Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 26 „Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү жөнүндө“ Декретине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 1-июлу УӨ № 86
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын
26-апрелиндеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият
министрлигин түзүү жөнүндө" Декретине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Маалымат маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишин уюштурууну
өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретин жетекчиликке алып Кыргыз Респуб-
ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апре-
линдеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү
жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Декреттин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Рес-
публикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө";
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик
агенттиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бо-
луп кайра түзүлсүн.";
- Декреттин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Маданият ми-
нистрлиги" деген сөздөр түрдүү жөндөмөдө "Маданият жана маалымат ми-
нистрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттун экинчи абзацындагы "маданият министри" деген сөздөр
"маданият жана маалымат министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН 2010-жылдын 26-апрели УӨ № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 26.04.2010 · № 26
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1