Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН УӨ № 26 «Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү жөнүндө» Декрети
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 26-апрели УӨ № 26
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 86 декретинин редакциясына ылайык) Маданият маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишин уюштурууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги болуп кайра түзүлсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 86 декретинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн түзүмүнө, Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн курамына кирери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Маданият мамлекеттик агенттигинин укугун мурастоочу болуп эсептелери белгиленсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 86 декрети- нин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бир айлык мөөнөттө Министрликтин жобосунун, түзүмүнүн жана башкаруу схемасынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Декретке каршы келбеген бөлүгүндө колдонулары белгиленсин.
5. Ушул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
6. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР УО 2010-жылдын 1-июлунун №86 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү жөнүндө" Декретине…Декрет · 01.07.2010 · № 86
- КР Премьер-министрин 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 64 (Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин коллегия бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 03.09.2010 · № 64 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2010 · № 77 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1
- КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2010 · № 77 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.