакыруусу боюнча киришет жана маселе каралгандан кийин чыгып кетишет. Документтин долбооруна жооптуу депутаттардын өтүнмөлөрү боюнча, сессияга чакырылган адамдардын катышуусун Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты камсыз кылат. Сессиянын отурумдар залында Каракол шаарынын мэри, Каракол шаарынын прокурору жана Каракол шаардык сотунун төрагасы үчүн атайын орундар камдалат.
Эгерде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларына Каракол шаарында расмий визит менен жүргөн чет өлкөлүк парламенттик делегациялардын жетекчилери катышышса, сессия башталарда, өкүлдөрү сессияга катышып жаткан өлкөнүн Мамлекеттик гимни коюлат, андан кийин Кыргыз Республикасынын гимни коюлат. Сессияга катышып жаткан адамдар, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын иш орундарын ээлегенге акысы жок. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиялары өтүүчү залга атуучу жана газ куралдары менен тыюуу салынат.
91. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиялары (айрым маселелерди кароодо) жабык өтүшү мүмкүн. Бул учурда сессия (күн тартибиндеги маселени жабык кароо) Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечими менен өтөт.
Жабык сессияга, Каракол шаарынын мэри, Каракол шаарынын мэринин Каракол шаардык депутаттар Кеңешиндеги ыйгарым өкүлү, Каракол шаарынын прокурору, Каракол шаарынын сотунун төрагасы жана Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан чакырылган адамдар катышууга укуктуу.
92. Жабык сессияны өткөрүү учурунда (күн тартибинин маселесин жабык кароодо) трансляциянын баардык түрлөрүн жүргүзүү жана аудио жана видео жазууга тыюу салынат (Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын ыйгарымдуу кызматкери жүргүзгөн протоколдук аудио жана видео жазуудан башкасы).
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечими менен сессия залынан радио жана телетрансляция жүргүзүлүшү мүмкүн. Трансляцияны камсыз кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратына жүктөлөт.
93. Сессияда катышып отурган Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын саны табелдик каттонун жыйынтыгы менен аныкталат.
Депутаттардын табелдик каттоосу ар бир сессиянын алдында башталат жана ал бүткөнгө чейин каттоонун убактысын көргөзүү менен жүргүзүлөт. Эгерде, сессияда катталбаган депутат чыгып сүйлөсө же добуш берүүгө катышып жатса, ал Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкеринин колу менен, каттоо табелинде белгилөө менен, катталган болуп эсептелет. Депутат өзүнүн каттоосун жокко чыгаруу талабын коюуга акысы жок. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерлери сессияда катталган депутаттардын тизмесин төрагалык кылуучуга беришет.
94. Катары менен эки сессияга жүйөөлүү себептерсиз катышпаган депутаттардын тизмеси, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечими менен шаардык массалык маалымат каражаттарында жарыялоо үчүн берилиши мүмкүн.
Жыл бою Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларына жүйөөлүү себептерсиз катышпаган жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечимдерин, тапшырмаларын аткарбаган депутатты Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, бул депутатты кайра чакыртуу маселесин козгогонго укуктуу. Өзүнүн чечими менен Каракол шаардык депутаттар Кеңеши борбордук шайлоо комиссиясына бул депутаттын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө өтүнүч менен кайрыла алат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына катышпоого жүйөөлүү себеп болуп төмөнкүлөр эсептелет: документ түрүндө тастыкталган оору, иш сапар, эмгек эргүүсү, жана башка жүйөөлүү себептер. 95 Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин протоколдук чечими менен Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын жумушчу органдары түзүлүшү мүмкүн (катчылык, эсептөө комиссиясы, керек учурда башка комиссиялар).
96. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин күн тартибинде сессиянын кезектеги маселелери жана аларды кароо тартиби көрсөтүлөт.
Ушул Регламентке ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңеши сессиянын планданган иш оңдоолорду киргизүүгө укуктуу.
97. Каракол шаардык депутаттар Кеңешине токтомдун долбоорун киргизүүгө акылуу субъектердин сунушу боюнча, Президиум, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иш планына ылайык, өзүнүн протоколдук чечими менен, сунуш кылынган күн тартибине кошумча маселелерди киргизүүгө акылуу (убагында даярдалган токтомдордун долбоорлору бар болсо). Бул учурда, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы күн тартибинен бул маселелерди чыгара албайт.
Сессиянын күн тартиби каралып жатканда, эгерде маселе буга чейин туруктуу комиссиянын, Президиумдун отурумдарында каралган болсо, ар бир депутат чукул каралуучу маселени күн тартибине киргизүүгө жана андан кайсы бир маселени чыгаруу боюнча сунуш киргизүүгө акылуу.
98. Президиум Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибин, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын сунуштарын эске алуу менен, ушул Регламентке ылайык, сессия башталаардан беш күн мурун аныктайт жана депутаттарга кезектеги сессиянын күн тартибин долбоорун, маселелерди кароо үчүн зарыл материалдарды сунуштайт.
Кезексиз сессия өткөрүлгөн учурда, күн тартибинин долбоору жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдында, каттоо жүргүзүү учурунда таркатылат.
99. Президиумга күн тартибин толуктоо боюнча сунуштарды киргизүүгө Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары, Каракол шаарынын мэри укуктуу.
Аныкталган күн тартибинен маселени алып салуу, ал карала электе, аны киргизген адамдын (органдын) же депутаттын демилгеси менен болушу мүмкүн.
100. Сессияда төрагалык кылуучу (төрага, анын биринчи орун басары, орун басары) аны шайлоо же кызматтан четтетүү маселеси каралгыча, сессияны алып барууну өткөрүп берет.
101. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
-сүйлөөчү Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сүйлөсө, адеп эрежелерин бузса- анын сөзүн токтотууга; -сессияны алып барууну камсыз кылуу үчүн Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерин чакырууга; -депутаттарга, кызмат адамдарына маалыматтар үчүн кайрылууга; -пландан тышкаркы жарыш сөздөрдү токтотууга; -депутатты тартипке чакырууга, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарына ушул Регламенттин жоболоруна ылайык, депутатты эскертүү боюнча сунуш берүүгө: -сессияны өткөрүү залында өзгөчө кырдаал түзүлгөн жана коомдук тартип одоно бузулган учурларда-сессияны токтотууга.
102. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясы өтүп жаткан учурда, сессиянын катышуучулары төрагалык кылуучунун уруксаатысыз сүйлөгөнгө акылары жок.
103. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Регламентти жана сессиянын күн тартибин сактоого; -сессияда депутаттардын укуктарынын сакталышын камсыз кылууга; -сессия өтүп жаткан залда тартипти камсыз кылууга; -сүйлөөчүлөр регламентти сакташын көзөмөлдөөгө кылууга, өз убагында берилген убакыттын бүтүп жаткандыгын эскертүүгө; -түшкөн сунуштардын баарын жазууга жана аларды өз кезеги менен добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыктарын айтууга; -сүйлөө үчүн сөздөрдү кезеги менен берүүгө; -сессияны алып баруу тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын, анын ичинде өзүнүн альтернативдик сунуштарын угууга (окууга) жана добуш берүүгө кезексиз коюуга; -сессиянын катышуучуларына сылык мамиле кылууга, сессиянын катышуучуларынын сөздөрүнө жеке пикирлерин жана бааларын айтуудан, сөздөрү бүткөндөн кийин аларга комментарийлерди берүүдөн баш тартууга; -эрежелер жана процедуралар боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жана түшүндүрүүлөрүн эске алууга; -аталып добуш берүүгө чыгарылган сунуштарды редакциялоого жана аталып добуш берүүнүн бланктарын толтурууга жетекчилик кылууга.
104. Ушул Регламент бекиткен тартипте, сессияда Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты төмөнкүлөргө укуктуу:
-Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин органдарына шайлоого же шайланууга, ушул органдарга талапкерлерди көрсөтүүгө (анын ичинде өзүнүн талапкерлигин), талапкерлерди четке кагууга: -сессиянын күн тартиби, сессияны алып баруу тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө; -документтердин долбоорлоруна түзөтүүлөрдү киргизүү; -жарыш сөздөргө катышууга, баяндоочуга (кош баяндоочуга) суроолорду берүүгө, добуш берүүнүн себептери боюнча сүйлөөгө (добуш берүүгө чейин); -өзүнүн сунуштарын добушка коюуну талап кылууга; -добуш берүү тартиби бузулганы жана сессияга катышпаган депутаттардын добушун эсептөөдө көрүнгөн электрондук тутамдын катачылыктары аныкталган учурда, кайрадан добуш берүүнү талап кылууга; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин түзүлүп жаткан же түзүлгөн органдарынын персоналдык курамы боюнча жана Каракол шаардык депутаттар Кеңеши шайлаган, дайындаган, бекиткен кызмат адамдарынын талапкерликтери боюнча пикирин айтууга; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин көзөмөлүнө караган органдын же кызмат адамдын сессияда отчет же билдирүү берүүсүн сунуш кылууга; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин компетенциясына караган маселелер боюнча текшерүүлөрдү жана депутаттык комиссияларды түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө; -аракеттеги документтерди өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгө; -коомдук мааниге ээ кайрылууларды жарыялоого; -Кыргыз Республикасынын «жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамы, аракеттеги мыйзамдар жана ушул Регламент берген укуктарды пайдаланууга; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты, анын ишмердүүлүгү тууралуу ар кандай маалыматты алууга; -зарыл болгондо өзүнүн карточкасы (мандаты) менен башка депутаттын иш ордунан добуш берүүгө; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларынын, отурумдарынын стенограммаларынын көчүрмөлөрүн алууга.
105. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты сессияда төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Регламентти, сессиянын күн тартибин сактоого жана төрагалык кылуучунун жөндүү талаптарын аткарууга; -сессияда төрагалык кылуучунун уруксааты менен гана сүйлөөгө; -жүрүм-турум адебин сактоого; -ар бир сессияда каттодон өтүп жана сессиянын ишине катышууга. Өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы үчүн, депутаттар ушул Регламенттин жоболоруна ылайык, жоопкерчиликке тартылышат.
106. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын чечими менен сессиянын башталыш, бүтүү жана танапис убактары бекитилиши мүмкүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын протоколдук чечими менен сессиянын убактысы 30 мүнөттөн ашпаган убакытка узартылышы мүмкүн. Ар бир сессиянын аягында кулактандыруулар үчүн 5 мүнөт берилет.
107. Сүйлөөлөр убактысы:
-баяндар, кошумча баяндар үчүн-10 мүнөткө чейин; -жарыш сөздө-3 мүнөткө чейин; -күн тартибинин «ар кандай» деген пунктунда- 3 мүнөткө чейин; -маалыматтар, суроолор, алып баруу тартиби, добуш берүү боюнча сунуштарды, даярдоо үчүн-1 мүнөткө чейин; -түзөтүүлөрдүн далилдери, коментарийлер үчүн - 1 мүнөткө чейин; -бир эле маселе боюнча бир мүнөттөн эки жолудан көп эмес сүйлөөгө болбойт. Сүлөөчүнүн өтүнүчү боюнча сүйлөө убактысы узартылышы (сессиянын протоколдук добуш берүүсүз чечими менен, эгерде депутаттар каршы болбосо).
108. Убакыттын жалпы лимити:
-баяндоочуга жана кошумча баяндочуга суроолор үчүн-20 мүнөткө чейин; -жарыш сөзгө-1 саатка чейин; -түзөтүүлөрдү кароо үчүн-30 мүнөткө чейин; -алып баруу тартиби боюнча талкуу пайда болсо-10 мүнөткө чейин; -добуш берүүнүн себептери боюнча-15 мүнөткө чейин.
109. Сессияда 30 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуунун төрагалык кылуучу жарыя кылат (добуш берүүсүз), ошондой эле Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин протоколдук чечими менен таризделет.
110. Эгерде сессияда баш аламандык пайда болсо жана төрагалык кылуучунун аны токтотууга мүмкүнчүлүгү болбосо, ал танапис жарыялап иш ордун кетет. Бул учурда сессия 30 мүнөткө токтотулган болуп эсептелет.
Эгерде сессия ишин улантканда, баш аламандык токтобосо, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого укуктуу.
111. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кезектеги сессиялары Президиумдун чечими менен которулушу мүмкүн. Тез арада карала турган маселелер болсо, кезексиз сессиялар чакырылаары мүмкүн. Кезексиз сессиялар Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын демилгеси, Президиумдун, депутаттык бирикмелердин (фракциялар, фракциялар коалициясы), туруктуу комиссиянын, же Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, Каракол шаарынын мэринин сунушу боюнча, сунуш түшкөндөн кийин беш күн кечикпей чакырылат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунуш жазуу түрүндө, карала турган маселелерди көрсөтүү, сессияны өткөрүүнүн зарылчылыгын кыскача негиздөө менен берилет.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясыны жылдыруу, кезексиз сессияны чакыруу жөнүндөгү билдирүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин баардык депутаттарына чечим кабыл алынгандан кийин бир сутканын ичинде жиберилет. Кыргыз Республикасынын (Каракол шаарынын) аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланса, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, депутаттарды маалымдоонун мөөнөттөрүн, тартибин сактабастан, кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
XII. Добуш берүүнүн жана чечимдерди кабыл алуунун тартиби
112. Ушул Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
-Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы саны- 31 адам; -отурумда катышып жаткандардын саны-добуш берүүнүн алдында, акыркы каттоодо катталгандардын саны.
113. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши чечимдерин ачык же жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алат.
Добуш берүү добуштарды санаган электрондук тутамды пайдалануу аркылуу же электрондук тутамды пайдалануусуз жүргүзүлүшү мүмкүн. Электрондук тутамды пайдалануу менен добуш берилгенде, ат-атынан добуш берүү болушу мүмкүн. Ушул Регламенте бекитилген добуш берүүнүн түрүн өзгөртүү жөнүндөгү чечим, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Баардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары протоколго киргизилет.
114. Бир маселе боюнча добуш берүүдө, депутат бир эле добушка ээ, аны чечимди кабыл алууга «макул», «каршы» же «калыс» деп бере алат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты добуш берүүгө укугун өзү гана пайдалана алат. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты добуш берүү учурунда жок болсо,ал добушун добуш берүүдөн кийин же ушул маселе боюнча Каракол шаардык Кеңеши тандаган добуш берүү ыкмасынан башка жол менен бере албайт. Отурумга катышып жатып, добуш берүүгө катышпоо, добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра кароого негиз болбойт.
115. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ачык добуш берүүсү, добуштарды саноонун электрондук тутамынын жардамы менен же Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечими боюнча аны пайдалануусуз өткөрүлөт. Бул учурда, добуштарды саноо, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши шайлаган эсептөө комиссиясына тапшырылат.
Ачык добуш берүүнүн алдында, сессияда төрагалык кылуучу канча сунуш добушка коюулаарын, жана добуштардын кандай көпчүлүгү менен чечим кабыл алынышы мүмкүн экенин (Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жалпы санынан же сессияга катышып жаткан депутаттардын санынан) айтат. Добуш берүүдөн кийин, сессияда төрагалык кылуучу, чечимдин кабыл алынганын же кабыл алынбагандыгын (четке кагылганын) жарыялайт. Кворум жок учурунда, сессияда төрагалык кылуучу добуш берүүнү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кийинки сессиясына которот. Добуш берүү процедурасында, же электрондук тутамдын ишинде бузулуулар, эсептөө комиссиясында каталар чыкса, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечими менен добуш берүү кайрадан жүргүзүлүшү мүмкүн.
116. Жашыруун добуш берүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жалпы санынан бештен биринин талабы боюнча жүргүзүлөт.
Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыгын аныктоо үчүн, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши ачык добуш берүү менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ичинен эсептөө комиссиясын шайлайт. Шайлануучу органдардын курамына көрсөтүлгөн депутаттар, эсептөө комиссиясынын курамындагы ишин добуш берүү учурунда токтотот. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт. Өзүнүн чечимдерин эсептөө комиссиясы анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат. Жашыруун добуш берүү үчүн, бюллетендер эсептөө комиссиясынын көзөмөлү астында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын санына жараша даярдалат. Добуш берүү бюллетенинде чечимдин долбоору боюнча жооп берүүнүн «макул», «каршы» деген варианттары болушу керек. Эсептөө комиссиясында калган бюллетендер комиссиянын мүчөлөрүнүн көзүнчө, комиссиянын төрагасы тарабынан жокко чыгарылат (бурчу кайчы менен кыркылат). Добуш берүүнүн убактысын, ордун, аны өткөрүү тартибин, ушул Регламентке ылайык, эсептөө комиссиясы аныктайт жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
117. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ар бир депутатына, тизме боюнча, күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин, жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетен берилет, бюллетенди алгандыгы үчүн, ал бюллетенди таратуу ведомостуна кол коет. Ар бир бюллетендин сыртына эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.
Жашыруун добуш берүү бюллетени эсептөө комиссиясынын мөөрү басылган атайы кутуга салынат. Депутаттар жашыруун добушун берүү үчүн, эсептөө комиссиясы шарттарды түзүүгө милдеттүү. Депутаттардын добуштары эсептелип жатканда, бекитилбеген үлгүдөгү бюллетендер, жана депутаттын берген добушу аныкталбай турган бюллетендер–жараксыз деп эсептелинет. Бюллетенге жазылган кошумчалар, добуштар эсептелгенде, эске алынбайт. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ага комиссиянын мүчөлөрүнүн баары кол коюшат. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын баяндоосунун негизинде, сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы жөнүндө жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтому менен таризделет.
118. Ат-атынан добуш берүү, сессияда катышып жаткан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечими менен өткөрүлөт.
Ат-атынан добуш берүүнүн жыйынтыктары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын стенографиялык отчетунда жарыяланат.
119. Бир нече талапкер көрсөтүлгөндө же каралып жаткан маселе боюнча чечимдин бир нече варианттары кабыл алынса, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечими менен, добуш берүү эки тур менен өтүшү мүмкүн.
Биринчи турда Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты көрсөтүлгөн талапкерлердин ар кандай саны же чечимдин ар кандай варианттары боюнча добуш берүүсү мүмкүн. Добуш берүүнүн экинчи туру, биринчи турда көбүрөөк добуштарды алган эки талапкер же эки вариант боюнча өткөрүлөт. Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча, тиешелүү добуштардын санынан кем эмес, көпчүлүк добушту алган талапкер же чечим шайланган (кабыл алынган) болуп эсептелинет. Эгерде экинчи турда талапкерлер керек добуштарды топтой албаса, шайлоо экинчи ирээт, башка талапкерлерди көрсөтүү менен өткөрүлөт. Мурда көрсөтүлгөн талапкерлер четтетилген болуп эсептелинишет. Эгерде каралып жаткан маселе боюнча чечимдин бир дагы варианты керек добуштарды топтой албаса, бул маселе кароодон алынып салынат.
120. Эгерде ушул Регламенте башка тартип көрсөтүлбөсө, процедуралык маселелер боюнча, чечим сессияга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Процедуралык маселелерге төмөнкүлөр кирет: -отурумда танапис жарыялоо, отурумду жылдыруу же жабуу; -сүйлөө үчүн кошумча убакыт берүү жөнүндө; -сессияга чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө; -каралып жаткан маселе боюнча жарыш сөздү которуу же токтотуу жөнүндө; -маселени тиешелүү туруктуу комиссиянын кароосуна берүү жөнүндө; -талкуусуз добуш берүү жөнүндө; -жабык отурумду өткөрүү жөнүндө; -сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө; -кошумча каттоону өткөрүү жөнүндө; -добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн эсептөө комиссиясын шайлоо жөнүндө. Добуштарды кайра саноо же экинчи ирээт добуш берүү жөнүндө чечим, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
121. Добуш берүүгө коюула турган сунуштар же түзөтүүлөр жарыяланыш керек жана алардын демилгечиси аталыш керек.
