Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин (Аманкулов Марат Аскеровичке ишеним кат берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2012-жылдын 16-февралы № 89 "Банада-плюс" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн "Витязь" пансионаты" жоопкерчилиги чектелген коомунун аймагында жайгашкан "Башня № 3" коттежге "Банада-плюс" жоопкерчилиги чектелген коомунун менчик укугун таануу жана "Башня № 3" коттежин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 48 Декретинин негизинде улутташтырылуучу "Витязь" пансионаты" жоопкерчилиги чектелген коомунун кыймылсыз мүлкүнүн тизмесинен чыгаруу жөнүндө доо арызы Ысык-Көл облусунун Райондор аралык сотунда каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору Аманкулов Марат Аскеровичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр
Т. Беков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 48 "Пансионат Витязь" жоопкерчилиги чектелген коомунун жеручастогун жана объекттерин мамлекеттештируу женундв" ДекретиДекрет · 20.05.2010 · № 48
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2010 · № 338 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.