Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-20.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы №110 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 5, 749-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 5-беренесинин сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. 7-беренеси төмөнкү мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларынын штаттык санын жана Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитет;".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматкерлеринин штаттык саны жана Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. Бирок, Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамы менен аракетке киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматкерлеринин штаттык санын жана Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө Жобону бекитүү Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарына кирбейт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституция жана мыйзамдар тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга алышпайт. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамынын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгууга киргизет.
Министри
К.Боронов
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата САЛЫШТЫРМА-ТАБЛИЦА
| Кыргыз Республикасынын мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | Кыргыз Республикасынын мыйзамынын сунуш кылынган редакциясы |
|---|---|
| "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 5, 749-б.) 5-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президенти: - Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктайт жана мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялайт; - Жарандык коргонуу маселелери боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кароосуна коет жана алардын сунуштарын эске алуу менен кабыл алат; - Жарандык коргонуунун кечиктирилгис иш-чараларын мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылоо маселелерин чечет; - өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда, зарылчылыкка жараша Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат; - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун согуш мезгилиндеги планын бекитет; - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун согуш мезгилиндеги планын Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде толук же жарым-жартылай өлчөмдө ишке киргизет; [- Жарандык коргонуунун аскерлери жөнүндө жобону жана Жарандык коргонуунун аскерлериндеги аскер кызматчыларынын штаттык санын бекитет;] - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу тармагындагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. | "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 5, 749-б.) 5-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президенти: - Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктайт жана мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялайт; - Жарандык коргонуу маселелери боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кароосуна коет жана алардын сунуштарын эске алуу менен кабыл алат; - Жарандык коргонуунун кечиктирилгис иш-чараларын мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылоо маселелерин чечет; - өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда, зарылчылыкка жараша Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат; - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун согуш мезгилиндеги планын бекитет; - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун согуш мезгилиндеги планын Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде толук же жарым-жартылай өлчөмдө ишке киргизет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу тармагындагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. |
| 7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - Жарандык коргонуу жагында мамлекеттик бирдиктүү саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат; - Конституциянын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана актыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын негизинде жана аларды аткаруу максатында Жарандык коргонуу жагынан токтомдорун, тескемелерин, дагы башка ченемдик укуктук актыларын кабыл алат; - Жарандык коргонуу жагында илимий-изилдөөлөрдү иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү, атайын программалардын аткарылышын уюштурат; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык коргонуу жагындагы иш-милдеттерин, функцияларын, иш тартибин, укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун базасында Жарандык коргонуунун республикалык кызматтарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алат; - Жарандык коргонуунун муктаждыктары үчүн финансылык жана материалдык мамлекеттик резервдерди түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктайт; - Жарандык коргонуунун иш-чараларын мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылоо маселелерин чечет; - ири масштабдуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жетекчилик кылуу жана алар чыккан учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат; - мамлекеттик органдар менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда Жарандык коргонуу жагындагы маалымат жыйноо жана алышуу тартибин аныктайт; - уюмдарды коркунучтуулугу күч объекттерге жана коргонуу жана экономикалык жактан маанилүү объекттерге киргизүүнүн тартибин аныктайт; - Жарандык коргонуунун кызматтарынын тизмесин аныктайт жана алардын жоболорун бекитет; - Жарандык коргонуунун кошуундарын түзүүнүн жана иш тартибин аныктайт; - согуш мезгилине карата аймактарды Жарандык коргонуу боюнча топторго киргизүүнүн тартибин аныктайт; - Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын жана башка объекттерин куруунун тартибин, ошондой эле Жарандык коргонуу максатында материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык жана башка каражаттардын запастарын түзүүнүн, сактоонун жана пайдалануунун тартибин аныктайт; - өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун ченөлчөмдөрүн белгилейт; - Жарандык коргонуунун тынчтык мезгилдеги планын аныктайт жана Жарандык коргонуунун согуш учуруна ылайыкталган планын Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргонуу жагынан башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. | 7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - Жарандык коргонуу жагында мамлекеттик бирдиктүү саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат; - Конституциянын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана актыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын негизинде жана аларды аткаруу максатында Жарандык коргонуу жагынан токтомдорун, тескемелерин, дагы башка ченемдик укуктук актыларын кабыл алат; - Жарандык коргонуу жагында илимий-изилдөөлөрдү иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү, атайын программалардын аткарылышын уюштурат; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык коргонуу жагындагы иш-милдеттерин, функцияларын, иш тартибин, укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун базасында Жарандык коргонуунун республикалык кызматтарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алат; - Жарандык коргонуунун муктаждыктары үчүн финансылык жана материалдык мамлекеттик резервдерди түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктайт; - Жарандык коргонуунун иш-чараларын мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылоо маселелерин чечет; - ири масштабдуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жетекчилик кылуу жана алар чыккан учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат; - мамлекеттик органдар менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда Жарандык коргонуу жагындагы маалымат жыйноо жана алышуу тартибин аныктайт; - уюмдарды коркунучтуулугу күч объекттерге жана коргонуу жана экономикалык жактан маанилүү объекттерге киргизүүнүн тартибин аныктайт; - Жарандык коргонуунун кызматтарынын тизмесин аныктайт жана алардын жоболорун бекитет; - Жарандык коргонуунун кошуундарын түзүүнүн жана иш тартибин аныктайт; - согуш мезгилине карата аймактарды Жарандык коргонуу боюнча топторго киргизүүнүн тартибин аныктайт; - Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын жана башка объекттерин куруунун тартибин, ошондой эле Жарандык коргонуу максатында материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык жана башка каражаттардын запастарын түзүүнүн, сактоонун жана пайдалануунун тартибин аныктайт; - өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун ченөлчөмдөрүн белгилейт; - Жарандык коргонуунун тынчтык мезгилдеги планын аныктайт жана Жарандык коргонуунун согуш учуруна ылайыкталган планын Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизет; [- Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларынын штаттык санын жана Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитет;] - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргонуу жагынан башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 1831-V "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 12.04.2012 · № 1831-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 2005-V "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.06.2012 · № 2005-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 17-майындагы № 1915-V "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 17.05.2012 · № 1915-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 239 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон