17-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын курулушта пайдалангандагы коопсуздуктун талаптары
Күчүн жоготкон · 30.01.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын төмөнкүдөй учурларда курулушта пайдаланууга уруксат берилет:
1) ушул Техникалык регламенттин жана курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына тиешеси бар башка техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келгенде;
2) тиешелүү деңгээлде таңгакталса (бул зарыл болгон жерде);
3) ылайыктуулук белгиси менен маркаланса (эгер ылайыктуулукту ырастоо схемасында каралса);
4) керектүү коштомо документтери бар болсо.
2. Опурталдуу курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары опурталдуулук белгиси жана коопсуз пайдалануу боюнча нускамалар менен жабдылат, аларда төмөнкүдөй маалыматтар болот:
1) курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары менен иштегендеги жеке коргонуунун каражаттары жөнүндө;
2) зыяндуу факторлордун адамдарга, айлана-чөйрөгө жана мүлккө таасир этишин болтурбоочу эмгектин ыкмалары жана методдору жөнүндө.
3. Курулуш объектилерин тургузуу үчүн курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын пайдаланууда коопсуздук төмөнкүдөй камсыздалат:
1) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын пайдаланууга байланыштуу опурталды минимумга азайтуучу технологияны жана жабдууну (ишти механикалаштыруу каражаттары), иштин ыгын жана методдорун тандоо менен;
2) эскертүүчү маркалоону жана кабарлоо каражаттарын колдонуу менен;
3) жеке коргонуу каражаттарын жана атайын кийимдерди колдонуу менен;
4) персоналды мезгилдүү окутуу жана билимин текшерүү, авариялык кырдаалдардын алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуу жана аларды жоюунун зарыл каражаттарын жабдуу менен;
5) курулушта коопсуздук ыкмаларынын жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеги персоналдын эмгегин коргоону аткаруу менен.
4. Курулуш объектилеринде, имараттарды жана курулмаларды тургузууда курулуштук материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды пайдалануу - зарыл квалификациясы бар, иштин коопсуз методдоруна жана ыкмаларына окутулган, сактануунун жана этияттыктын зарыл каражаттары менен камсыздалган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке киргизилген персоналдар тарабынан жүргүзүлүшү керек.
5. Курулуш иштеринде өрт жана жарылуу жагынан опурталдуу курулуштук материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды пайдаланганда алардын өрт чыгуу жана жарылуу ыктымалдыгын азайтуучу, ошондой эле өрт чыккан жана жарылуу болгон учурда адамдарга терс таасирди болушунча азайтуучу чаралар каралат.
6. Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоонун бардык мезгилинде ушул Техникалык регламенттин жана башка техникалык регламенттердин бардык талаптары аткарылышын камсыздашы керек.
7. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын пайдаланганда коопсуздук талаптары аткарылышы үчүн төмөндөгүлөр жооптуу болушат:
1) курулушта - аларды пайдалануучу курулуш жана монтаж уюмдары;
2) эксплуатация процессинде - имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоочу уюмдар;
3) жарандардын тиричилик керектөөлөрүндө - ишкана-өндүрүүчүлөр (даярдоочулар), алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, импорттоочулар жана сатуучулар (пайдалануу коопсуздугу боюнча көрсөтмөлөрдү камтыган зарыл маалыматтарды жана коштомо документтерди берүү бөлүгүндө).
Берененин тексти 30.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202708/st-17" title="17-берене - Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>