9-берене. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынуучу кирешелердин түрлөрү
Күчүн жоготкон · 28.12.2017 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 163.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2015 года № 229
1. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкүдөй түрлөрү кирет:
- жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары) жана окуган жери боюнча эмгек акы жана стипендия түрүндөгү кирешелери, материалдык жардам, ошондой эле жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар, алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиялардын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо, пенсиялары;
- жарандардын негизги иштеген, кызмат кылган (аскер кызматчылары) жери боюнча эмес кирешелери;
- жарандардын экономикалык (ишкердик) ишин жүзөгө ашыруудан алынган кирешелери;
- жарандардын - фермердик, дыйкан чарбаларынын жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын мүчөлөрүнүн жер участокторун пайдалануудан жана айыл чарба жандыктарынан алган кирешелери;
- жарандардын өздүк көмөкчү чарбасынан алган кирешелери.
2. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоонун тартибин, ошондой эле айыл чарба ишинен алынуучу кирешелердин ченемдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
(КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18, 2015-жылдын 5-августундагы № 217, 2015-жылдын 18-декабрындагы № 229 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.12.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 декабря 2015 года № 229 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2015 года № 217 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 января 2014 года № 18 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 "Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.04.2011 · № 133
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун…Постановление · 29.12.2009 · № 824 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202692/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>