9-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12
Жергиликтүү мамлекеттик администрация:
1) тиешелүү аймакта аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат;
2) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын долбоорун бекитет, аларды аткарууну уюштурат жана ошол программалардын аткарылышы жөнүндө жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналышына отчет берет;
3) республикалык бюджеттин каражаттарын жана стратегиялык багыттагы каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) тийиштүү аймакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
5) тийиштүү аймактагы мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкарууну камсыз кылат;
6) кечиктирилгис социалдык-экономикалык, экологиялык жана башка милдеттерди чечүү үчүн колдо болгон ресурстарды тартууну уюштурат;
7) өзгөчө кырдаалдарды, табигый кырсыктарды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүзөгө ашырат;
7-1) тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
8) жарандардын укуктарынын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
8-1) тиешелүү аймакта балдардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 8-2) Балдар иштери боюнча комиссиянын ишин уюштурат; 8-3) Пробация боюнча кеңештин ишин уюштурат;
9) жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программаларды башкарууну жана программалардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
10) аймактык шайлоо комиссияларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, алардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жардамдарды көрсөтөт;
10-1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин кыйла баалуу түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу теңдеш түрлөрүн - бир түрдөн башкасына которот; 10-2) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;
103) айыл чарба багытындагы жайыттарды, чабындыларды жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин түрлөрүн жеке турак жайларды курууга жерлерди которууну кошпогондо, жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которот;
104) запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которот;
11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2013-жылдын 15-июлундагы № 143, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 85, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения института пробации"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 апреля 2015 года № 85 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2013 года № 143 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
26.12.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;
кошулду: 103) айыл чарба багытындагы жайыттарды, чабындыларды жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин түрлөрүн жеке турак жайларды курууга жерлерди которууну кошпогондо, жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которот;
104) запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которот;
11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы алынып салынды: N кошулду: № 114, 2012-жылдын 3-августундагы алынып салынды: N кошулду: № 149, 2013-жылдын 15-июлундагы алынып салынды: N кошулду: № 143, 2013-жылдын 15-ноябрындагы алынып салынды: N кошулду: № 201, 2015-жылдын 17-апрелиндеги алынып салынды: N кошулду: № 85, 2019-жылдын 24-апрелиндеги алынып салынды: N 56 кошулду: № 56, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20 -январындыгы № 13"Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 20.01.2021 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 558 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Иманалиев жана К.Бокоев тарабынан демилгеленген "Курултайлар жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 08.08.2012 · № 558 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.02.2012 · № 7 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203101/st-9" title="9-берене - Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>