15-берене
Күчүн жоготкон · 01.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191.
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-берене. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери жана кардарлары үчүн белгиленген чектөөлөр
1. Оюн-зоок жайларынын штатына 18 жаштан жаш эмес (толук жөндөмдүүлүгү бар) кызматкерлер алынышы зарыл.
2. Төмөнкүдөй жашка жеткендер гана оюн-зоок жайларынын кардарлары болушу мүмкүн:
- оюн-зоок залдары үчүн - (толук жөндөмдүүлүгү бар) 18 жаштагылар;
- казино үчүн - 21 жаштагылар.
3. Оюн-зоок жайларынын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- катуу мас абалында оюн-зоок жайларына кирүүгө;
- оюн-зоок жайларынын уруксаты жок киного, сүрөткө, видеого тартууга;
- оюн-зоок жайларынын кызматтык зонасына кирүүгө.
4. Оюн-зоок жайларынын эрежелеринде жалпы жүрүм-турум ченемдерине жана моралга тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок жайларынын кардарлары жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кайсы бир кардардан оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу.
Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткиликтүү жерде жайгаштырылышы керек.".
Берененин тексти 01.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202899/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>