Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Ыктыярдуу элдик кошуун түзүү жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 12-июну УӨ №66
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Ыктыярдуу элдик кошуун түзүү жөнүндө
Артында Бакиевдер турган саясий күчтөр Кыргыз Республикасында
үй-бүлөлүк башкаруу системасын кайра калыбына келтирүү жана 2010-жылдын
7-апрелиндеги элдик революциянын жетишкендиктерин жаманатты кылуу мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө каршы активдүү ара-
кеттерди жүргүзүп жатышат.
Элге каршы контрреволюциячыл күчтөр тымызын курал, ок-дарыларды,
акча таратышып, Ош шаарында жана ага жакын калктуу конуштарда улуттар
аралык кагылышуу уюштурушту.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бүтүндүгү жана көз каранды эместиги
коркунучта.
Ушул айтылгандардын негизинде, бүтүндүктү, көз каранды эместикти
жана жетишилген элдик жењишти сактап калуу максатында, жарандардын
алардын укуктарын жана жеке коопсуздуктарын камсыздоо жөнүндө талапта-
рын эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасында бирдиктүү ыктыярдуу элдик кошуундар
түзүлсүн.
2. Ыктыярдуу элдик кошуундун республикалык оперативдүү штабынын
башчысы болуп Солдашенко Н.А. дайындалсын.
3. Ыктыярдуу элдик кошуундун негизги максаты - Кыргыз Республика-
сынын бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн сактоого жана саясий стабилдүүлүктү
камсыздоого жардамдашуу белгиленсин.
4. Ыктыярдуу элдик кошуундун республикалык оперативдүү штабы өз
катарларына патриот жарандарды, укук коргоо органдарынын жана күч
түзүмдөрүнүн запастагы офицерлерин тартсын.
5. Бардык мамлекеттик органдар ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүүгө
жана уюштурууга ар тараптуу жардам беришсин.
6. Ыктыярдуу элдик кошуундар өз ишин Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык укук коргоо органдары менен биргелешип жүргүзүшөөрү
белгиленсин.
7. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жалпы координациялоо Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигине тапшырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги зарыл болгон
учурда аныкталган тартипте ыктыярдуу элдик кошундун мүчөлөрүн куралдоо
укугуна ээ.
9. Ыктыярдуу элдик кошуундарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Фи-
нансы министрлигине тапшырылсын.
10. Ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
11. Ушул Декрет кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпы
республикадагы кырдаал стабилдештирилгенге чейин иш жүзүндө болот.
12. Ушул Декреттин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүсү Кыргыз Респуб-
ликасынын Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, коопсуздук, укук тар-
тиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- 2010-жылдын 12-июнунун № 66 "Ыктыярдуу элдик кошундар жөнүндө" ЖОБОПоложение · 12.06.2010 · № 66
- Аламүдүн айыл аймагында “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө № 17 ЖОБО (Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын…Положение · 17.02.2022 · № 17
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-апрели №116 "Аламүдүн айыл аймагында “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби…Постановление · 18.04.2019 · № 116
- Нарзан айыл аймагында "Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө (Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын…Положение · 17.01.2025 · № 01-3/13
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1