18-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын утилдештирүүдөгү коопсуздук талаптары
Күчүн жоготкон · 30.01.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын утилдештирүү аларды сактоо же пайдалануу мөөнөтү бүткөндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген коопсуздук чараларын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
2. Курулуш материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды жаңы курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын жаратуу үчүн алардан экинчи жолку сырье алуу максатында өнөр жайлык кайра иштетүү жолу менен утилдештирүү ыкмалары артыкчылыктуу болот.
3. Өндүрүштүк кайра иштетүүгө болбоочу курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык термикалык зыянсыздандыруу же көмүү жолу менен жок кылынууга тийиш.
4. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын же алардын калдыктарын утилдештирүүдө жана жок кылууда иш аймагынын абасындагы, атмосфералык абадагы, ачык суулардагы жана жер кыртышындагы зыяндуу заттардын концентрациясы концентрациянын жол берилүүчү эң жогорку чегинен ашпашы керек.
5. Эгер курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын утилдештирүү стадиясындагы коопсуздук чаралары каралган болсо, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын утилдештирүү (жок кылуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Техникалык регламентте, ошондой эле башка техникалык регламенттерде белгиленген коопсуздук чараларын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
6. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктарын утилдештирүүдө коопсуздук талаптарынын аткарылышы үчүн жоопкерчиликти төмөндөгүлөр тартышат:
1) эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктары өндүрүү (даярдоо) стадиясында пайда болсо, ишкана-өндүрүүчүлөр (даярдоочулар);
2) ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуучулар (эгер продукция сактоо мөөнөтү бүткөндөн кийин жарабай калса);
3) эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктары курулуш процессинде пайда болсо, курулуш-монтаждоо уюмдары;
4) эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктары ташууда жана сактоодо пайда болсо, ташууну жана сактоону жүзөгө ашырган тиешелүү уюмдар;
5) эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктары имараттарды жана курулмаларды техникалык кайра жабдууда жана реконструкциялоодо пайда болсо, имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоочу уюмдар;
6) эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын калдыктары имараттарды жана курулмаларды ажыратууда жана бузууда пайда болсо, имараттарды жана курулмаларды демонтаждоону жүзөгө ашыруучу уюмдар.
Берененин тексти 30.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202708/st-18" title="18-берене - Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>