Токтомдун долбоору, абалы негиз катары кабыл алыш үчүн добушка коюулат. Негиз катары кабыл алынбаган токтомдун долбоору сессиянын күн тартибинен чыгарылат. Токтомдун долбоору сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен негизинен кабыл алынышы же жоболорун талкуу менен кабыл алынышы мүмкүн. Жоболору талкуу менен кабыл алынган токтомдун долбоору, жыйынтыгында негизинен кабыл алынат.
122. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентин бузуу менен кабыл алынган чечимдер, кабыл алуу учурунан тартып жараксыз. Мындай учурда, депутат мыйзамдуулукту сактоо, ММК жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу талабы менен кайрылууга укуктуу.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин сакталышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасына жана мыйзамдуулукту сактоо, ММК жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга жүктөлөт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында Регламенттин сакталышына көзөмөл кылуу төрагалык кылуучуга жүктөлөт.
123. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин жоболоруна сессияда түшүндүрмө берүүнү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММК жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы жүргүзөт жана зарыл болгондо, түшүндүрмө Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтому менен бекитиши мүмкүн.
XIII. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын жана Президиумунун отурумдарынын протоколу жана стенограммасы
124. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларында протокол жүргүзүлөт. Сессиянын отурумдарынын протоколдорун тариздөөнү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты жүргүзөт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин отурумунун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- отурумдун өткөрүү күнү, убактысы, орду;
-отурумга катышкан депутаттардын саны; -сессиянын күн тартибинин маселелери; -бул отурум үчүн депутаттарга таратылган документтердин атоолору жана редакциялары; -сессияда төрагалык кылуучунун жана сүйлөөчүлөрдүн фамилиялары; -добуш берүүгө коюлган баардык маселелер жана сунуштар, аларды чечүү ыкмалары; -добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер. Протоколго сессияда төрагалык кылуучу кол коет. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин протоколдорунан, токтомдорунан көчүрмөлөрдү чыгарууну Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты жүргүзөт. Көчүрмөлөрдү чыгаруу жөнүндөгү маалыматтар өзүнчө журналда катталат.
125. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларында стенограмма жүргүзүлөт. Стенограмманы Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты жүргүзөт. Сессиянын ачык отурумунун стенограммасы атайы басылмада жарыяланышы мүмкүн.
Сессиянын стенограммасы маселени талкуулоону, чечимдин кабыл алынышын толук чагылдырышы керек жана сессиянын отурумунун күнүн, убактысын, ордун, күн тартибин, сессияда төрагалык кылуучунун фамилиясын көрсөтүш керек. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты өзүнүн сөзүнүн стенограммасы менен таанышууга жана стенограмма жарыяланганга чейин анын көчүрмөсүн алууга укуктуу. Стенограммада стенографиялык жана башка так эместиктерге жол берилсе, депутат отурумдан кийинки иш күндүн ичинде, алар боюнча эскертүүлөрдү төрагалык кылуучунун атына бере алат.
XIV. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин отурумдарынын тартиби жана адеби
126. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин отурумунда сүйлөгөн адамдар адептин этикасын сактоого милдеттүү. Алар орой, кордоочу сөздөрдү айтууга, мыйзамсыз аракеттерди чакырууга, бирөөнүн дарегине негизсиз айыптарды айтууга укугу жок. Ушул жоболорду бузган адамдардын сөзү эскертүүсүз токтотулат жана талкууланып жаткан маселе боюнча аларга экинчи жолу сөз берилбейт.
Эгерде, сүйлөөчү талкууланып жаткан темадан алыстаса, сессияда төрагалык кылуучу ага эскертүү кылат.Эскертүү экинчи жолу айтылгандан кийин, анын сөзү токтотулат.
127. Эгерде, депутаттын оюу боюнча, сүйлөп жаткан адам же сессияда төрагалык кылуучу анын сөздөрүн же аракеттерин туура эмес түшүнүп жатса, ал төрагалык кылуучуга түшүндүрүү же эскертүү үчүн сөз берүүнү өтүнүп кайрылса болот. Мындай кайрылуу боюнча, сессияда төрагалык кылуучу ал депутатка кезектеги сүйлөөчүдөн кийин дароо сөз берет. Бул сөзү каралып жаткан маселе боюнча, депутаттын сөздөрүнүн эсебине кирбейт.
128. Сессия учурунда, депутаттар сүйлөп жаткандарга сүйлөөгө же сөздү кабыл алууга тоскоол болгон аракеттерге( кыйкырууга, кол чабууга, турууга ж.б.у.с.) жол бербеш керек.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын учурунда залдагылар, алардын ичинде депутаттар уюлдук, пейджингдик байланыш аппараттарын өчүрүүгө милдеттүү.
129. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияда төрагалык кылуучу ага жеке эскертүү берет жана тартипке чакырат.
130. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында эч ким төрагалык кылуучунун уруксаатысыз сүйлөөгө акысы жок. Бир эле маселе боюнча, депутат экиден көп жолу сүйлөй албайт.
131. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары күн тартибине кирген маселелер боюнча, өзүлөрү кол койгон материалдарды сессия залында таратууга укуктуу. Отурум залында таратууга даярдалган, бирок күн тартибине тиешеси жок документтер жана материалдар, түшүндүрмө кат менен коштолушу керек жана аларда Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын же төраганын орун басарларынын, же туруктуу комиссияларынын төрагаларынын же Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутатынын визасы болуш керек.
Түшүндүрмө катта, бул документ же материал ким тарабынан киргизилип жатканы көрсөтүлүшү керек.
132. Депутат жүйөөлүү гана себептер менен Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын, өзү мүчө болгон туруктуу комиссиянын отурумдарына катышпашы мүмкүн.
Сессияга катышпай турган депутат, күн мурун, бул жөнүндө, себебин көрсөтүү менен, жазуу же оозеки түрүндө, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасына же анын орун басарларына, ал эми туруктуу комиссиянын отурумуна катышпай турган болсо, туруктуу комиссиянын төрагасына же анын орун басарына билдириши керек. Бул учурда, ал ушул Регламенттин II бабынын 10 беренесининдеги шарттарын аткарууга милдеттүү.
133. Сессиянын катышуучусу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин отурумунда тартипти бузса, ага төмөнкү таасир этүү чаралар көрүлүшү мүмкүн:
-тартипке чакыруу; -протоколго жазуу менен тартипке чакыруу; -уяткаруу; -сессиянын аягына чейин сөз бербөө менен уяткаруу.
134. Тартипке чакырууга сессияда төрагалык кылуучу гана укуктуу.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын катышуучусу төмөнкү учурларда тартипке чакырылат: -сессияда төрагалык кылуучунун уруксаатысыз сүйлөсө; -адеп этикасын сактабаса.
135. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын катышуучусу мурун ушул эле сессияда тартипке чакырылса, протоколго жазуу менен тартипке чакырылат.
136. Сессияда төрагалык кылуучунун сунушу боюнча Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентин бузгандыгы үчүн, депутат сессияда катышып жаткан депутаттардын көпчүлүк добушу менен уяткарылат.
Депутат төмөнкү учурларда уяткарылат: -протоколго жазуу менен тартипке чакырылгандан кийин, сессияда төрагалык кылуучунун талаптарын аткарбаганда; -сессияда баш аламандык ызы-чууну уюштурганда, талкуунун жана добуш берүүнүн эркиндигине каршы болгондо; -Каракол шаардык депутаттар Кеңешин, сессиянын катышуучуларын жана сессия отурумунун залында жана залдан тышкары болгон адамдарды кордогондо.
137. Төмөнкү учурларда, сессиянын протоколдук чечими менен, депутат өтүп жаткан сессия учуруна сөз бербөө менен уяткарылат.
- жөнөкөй уяткарууга каршы болсо;
-эки жолу жөнөкөй уяткарылса. XV. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары жана аларды ишке ашыруу тартиби.
138. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши Каракол шаарынын бюджетин, анын аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитет жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө билдирүүлөрдү угат.
Бул маселелер боюнча чечимдер Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
139. Шаардык бюджеттин долбоорун өз убагында, сапаттуу түзүү максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши жана анын органдары каржы жана башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынан, юридикалык жактардан керектүү маалыматтарды алууга укуктуу.
Шаардын бюджетинин долбоорун түзүүгө керек болгон маалыматтарга төмөнкүлөр кирет: -жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүү ченемдери; -гранттардын божомолдуу көлөмдөрү; -бир бюджеттен башкага берилүүчү чыгымдардын түрлөрү жана көлөмдөрү; -мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жумшалуучу каржы чыгымдардын ченемдери; -минималдык бюджеттик камсыз болуунун ченемдери; -башка керектүү маалыматтар. Шаардын бюджетинин долбоору алдын ала Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларында каралат.
140. Шаардын бюджетинин долбоору Каракол шаардык депутаттар Кеңеишинин ачык сессияларында жана коомдук угууларда ачык–айкын каралат жана бекитилет. Бул маселе боюнча чечим Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана шаардын тиешелүү жылга бюджети боюнча токтомдору массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш.
141. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши шаардык социалдык-экономикалык өнүгүү, калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитет. Бул маселелер боюнча чечимдер Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
142. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында каралган жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү киргизет, шаардык жерлерге салыктын базалык чендеринин алкагында жиктелген салык ченемдерин бекитет.
Бул маселелер боюнча чечимдер Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди көргөзөт. Бул маселелер боюнча чечимдер Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына катышып жаткан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
143. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши жергиликтүү коомчулуктун коммуналдык менчигин тескөөнүн, аны пайдаланууга көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин бекитет.
Бул маселелер боюнча чечимдер Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
XVI. Мамлекеттик бийлик органдары менен алакаларды жүргүзүү тартиби
144. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен алакалары милдеттерди чектөө, кеңешти жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияны аракеттеги мыйзамдарда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ээ кылуу принцибинин негизинде түзүлөт.
Мамлекеттик бийлик органдары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин компетенциясына кирген маселелерге кийлигишүүгө укугу жок. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясына кирген маселелерге кийлигишүүгө укугу жок. Аймактын кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча Каракол шаардык депутаттар Кеңеши сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын отурумдарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомтсволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын өкүлдөрүн чакырууга укуктуу. Аймактын өнүгүүсүнүн орчундуу маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация дайыма консультацияларды жүргүзүп, өзүнүн чечимдерин Каракол шаардык депутаттар Кеңеши менен макулдашып турат.
XVII. Каракол шаарынын мэрин шайлоо жана ага ишеним көрсөтпөөнүн тартиби
145. Каракол шаарынын мэрин шайлоо Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары тарабынан, жашыруун добуш берүү аркылуу, ушул чакырылыштын ыйгарым мөөнөтүнө, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин фракциялары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көрсөткөн талапкерлердин ичинен жүргүзүлөт.
Каракол шаарынын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат. Каракол шаарынын мэрин шайлоо, ага депутаттардын жалпы санынан үчтөн экиси катышса, өткөн болуп эсептелет. Ушул Регламентти бузуу-шайлоону жараксыз деп табууга алып келет. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде басылат. Добуш берүүнүн алдында, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо урнасы текшерилет, пломбаланат, ага мөөр басылат. Ар бир депутат өзү добуш берет. Башка депутаттар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Шайлоо бюллетендерин добуш берүүчү депутаттар кабинада же жашыруун добуш берүү бөлмөсүндө толтурушат. Добуш бери жаткан депутаттар бюллетендерди толтуруп жатканда жанында башка адамдардын болушу мүмкүн эмес. Шайлоо урнасын ачардан мурун, аймактык шайлоо комиссиясы пайдаланылбаган бюллетендер санайт жана жокко чыгарат. Добуш берүүнүн аякталышы жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясы жарыя кылат. Добуш берүү бүткөнчө шайлоо урнасын ачууга тыюу салынат. Шайлоо урнасындагы бюллетендердин негизинде, аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого катышкан депутаттардын жалпы санын, Каракол шаарынын мэринин кызматына талапкерлер үчүн «макул», «каршы» деп берилген добуштардын санын аныктайт.
146. Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясы Каракол шаарынын мэринин кызматына талапкерлер үчүн «макул», «каршы» деп берилген добуштардын санын аныктайт.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жалпы санынан көпчүлүк добушту алган талапкер шайланган болуп эсептелинет. Шаардын шайланган мэрине аймактык шайлоо комиссиясы тиешелүү күбөлүктү тапшырат.
147. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына, 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамга (5 бап, 43 берене, пунктар:6,7,8,9).
XVIII. Каракол шаарынын мэриясы, анын структуралык бөлүкчөлөрү, кызматтары, муниципалдык аймактык коомдук өз алдынча башкаруулар менен алакаларды жүргүзүү тартиби
148. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Каракол шаарынын мэриясы, анын структуралык бөлүкчөлөрү, кызматтары, муниципалдык аймактык коомдук өз алдынча башкаруулар менен алакалары Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.
149. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши, Каракол шаарынын мэриясы МАКӨБтөрдүн чечимдерин жана сунуштарын ишке ашырууга көмөк кылышат, бекитилген мөөнөттөрдө аларды карашат жана алардын чечимдерине, сунуштарына негиздүү жоопторду беришет.
150. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жана Каракол шаарынын мэриясынын биргелешкен чечимдери Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте кабыл алынат.
XIX. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин көзөмөлдүк ыйгарымдарын ишке ашыруу тартиби
151. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин көзөмөлдөө ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына жана ушул Регламентке ылайык жүргүзүлөт.
Өзүнүн көзөмөлдөө ыйгарымдарын ишке ашыруу максатында Каракол шаардык депутаттар Кеңеши, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечимдерин бузуу же аткарбоо фактылары жана башка мамлекеттик же коомдук мааниге ээ маселелер боюнча, Каракол шаарынын аймагында жайгашкан кайсы болбосун мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органына кайсы болбосун кызматтагы адамдарга кайрылууларга акылуу.
152. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук негизин, анын көзөмөлдөө функциясын аткарган субъекттери түзөт: депутаттар, туруктуу комисиялар, Президиум, фракциялар, фракциялар коалициясы жана түздөн түз Каракол шаардык депутаттар Кеңеши.
153. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнүн жүргүзүү формалары: Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессияларында отчетторду угуу, депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүү, маалыматтарды талап кылуу ж.б.у.с.
154. Текшерүүлөр Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын тескемеси боюнча жүргүзүлөт. Тескеме менен текшерүүнү жүргүзүүгө укук берилет, анда текшерүүнүн максаты, баштоо күнү, аткаруучулар көрсөтүлөт
155. Көзөмөлдөө иш чарасынын өткөрүү мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпаш керек. Финансылык тартиптин орчундуу бузуулары, бюджеттик каражаттарды жана башка ресурстарды мыйзамсыз, сарамжалсыз чыгыштоо фактылары табылса жана көзөмөлдөө милдеттерин аткаруучуларга тоскоолдук түзүлсө, текшерүү мөөнөтү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы тарабынан, текшерүүчүлөрдүн катынын негизинде узартылат.
156. Текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде, текшерүүчүлөр маалыматтык кат даярдашат, керек болгон учурда- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомунун долбоорун даярдашат. Текшерүүнүн материалдары, ушул Регламент бекиткен процедура боюнча, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын күн тартибине киргизүү үчүн жиберилет.
157. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларынын көзөмөлдүк ишмердүүлүгү туруктуу комиссияларынын чечимдери менен таризделет. Керек болгон учурда, туруктуу комиссиянын чечими Президиумдун же Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын кароосуна коюлат
158. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин көзөмөлдүк текшерүүлөрдү кароонун жыйынтыктары боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, текшерилген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин даректерине Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтому, туруктуу комиссиялардын, Президиумдун чечимдери жана табылган бузууларды жоюуу боюнча сунуштар жиберилет.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечими аткарылбаган учурда, туруктуу комиссия, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиуму, депутат Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясына чечимдин аткарылбагандыгынын себептерин аныктоо үчүн текшерүүнү дайындоо, керек болгон учурда-күнөөлү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш менен чыгышаары мүмкүн. Бул маселе боюнча Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
159. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндөгү» Мыйзамынын 11 беренесинин негизинде Каракол шаардык депутаттар Кеңеши бир катар көзөмөлдүк процедураларга ээ.
Депутаттык суроо-талап- бул алдын ала же Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасына, анын орун басарларына, шаардын мэрине жана вице мэрлерине, Каракол шаарынын структуралык бөлүкчөлөрүнүн, кызматтардын жетекчилерине, менчиктин түрүнө карабастан, шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине маселени чечүү, расмий түрдө түшүндүрмө берүү же коомдук мааниге ээ жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин карамагына тиешелүү маселелер боюнча пикирди айтуу талабы. Суроо-талап депутаттан же депутаттардын тобунан жазуу же оозеки түрдө киргизилиши керек, ал Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын күн тартибине киргизилет, ал боюнча талкуу жүргүзүлүп, чечим кабыл алынышы мүмкүн. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы суроо-талапты тиешелүү органга же кызмат адамына жеткирет. Суроо-талапты алган орган же кызмат адамы, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши бекиткен мөөнөттө, суроо-талапка оозеки же жазуу түрүндө жооп берүүгө милдеттүү. Суроо-талапка берилген жооп Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин отурумунда каралышы мүмкүн.
160. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндөгү» Мыйзамдын 12-беренесине ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинде жана анын органдарында Каракол шаарынын аймагында жайгашкан, алардын менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн текшерүү жүргүзүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маселени коюуга укуктуу.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин же анын органдарынын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын тапшырмалары боюнча, депутат алардын чечими боюнча өткөрүлүп жаткан текшерүүлөргө катыша алат. Текшерүүнүн жыйынтыктары, алар боюнча сунуштарын, депутат тапшырма берген Каракол шаардык депутаттар Кеңешине анын органдарына же Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасына билдирет. Текшерүүнүн жыйынтыктарында, депутат текшерүү учурунда чыккан кемчиликтер, бузуулар боюнча, ишмердүүлүгү текшерилген ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, органдардын жетекчилерине (ээлерине) сунуштарды киргизүүгө жана жогорку органдарга күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча маселени коюууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарын бузуу аныкталса, депутат бул боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрыла алат.
XX. Депутаттык угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
161. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши депутаттык угууларды өткөрө алат.
Депутаттык угуулардын материалдары депутаттарга угуулар башталаардан 5 күн мурун берилет.
162. Депутаттык угууларда Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин компетенциясына кирген ар кандай маселелер талкууланышы мүмкүн.
Депутаттык угууларда Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутатынын, туруктуу комиссиялардын, депутаттык бирикмелердин (фракциялардын, фракциялар коалициясынын), Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын, анын орун басарларынын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун демилгеси боюнча өткөрүлөт. Депутаттык угуулар коомдук жана донордук уюмдар менен бирдикте өткөрүлүшү мүмкүн.
163. Депутаттык угууларды уюштуруу жана өткөрүү депутаттык угуулардын демилгечисине жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратына жүктөлөт.
Депутаттык угууларга чакырылгандардын тизмесин депутаттык угууларды өткөрүүнү уюштурган демилгечи аныктайт. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы чакырылгандардын тизмесин толуктаганга укуктуу. Депутаттык угууларга чакырылгандардын тизмесине кирген адамдарга алдын ала расмий чакыруулар жиберилет, аларга ылайык, алар депутаттык угууларга келүүгө милдеттүү.
