10-берене. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга укуктуу адамдар
Күчүн жоготкон · 28.12.2017 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 163.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 января 2014 года № 18
1. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга төмөнкүлөр укуктуу:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар - он сегиз жашка чейин;
- бала кезинен I, II жана III топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;
- I, II жана III топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;
- улгайган жарандар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;
- баатыр энелер - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;
- баккан адамынан ажыраган балдар, жетим балдар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;
- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар, - алар он сегиз айга толгонго чейин.
2. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул үй-бүлөнүн киши башына орточо жыйынды кирешеге карабастан дайындалат.
3. Ушул главада каралган ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын бир канча түрүн (буга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана багуучу адамынан айрылган учурда бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпулдар кирбейт) алууга укуктуу болгон учурда, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүн алууга укуктуу адамдын тандоосу боюнча анын бир түрү гана дайындалат.
4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алууга укук берүүчү медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.12.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 27 января 2014 года № 18 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
27.01.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…адамдар
1. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга төмөнкүлөр алынып салынды: укук-
туу:
кошулду: укуктуу:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү алынып салынды: чектелүү, балдардын церебралдык
шал ооруусу менен ооруган балдар жана ВИЧ-инфекциясына чалдыккан же
СПИД менен ооруган кошулду: чектелүү балдар - алынып салынды: пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо он сегиз жашка чейин;
- бала кезинен I, II жана III топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - пенсиялык камсыздоого укугу жок алынып салынды: бол-
гондо;
кошулду: болгондо;
- I, II жана III топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү алынып салынды: чек-
телүү кошулду: чектелүү адамдар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;
- алынып салынды: кары кошулду: улгайган жарандар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;
- баатыр энелер … баккан адамынан ажыраган балдар, жетим балдар - пенсиялык алынып салынды: кам-
сыздоого кошулду: камсыздоого укугу жок болгондо;
- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар, … дайындалат.
3. Ушул главада каралган ай сайын берилүүчү социалдык алынып салынды: жөлөкпулдар-
дын кошулду: жөлөкпулдардын бир канча түрүн (буга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү алынып салынды: бал-
дарга кошулду: балдарга жана багуучу адамынан айрылган учурда бала кезинен ден соолугунун … социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүн алууга укуктуу адамдын алынып салынды: тан-
доосу кошулду: тандоосу боюнча анын бир түрү гана дайындалат.
4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын алынып салынды: бе-
рилүүчү кошулду: берилүүчү социалдык жөлөкпулду алууга укук берүүчү медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан алынып салынды: бекити-
лет.кошулду: бекитилет.
(КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202692/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>