1-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 24.05.2018 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 мая 2018 года № 54.
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: Өзгөчө кырдаал - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдардын болуу опурталын мүмкүн болушунча максимум азайтууга, ошондой эле адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, алар болгондо зыянды азайтууга багытталган алдын ала жасалуучу иш-чаралардын комплекси. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу факторлорун чектөө жана жайылышын токтотуу, өзгөчө кырдаалдар чыккан учурда жүргүзүлчү авариялык-куткаруучу жана адамдардын өмүрүн жана анын ден соолугун сактоого, зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган башка кечиктирилгис иштер. Өзгөчө кырдаалдын зонасы - өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймак. Өзгөчө кырдаалдардагы коопсуздук - тынчтык жана согуш мезгилдердеги өзгөчө кырдаалдын таасиринин натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан адамдардын, коомдун, аймактардын кызыкчылыктарын жана өлкөнүн инфраструктурасын коргоодо калктын жашоо-тиричилигинин ылайыктуу шартын жана өндүрүш объекттеринин иштешин калыбына келтирүүнү камсыз кылуучу абал. Жарандык коргонуу - Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын тынчтык жана согуш мезгилдерде техногендик, табигый жана биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан, ал эми согуш мезгилинде согуштук аракеттерди киргизген учурда же ошол аракеттердин натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан коргоону камсыз кылуучу жалпы мамлекеттик жана коргоочу иш-чаралар системасынын курамдык бөлүгү. Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, коомдук бирикмелердин жана ыктыярдуу уюмдарынын башкаруу органдары, күчтөрү жана каражаттары анын элементи болуп эсептелген, тынчтык жана согуш мезгилдерде калкты жана өлкөнүн аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча функцияларды аткаруучу жалпы мамлекеттик система. Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жарандык коргонуу жагында маселелерди чечүүгө атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы. Уюмдар - коргоо жана экономикалык мааниге ээ же тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдын пайда болуу опурталы жогорку даражадагы объекттери бар уюмдар (мекемелер, чарба объекттери). Жарандык коргонуу боюнча комиссия - тиешелүү аймакта Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу ишин жүзөгө ашыруучу Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын аймактык тармагынын координациялоочу органы. Жарандык коргонуу кызматы - Жарандык коргонуунун атайын иш-чараларынын айкын түрүн биргеликте өткөрүүгө жарамдуу менчигинин түрүнө жана ведомстволук тиешелүүлүгүнө (баш ийүүчүлүгүнө) карабастан, бирдей тармактагы ишмердүүлүккө ээ болгон мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана алардын структуралык бөлүмчөлөрүнүн күчтөрүнүн жана каражаттарынын, башкаруу органдарынын уюштуруу-техникалык бирикмеси. Жарандык коргонуунун күчтөрү - Жарандык коргонуунун аскерлери, Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын бөлүмчөлөрү жана аскерлешпеген өрткө каршы түзүмдөр, ошондой эле Жарандык коргонуунун түзүмдөрү. Жарандык коргонуунун аскерлери - тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуунун маселелерин чечүүгө атайын даярдалган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик бөлүктөрү жана түзүмдөрү. Жарандык коргонуунун түзүмдөрү - аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча уюмдардын базасында түзүлүүчү, тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардагы авариялык-куткаруучу, дагы башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн камдалган атайын техникасы жана мүлкү бар түзүмдөр. Согуш мезгилинде Жарандык коргонуу боюнча топко киргизилген аймак - Жарандык коргонуу жагында олуттуу коргонуу жана экономикалык мааниге ээ шаар же башка калк конушу жайгашкан аймак.
Берененин тексти 24.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №110 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 20.02.2012 · № 110 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202681/st-1" title="1-берене - Жарандык коргонуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>