164. Депутаттык угуулар ММКлардын өкүлдөрү жана коомчулук үчүн ачык.
Депутаттык угууларды өткөрүүсүн уюштурган демилгечи жабык депутаттык угууларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Жабык депутаттык угууларда конфиденциалдуу мүнөздөгү жана мамлекеттик жана башка мыйзамдуу түрдө сактала турган сырларга тиешеси бар маселелер талкууланат.
165. Депутаттык угууларда Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин тиешелүү туруктуу комисиясынын төрагасы, ал жокто, анын орун басары же болбосо депутаттык угуулардын демилгечиси төрагалык кылат.
Төрагалык кылуучу угууларды алып барат жана талкуунун тартибине көзөмөл кылат.
166. Депутаттык угуулар төрагалык кылуучунун кыскача кириш сөзү менен башталат. Ал талкуулана турган маселенин маңызы, мааниси, угуунун өткөрүү тартиби, чакырылган адамдардын курамы боюнча билдирүү жасайт. Депутаттык угууларда каалагандардын баары, төраганын уруксааты менен, сүйлөй алышат.
167. Депутаттык угууларга чакырылгандардын сөздөрүнөн кийин, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын суроолору жана аларга жооптор башталат. Суроолор оззеки жана жазуу түрүндө берилиши мүмкүн
168. Депутаттык угуулар талкууланган маселелер боюнча сунуштарды кабыл алуу менен бүтүшү мүмкүн. Депутаттык угуулардын сунуштары депутаттык угууларга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн жактыруусу менен кабыл алынат.
169. Депутаттык угуулар протоколго жазылат жана стенографияланат. Депутаттык угуулардын протоколуна төрагалык кылуучу кол коет.
Ачык депутаттык угуулардын сунуштары басмаларга жарыяланышы мүмкүн. Депутаттык угуулардын материалдары, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарына, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын депутаттык угууларга катышкан өкүлдөрүнө берилет.
XXI. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутатынын шайлоочулар менен алакалары. Шайлоочулардын сунуш-талаптары
170. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары шайлоочулар менен социалдык-экономикалык, маданий өнүгүүнүн программаларын түзүүдө жана ишке ашырууда, шаардын бюджетин түзүүдө такай байланышта болушат, алардын кызыкчылыктарын жана суроо-талаптарын көрсөтөт, эске алат.
171. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши бекиткен тартипке ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы, анын орун басарлары, депутаттар такай кабыл алууларды жүргүзүшөт жана шайлоочулар менен кезигишет.
172. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты шайлоочулар менен, аны көрсөткөн партиялардын, шайлоочулардын топторунун мүчөлөрү, ошондой эле Каракол шаарынын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын жана атуулдук бирикмелердин органдарынын жамааттары менен байланышта болот.
Шайлоочулар өзүнүн депутаттарына сунуш-талаптарды бере алышат. Депутат шайлоочулардын алдында жооптуу жана аларга отчет берет.
173. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен такай байланышта болот, аларды Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иши, экономикалык жана социалдык өнүгүү программаларынын, жергиликтүү экологиялык программалардын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечимдерин жана шайлоочулардын сунуш-талаптарынын аткарылышы жөнүндө дайыма маалымдап турат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, анын органдарынын чечимдеринин аткарылышына көмөк көрсөтөт. Каракол шаарынын аймагында өткөрүлүп жаткан массалык иш-чараларга катышат, коомдук пикирди, калктын керектөөлөрүн изилдейт, алар жөнүндө Каракол шаардык депутаттар Кеңешин маалымдайт, жамааттык муктаждыктарды, атуулдардын мыйзамдуу талаптарын канааттандыруу боюнча башка чараларды көрөт.
Өзүнүн ишинде депутат коомдук комитеттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын, эмгек жамааттарынын, атуулдук бирикмелердин органдарынын жардамына таянат.
174. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты ага түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карайт, алардын туура жана өз убагында чечилишине чараларды көрөт, атуулдарды кабыл алат.
Депутат ага түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды тиешелүү органдарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтө алат, алар аларды Кыргыз Республикасынын мыйзам аракеттеги мыйзамдарына ылайык карап, жыйынтыктарын арыз ээлерине жана депутатка билдирүүгө милдеттүү. Депутат арыздардын себептерин изилдеп, аларды жоюуу боюнча өзүнүн сунуштарын Каракол шаардык депутаттар Кеңешине, мамлекеттик органдарга, атуулдук бирикмелердин органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга киргизе алат.
175. Депутат мезгил-мезгили менен, бирок жылына жок дегенде бир жолу, өзүнүн ишмердүүлүгү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин иши жөнүндө шайлоочулардын, жамааттардын жана атуулдардын бирикмелери алдында отчет берүүгө милдеттүү.
Депутаттын отчету ар кайсы убакта, аны депутаттыкка талапкер кылып көргөзгөн атуулдардын бирикмелеринин жана шайлоочулардын жыйналышынын талабы боюнча өткөрүлүшү мүмкүн. Депутаттын отчету аны депутатыкка талапкер кылып көрсөткөн тиешелүү партиянын же шайлоочулар тобунун жана эмгек жамааттарынын (конференцияларда), атуулдардын бирикмелеринин жыйналыштарында өтөт. Отчеттун берилиши жөнүндө депутат, бекитилген тартипте, Каракол шаардык депутаттар Кеңешин жана анын органдарын маалымдайт.
176. Отчетторду берүү жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн депутатка баардык керектүү шарттар түзүлөт.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешини депутаттардын шайлоочулар алдында берилчү отчеттордун божомолдуу мөөнөттөрүн аныктайт, аларды өз убагында, отчетко керек боло турган маалыматтык, билдирүүчү материалдар менен камсыз кылат. Депутаттын отчету боло турган ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациялары, атуулдардын бирикмелеринин органдары жыйналыш өткөрүү үчүн жай даярдап, шайлоочуларга жыйналыштын убактысы, өткөрүү орду жөнүндө билдирет жана депутаттын Каракол шаарынын аймагындагы иштерине көмөк көрсөтүү боюнча башка чараларды көрүшөт. Депутаттардын отчеттору, шайлоочулар менен болгон жолугушуулары ММКларда чагылдырылат. Шайлоочулардын алдындагы отчетторду берүүгө жумшалган чыгымдар Каракол шаарынын бюджетинен каржыланат
177. Шайлоочулардын депутаттарга берилген сунуш-талаптарын жалпылоону, аларды алдын ала мэрия менен макулдашууну, аларды Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кароосуна киргизүүнү фракциянын жана фракциялар коалициясынын жетекчиси жүргүзөт.
