Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы № 56 «АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө» Декретине толуктоо киргизүү тууралуу» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 1-июлу УӨ № 91
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын
7-июнундагы № 56 "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик
коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декретине
толуктоо киргизүү тууралуу
Банк системасынын жана төлөм системасынын туруктуулугун камсыздоо,
коомдогу социалдык чыњалууну жоюу, аманатчылардын жана кредиторлордун
кызыкчылыгында активдердин сакталышын камсыздоо, "АзияУниверсалБанк"
ачык акционердик коомунун финансылык абалынын начарлашын болтурбоо мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл
алат:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнун-
дагы №56 "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү
жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Ушул Декреттин негизинде "АзияУниверсалБанк" ААКынын консер-
ватору жана акционерлеринин реестринин кармоочусу "АзияУниверсалБанк"
ААКынын акционерлеринин реестринде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
мүлк министрлигинин өздүк эсебин ачсын жана ушул өздүк эсепке "АзияУни-
версалБанк" ААКынын бардык акционерлерине таандык акцияларды котор-
сун.".
2. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.