Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Декрети
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Декрет ВП КР от 9 августа 2010 года № 118 "О признании утратившим силу Декрета Временного Правительства Кыргызской Республики от 1 июля 2010 года № 94 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-08-09.
КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы УӨ № 118 Декретине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары
2010-жылдын 1-июлу УӨ №94
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз
Республикасынын кодексине толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
Бешинчи шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине шайлоону
уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу маселелерди укуктук регламенттоо
максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын
7-апрелиндеги № 1 Декретин жана 2010-жылдын 19-майындагы № 40 "Кыргыз
Республикасынын жањы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум (жалпы
элдик добуш берүү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ушул Декретти кабыл алат:
1-берене.
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын ко-
дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., №
9, 436-ст.) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 22-берененин 3-пункту "жашагандыгынын фактысы," деген сөздөрдөн
кийин "ким экендигин тастыктаган документте каттоого алуу органдарынын
каттоо белгиси жок көпчүлүк учурда жашаганда - ал шайлоо участкасынын
аймагында жашагандыгынын фактысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары тарабынан ырасталганда," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 25-берененин 3-пунктунун биринчи абзацындагы "мандаттардын са-
нынан кем болбогон" деген сөздөр "80 мандаттан кем эмес жана 120 ман-
даттан ашпаган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 40-берененин 1-пункту:
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү жана бешинчи абзацтары менен толуктал-
сын:
"- ар бир шайлоочуда белгинин (маркировканын) жок экендигин атайын
жабдуу менен текшерүүнү жүзөгө ашыруу;";
"- шайлоочунун сол колунун баш бармагын атайын аралашма менен бел-
гилөө (маркировкалоо) жана шайлоо бюллетенин берүү;";
- төмөнкү мазмундагы онунчу-он төртүнчү абзацтар менен толуктал-
сын:
"Добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде участкалык шайлоо комисси-
ясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн бири ар бир шайлоочунун сол
колунун баш бармагында атайын зат сүртүлгөн белгинин (маркировканын)
жок экендигин атайын жабдуу менен текшерет. Сол колунун баш бармагында
атайын зат менен сүртүлгөн белгиси (маркировкасы) жок шайлоочу шайлоо
бюллетенин алуу жана добуш берүү үчүн жайга киргизилет. Эгерде шайлоо-
чунун сол колунун баш бармагында атайын зат менен сүртүлгөн белги (мар-
кировка) болсо, анда шайлоочу шайлоо бюллетенин алуу жана добуш берүү
үчүн жайга киргизилбейт. Шайлоо бюллетендерин берүүдө участкалык комис-
сиянын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсү шайлоочунун сол колунун баш бар-
магына атайын затты сүртүү менен белги коет (маркировкалайт).
Сол колдун баш бармагы болбогондо маркировкалоо төмөнкүчө жүзөгө
ашырылат:
- сөөмөйдөн баштап баш бармакка эњ жакын турган манжа маркировка-
ланат;
- сол колдун манжалары болбогондо он колдун манжалары сол кол үчүн
каралган тартипте маркировкаланат;
- эки колунда тењ манжалары болбогондо шайлоочу бир эле шайлоодо
добуш берүүдөн маркировкасыз бир жолу гана өтүүгө укуктуу.";
- онунчу абзац "башкасы -" деген сөздөн кийин "шайлоочунун сол ко-
лунун баш бармагын атайын зат менен сүртүп белгилейт (маркировкалайт)
жана" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 69-беренеде:
1-пункттагы "25 жашка" деген цифралар жана сөз "21 жашка" деген
цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Жањы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
шайлоо Президент тарабынан шайлоо күнүнө чейин 90 календарлык күндөн
эрте эмес жана 60 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө дайындалат.".
5. 70-беренедеги "90" деген цифралар "120" деген цифралар менен
алмаштырылсын.
6. 72-беренеде:
2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо дайындалган күнгө чейин
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон жана/же кайра
каттоодон өткөн саясий партиялар Жогорку Кењештин депутаттыгына талап-
керлердин тизмесин көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү
жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш менен кабыл
алынат. Кезектеги (кезексиз) съездди чакыруу жана өткөрүү саясий парти-
янын уставы менен каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Саясий партиянын
талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча съездине Борбордук шайлоо ко-
миссиясынын мүчөсү катышууга укуктуу.";
3-пункттун алтынчы абзацындагы "100" деген цифралар "120" деген
цифралар менен алмаштырылсын.
7. 74-берененин 2-пунктунун экинчи абзацындагы "1000000" деген
цифралар "500000" деген цифралар менен алмаштырылсын.
8. 77-берененин 3-пунктунда:
биринчи абзацдагы "90" деген цифралар "120" деген цифралар менен
алмаштырылсын;
үчүнчү абзацдагы "экинчи бөлүгүнө" деген сөздөр "экинчи абзацына"
деген сөздөр менен алмаштырылсын;
пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Шайлоонун натыйжалары боюнча саясий партияга 65 депутаттык ман-
даттан ашык берилиши мүмкүн эмес. Эгерде мандаттарды бөлүштүрүүдө сая-
сий партиянын талапкерлеринин тизмеси 65 депутаттык мандаттан ашык ал-
са, анда аларды кайра бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Ал мандаттар шайлоочулар-
дын добуштарынын азын алган талапкерлердин тизмесинен баштап бирдиктүү
шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө жол берилген
талапкерлердин тизмесине өткөрүлүп берилет.
Эгерде ушул пункттун төртүнчү абзацына ылайык аракеттерден кийин
кайра бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калып калса, аларды ушул эле тартипте
экинчи жолу жана ошондой эле кайра бөлүштүрүү жүргүзүлөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясы:
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде ушул Декреттен келип чыгуучу тие-
шелүү токтомдорду, нускамаларды, жоболорду, башка актыларды чыгарсын;
- өз чечимдерин ушул Декретке ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР УО 2010-жылдын 9-августунун № 118 "2010-жылдын 1-июлундагы № 94 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү…Декрет · 09.08.2010 · № 118
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-майындагы УӨ № 40 "Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө" ДекретиДекрет · 19.05.2010 · № 40
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1
- КР УО 2010-жылдын 9-августунун № 118 "2010-жылдын 1-июлундагы № 94 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү…Декрет · 09.08.2010 · № 118
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон