Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Ыктыярдуу элдик кошундар жөнүндө» ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 12-июнундагы № 66
Декрети менен
бекитилген
Ыктыярдуу элдик кошундар жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоблор
2. Ыктыярдуу элдик кошундардын негизги милдеттери жана функциялары
3. ЫЭКны түзүүнүн жана анын ишинин тартиби
4. Ыктыярдуу элдик кошундардын ишинин формалары менен усулдары
5. Элдик кошунчунун милдеттери жана укуктары
6. Ыктыярдуу элдик кошундардын ишине жетекчилик кылуу
7. Укук коргоо органдарынын ЫЭКы менен өз ара аракеттениши
8. Мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүк кылуу
1. Жалпы жоболор
1. Ыктыярдуу элдик кошундар (мындан ары - ЫЭК) - коомдук тартипти
сактоону күчөтүү жана укук бузуучулар менен күрөшүү үчүн түзүлөт.
2. ЫЭК өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Рес-
публикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомдорун жана тескемелерин, ошондой
эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. ЫЭК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине оперативдүү
баш ийүү менен республиканын аймагында түзүлөт.
4. Ыктыярдуу элдик кошундарга өзүнүн иштиктүү жана моралдык сапат-
тары менен кошундун алдына коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга
жөндөмдүү жумушчулардын, кызматчылардын, студенттердин, окуучулардын
арасынан 18 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары, пенсионерле-
ри кабыл алынат.
5. ЫЭКке Республикалык оперативдүү штаб жетекчилик жүргүзөт.
6. Коомдук тартипти сактоо боюнча алардын иштерине байланыштуу эл-
дик кошунчулардын мыйзамдуу иштерине каршы аракеттер, өмүрүнө, ден соо-
лугуна, кадыр-баркына катылуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
7. ЫЭКтин ишине Республикалык оперативдүү штаб контролдоо
жүргүзөт.
2. Ыктыярдуу элдик кошундардын
негизги милдеттери жана функциялары
1. ЫЭКтин негизги милдеттери жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу
кызыкчылыктарын коргоо, укук бузууларды алдын алууга жана болтурбоого
жигердүү катышуу, коомдук тартипти сактоо болуп саналат.
2. ЫЭК өзүнө жүктөлгөн төмөндөгүдөй милдеттерди аткарат жана кол-
донуудагы мыйзамдарды жетекчиликке алат:
а) көчөлөрдө, парктарда, транспорт магистралдарында коомдук тар-
типти сактоого, ошондой эле ар кандай массалык иш чараларды өткөрүүдө
тартипти сактоого катышуу;
б) коомдук тартипти бекемдөө жана укук бузуулар менен күрөшүү бо-
юнча укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү;
в) укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерге катышуу;
г) бөөдө кырсыктан же укук бузуулардан жапа чеккен адамдарга,
ошондой эле коомдук жайларда оор абалда жаткандарга кечиктирилгис жар-
дам берүү, өзгөчө кырдаал мезгилинде адамдарды, мүлктөрдү сактоо жана
коомдук тартипти коргоо боюнча чараларды көрүү;
д) өрткө каршы коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүү.
3. ЫЭКны түзүүнүн жана анын ишинин тартиби
1. ЫЭК Республикалык оперативдүү штаб тарабынан түзүлөт.
2. Элдик кошунга кабыл алуу ыктыярдуу гана башталыштарда
жүргүзүлөт.
3. ЫЭКнын ишинин режими ар кандай коомдук-саясий иш-чараларды
жүргүзүүдө жагдайдын шарттарына, коомдук тартипти сактоону камсыз кылу-
унун зарылдыгына негизденүү менен, ошондой эле администрациялык-аймак-
тык бирдиктин аймагында укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү
алдын алуу иш-чараларын эске алуу менен уюштурулат.
4. Элдик кошунчуга колго байлануучу тасма тапшырылат.
4. Ыктыярдуу элдик кошундардын ишинин
формалары менен усулдары
ЫЭК өз ишин милициянын штаттык кызматкерлери менен гана төмөнкү
жолдор аркылуу өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат:
а) көчөлөрдө, аянттарда, сейил бактарда жана башка коомдук жерлер-
де патрулдук кылуу жана постторду коюу, укук тартибинин бузулуштарын
жана аларды жасаган адамдарды табуу боюнча рейддерди жүргүзүү;
б) укук коргоо органдарынын кызматкерлерине укук тартибин бузуучу-
ларга материалдарды жол-жоболоштуруу боюнча көмөк көрсөтүү;
в) укук тартибин бузууга жол берген адамдар менен жекече
түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жарандарга мыйзамдарды түшүндүрүү;
г) укук бузуулардын алдын алуу максатында басма сөз каражаттарын,
радиону пайдалануу.
5. Элдик кошунчунун милдеттери жана укуктары
Элдик кошунчу төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) коомдук тартипти сактоого, укук тартибин бузуулардын алдын
алуу, жарандарды мыйзамды жана коомдо жашоо эрежелерин рухунда тарбия-
лоо боюнча ишке активдүү катышууга, алардын ишинде укук коргоо органда-
рына көмөк көрсөтүүгө;
б) жарандардын ар-намысын, кадыр-баркын, ошондой эле укуктары ме-
нен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, кылмыштуу кол салууларга жана
башка коомго каршы аракеттерге бөгөт коюунун мыйзам менен каралган ча-
раларын чечкиндүү жана тартынбастан көрүүгө;
в) тапшырмаларды аткарууда кошундун командиринин жана анын Штабы-
нын талаптарын, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча биргелешкен
иш-чараларды жүргүзүүдө милициянын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так
жана ак ниет аткарууга;
г) мыйзамдык жана башка укуктук актыларды так аткарууга, укук бу-
зуулар менен күрөшүүнүн формалары менен усулдарын Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарынын алкагында пайдаланууга;
д) жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү даярдалып же жа-
салган кылмыштардын өзүнө белгилүү болуп калган фактыларын кошундун
штабына, милиция органдарына жана башка мамлекеттик органдарга өз уба-
гында билдирүүгө, ошондой эле алардын зыяндуу кесепеттерин болтурбоого
карата чараларды көрүүгө.
Элдик кошунчу төмөнкүлөргө укуктуу:
а) жарандардан белгиленген коомдук тартипти сактоону жана укук бу-
зууларды токтотууну талап кылууга;
б) таасир көрсөтүүнүн башка чаралары бүткөндө же болбосо укук-тар-
тибин бузууга бөгөт коюу, ошондой эле укук бузуучунун инсанын белгилөө
жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан протокол түзүүсү
үчүн укук тартибин бузган адамдарды милицияга же укук тартибин сактоо-
нун таяныч пунктуна жеткирүүгө;
в) укук тартибин бузууларга бөгөт коюуда аларды кийин токтоосуз
милицияга өткөрүп берүү менен тартип бузууну жасоонун куралын тартип
бузуучулардан алып коюуга;
г) жашынып жүргөн тартип бузуучунун артынан түшүү, коомдук тартип-
ти камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткаруу, ал жерлерде пайда болгон
укук бузууларга бөгөт коюу үчүн клубдарга, стадиондорго, кинотеатрларга
жана башка коомдук жерлерге токтоосуз кирүүгө;
д) милициянын кызматкеринин талабы боюнча коомдук жерлерде жардам-
сыз абалда калган адамдарды, ошондой эле кырсыктардан же укук тартибин
бузуулардан жабыр тарткан жана мына ушуга байланыштуу токтоосуз медици-
налык жардамга муктаж болгон адамдарды дарылоо мекемелерине жеткирүү
үчүн транспорт каражаттарын пайдаланууга;
е) коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткарууда ишканалар-
дын, мекемелердин жана уюмдардын телефондорун акысыз пайдаланууга.
Элдик кошунчу коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткарууга
байланыштуу убактылуу эмгекке жөндөмсүз болуп калган учурда элдик ко-
шунчуга ишинин узактыгына карабастан негизги иштеген жеринен убактылуу
эмгекке жөндөмсүздүгү боюнча 100% өлчөмүндөгү жөлөкпул төлөнүп берилет,
ал эми ошол эле себеп боюнча эмгекке жөндөмдүүлүгүн туруктуу же узакка
жоготкон учурда ага колдонуудагы мыйзамдарга ылайык майыптык боюнча
пенсия дайындалат.
6. Ыктыярдуу элдик кошундардын
ишине жетекчилик кылуу
1. ЫЭКга жетекчиликти Республикалык оперативдүү штаб жүзөгө ашы-
рат.
2. ЫЭКнын жетекчилиги:
а) ЫЭКнын ишин пландаштырат, кезметке чыгуунун графигин иштеп чы-
гат;
б) укук тартибин бузуучулар менен күрөшүүнүн формаларын жана усул-
дарына окутуп-үйрөтүүнү жүргүзөт;
в) кыйла айырмаланган элдик кошунчуларга сыйакы берүү жөнүндө Рес-
публикалык штабдын жетекчилигине өтүнүч жасайт;
г) кошундардын ишин өркүндөтүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзөт.
7. Укук коргоо органдарынын ЫЭКы менен
өз ара аракеттениши
1. Укук коргоо органдары аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда
ЫЭКга ар тараптуу көмөк жана колдоо көрсөтөт, элдик кошундардын коман-
дирлерине укук бузуулар жөнүндө кошундардын иштеши үчүн зарыл болгон
маалыматты берет.
2. Ички иштер органдары ЫЭК менен күнүмдүк өз ара аракеттенүүнү
уюштурууну камсыз кылат, ал эми зарыл болгон учурларда кошунчуларга
нускама берип, аларды укук тартибин бузуучулар менен күрөшүүнүн форма-
лары жана усулдары менен камсыз кылып, ЫЭКнун штабы менен макулдашып
коомдук тартипти сактоо жана укук тартибин бузуулардын алдын алуу боюн-
ча биргелешкен иш-чараларды жүргүзөт. Мындай иш-чараларды өткөрүүнүн
убагында кошунчулардын ишине оперативдүү жетекчиликти ички иштер орган-
дарынын тиешелүү кызмат адамдары жүзөгө ашырат.
8. Мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүк кылуу
ЫЭКнун ишинде мыйзамдардын так сакталышына көзөмөлдү "Кыргыз Рес-
публикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык прокуратура органдары жүзөгө ашырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 12-июнунун № 66 "Ыктыярдуу элдик кошуун түзүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 12.06.2010 · № 66
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.