Фракциялар жана фракциялар коалициясы киргизген шайлоочулардын депутаттарга берген сунуш-талаптары жалпылоону жана алдын ала кароону Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссиялары, аппараты Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте жүргүзүшөт. Алар даярдаган шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашыруунун иш чаралар планынын долбоору Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизилет.
178. Шайлоочулардын сунуш-талаптары Каракол шаарынын экономикалык, социалдык өнүгүүсүнүн пландарын, программаларын, жергиликтүү экологиялык программаларды иштеп чыгууда, бюджетти түзүүдө жана башка маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо эске алынат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында шайлоочулардын сунуш-талаптарын аткаруу үчүн, кабыл алуу боюнча чечим кабыл алынат жана аларды ишке ашыруу боюнча чаралардын планы бекитилет. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши айрым сунуш-талаптарды аткаруусун четке кагуу боюнча себептүү чечим кабыл алышы мүмкүн.
179. Шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашышын мэрия, анын структурдук бөлүкчөлөрү, кызматтары камсыз кылышат.
Шайлоочулардын сунуш-талаптарынын аткарылышына көзөмөлдөөнү тиешелүү фракциялар, көпчүлүк коалициясы, туруктуу комиссиялар, аппараттын кызматкерлери жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары жүргүзөт. Шайлоочулардын сунуш-талаптарынын ишке ашышын камсыз кылуучу органдар Каракол шаардык депутаттар Кеңешине Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомунда белгиленген мөөнөттөрдө, бирок жылына бир жолудан кем эмес, баян кылып турушат. Депутаттар мезгил-мезгили менен шайлоочуларды, алар берген сунуш-талаптардын аткарылышы жөнүндө маалымдап турушат, анын ичинде, ММКлар аркылуу.
180. Депутаттык ишмердүүлүк ачык-айкын мүнөзгө ээ жана депутаттан өзүнө дайыма көзөмөл жүргүзүүнү, өзүнүн депутаттык жана коомдук ишмердүүлүгүндө, жеке турмушунда адептүү болушун талап кылат.
Депутат саясий коньюктура максатында же өзүнүн жеке пайдасы үчүн конфиденциалдык маалыматты пайдаланууга болбойт. Депутат Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жабык сессиясынын, туруктуу комиссиясынын отурумунда уккан маалыматтарды жана ага ишенип, сырын айткан шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тиешелүү маалыматтарды жарыя кылууга укугу жок Депутат сүйлөп жатканда, сот карай элек кылмыштык жана атуулдук иштер боюнча фактыларды айтууга укугу жок. Анткени, мындай көрүнүш соттун, тергөөнүн ишине киришкендик же аларга басым көрсөтүү катары эсептелиниши мүмкүн. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин атайын ыйгарымдары жок депутаты, чет өлкөлүк атуулдары менен, чет өлкөлөрдүн органдары, кызмат адамдары менен өзүнүн гана атынан алакаларды түзө алат. Депутаттык милдеттерин аткарууда, депутат Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппаратынын кызматкерлеринин жардамы менен, депутаттык ыйгарымдарынан аша кетпей пайдалана алат. Депутаттык милдеттерин аткаруу учурунда кетирген чыгымдарга, депутат ага расмий түрдө бөлүнүп берилген гана каражаттарды жумшай алат. Депутат Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин автоунаасын жеке өзүнүн максатында пайдаланууга акысы жок. Өзүнүн депутаттык милдеттерин аткарууга байланышкан аракеттери же аракет кылбагандыгы үчүн, депутаттар адамдардан же юридикалык жактардан сый катары белектерди, акча каражаттарын, кызматтарды алууга (пайдаланууга) акысы жок.
XXII. Депутаттардын жардамчылары
181. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты коомдук башталышта иштөөчү, үч кишиден ашпаган жардамчыларды алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жараны гана депутаттын жардамчысы боло алат.
182. Жардамчынын ишинин мүнөзү, ушул Регламентке, жана депутаттын жардамчысы жөнүндөгү жобого ылайык, депутат тарабынан аныкталат.
Депутаттын жардамчысы:
- анын шайлоочулары менен болгон жолугушууларын уюштурат;
-депутатка анын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн керек болгон талдоо, билдирүү, маалымат жана башка материалдарды даярдап берет; -депутаттын тапшырмасы боюнча, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, коомдук бирикмелерден документтерди, билдирүүчү, маалыматтык материалдарды алат; -депутаттын тапшырмасы боюнча, башка адамдар, уюмдар менен алакаларды түзөт.
183. Депутаттын жардамчылары депутаттык макамга ээ эмес жана анын укуктарын пайдалана албайт. Депутат өзүнүн жардамчыларын ишмердүүлүгү үчүн жооп берет.
Депутаттын жардамчысына анын ыйгарымын тастыктаган күбөлүк берилет.
XXIII. Эл аралык кызматташтык
184. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши көз карандысыз мамлекеттердин Кызматташтыгына кирген мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүн шаарларынын, региондорунун, өкүлчүлүк бийликтери менен кызматташтык жөнүңдөгү келишимдерди түзө алат.
185. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши эл аралык уюмдар менен байланыштарды түзө алат.
186. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши, эгерде өкүлчүлүк бийлигинин бекитүүсү керек болсо, Каракол шаарынын мэриясы эл аралык байланыштар алкагында түзгөн келишимдерди бекитет.
XXIV. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенттине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
187. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин жаңы редакциясы, Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
188. Туруктуу комиссиялардын же Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жалпы санынын бештен бирин түзгөн депутаттардын Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенттине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунуштары, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын күн тартибине ар кайсы убакта киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
189. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенти, ага киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, Регламентин кабыл алынышы жөнүндөгү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын токтому жарыялангандан баштап, юстиция органында каттодон өткөндөн кийин, күчө кирет.
XXV. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ыйгарым укуктарынын токтолушу
190. Каракол шаардык депутаттар Кеңеши өз ишмердүүлүгүндө, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигин эске алат;
(Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 27-17/1 токтомунун редакциясына ылайык)
191. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ыйгарым укуктары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жаңы курамы түзүлгөндө же Каракол шаардык депутаттар Кеңеши мөөнөтүнөн мурда таркатылса токтолот;
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда таркатылышы мүмкүн:
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын бештен биринин сунушу боюнча, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жалпы санынан үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынган чечими менен;
-Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 11 беренесинде каралган негиздер боюнча, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан; -Каракол шаарынын шайлоочуларынын теңинен көбүнүн сунушу боюнча.
(Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 27-17/1 токтомунун редакциясына ылайык)
Каракол шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
Э.Майрыков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Каракол шаардык кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы № 26-12/5 "Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.06.2013 · № 26-12/5
- Каракол шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-июлундагы № 26-6/2 "Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.07.2012 · № 26-6/2
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон