19-берене. Керектөөчүлөрдү адаштыруучу аракеттерди болтурбоо үчүн маалыматтарга талаптар
Күчүн жоготкон · 30.01.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары сатуу рыногунда жүгүртүлгөндө керектөөчүлөр үчүн тийиштүү маалымат менен коштолот, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) буюмдагы, тарадагы, таңгагындагы же коштомо документиндеги идентификациялоочу маркалоо;
2) материалдын же буюмдун негизги, анын ичинде анын коопсуздук чөйрөсүнө тиешелүү мүнөздөмөлөрүн көрсөткөн сапат паспорту;
3) коопсуз пайдалануу боюнча нускама (соода тармагы аркылуу сатуу үчүн);
4) өрт өчүрүүнүн ыкмалары жана каражаттары (зарыл болсо);
5) ылайыктуулугу ырасталган документтер.
2. Коштомо документке киргизилген маалыматтын курамына, мазмунуна минимум талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
3. Эскертүүчү жана идентификациялоочу маркалоо текст, символ, пиктограмма түрүндө белгиленет (жазылат).
4. Керектөөчү үчүн маалымат так жана оңой окулгудай болуш керек. Мында коопсуздук талаптары бөлөк шрифт, түс менен же башкача ыкма менен белгиленет.
5. Курулуш материалдарын жана буюмдарын керектөөчүлөрдү адаштыруучу аракеттерди болтурбоо үчүн маалыматтар боюнча жоопкерчиликти төмөндөгүлөр тартышат:
1) курулуш объектилерине жана жарандардын тиричиликтеги керектөөлөрү үчүн ишканадан тикелей берилүүчү курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары боюнча, - ишкана-даярдоочулар;
2) ортомчулар жана соода тармактары аркылуу - ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуучулар;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилгендер үчүн - импорттоочулар.
Берененин тексти 30.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202708/st-19" title="19-берене - Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>