Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматын жоюу жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 12-апрели УӨ № 9
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
күзөт кызматын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелин-
деги № 1 Декретинин негизинде:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы милдеттерин,
тиешелүү штаттарын, документтерин жана материалдык-техникалык каражат-
тарын төмөнкүлөргө өткөрүп берүү менен жоюлсун:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына
- алар туруктуу жана убактылуу жайгашкан жерлеринде мамлекеттик күзөт
объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине - чет мамлекеттердин
башчыларын тосууда жана Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында
орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин алдында кайта-
руу кызматын өтөө боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы
жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өткөрүп берилген милдет-
терге жараша Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын укугун
мурастоочулар болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына
жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкүлөр тапшырыл-
сын:
- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт
кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюн-
ча сунуштарды киргизүү;
- ушул Декреттен келип чыккан башка чараларды көрүү жана өз чечим-
дерин ушул Декретке ылайык келтирүү.
4. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №333 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 17.12.2010 · № 333 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-апрелиндеги УӨ № 57 (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын товардык-материалдык баалуулуктарын тизмеге алуу боюнча жоюу…Распоряжение · 12.04.2010 · № 57
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1