2-берене. Жарандык коргонууну уюштуруунун жана ишке ашыруунун принциптери
Күчүн жоготкон · 24.05.2018 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 мая 2018 года № 54.
1. Жарандык коргонуу ишин уюштуруу жана жүргүзүү - мамлекеттин өтө маанилүү иш-милдеттеринин бири, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун тутумдаш бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасында жарандык коргонуу аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт.
2. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу жана ишке ашыруу Жарандык коргонууну башкаруу органдары тарабынан аймактардын экономикалык, жаратылыштык жана башка мүнөздөмөлөрүн, өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө кырдаалдар пайда болуу коркунучунун даражасын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын планы жана мазмуну колдо болгон күчтөрдүн жана каражаттардын зарыл жетиштүүлүк жана аларды пайдалануу принциптерине жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар өзгөчө кырдаал жаралган аймактагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрү жана каражаттары менен ишке ашырылат. Согуш мезгилинде мамлекетти жарандык коргонууга даярдоо Жарандык коргонууну башкаруу органдары тарабынан мурдатан, тынчтык мезгилде согуштук техниканын, куралдардын, согуштук аракеттерди киргизген учурда же ушул аракеттердин кесепетинен пайда болуучу коркунучтардан калкты коргоо каражаттарынын өнүккөндүгүн эске алуу менен ишке ашырылат.
3. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым жерлеринде Жарандык коргонууну киргизүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан согуш жарыяланган же согуш аракеттери из жүзүндө башталган учурдан тартып башталат.
Берененин тексти 24.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202681/st-2" title="2-берене - Жарандык коргонуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>