40-берене. Баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иштин түрлөрү
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иш деп төмөндөгүлөр таанылат:
- брокердик иш;
- дилердик иш;
- инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш;
- депозитардык иш;
- баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестрин жүргүзүү боюнча иш;
- баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча иш;
- (сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- инвестициялык фонддун иши.
2. Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иш атайын уруксаттын - лицензиянын негизинде коммерциялык уюмдар болуп эсептелген юридикалык жактар тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда кесипкөй иштин айрым түрлөрүн коммерциялык эмес уюмдар деп эсептелген юридикалык жактар да жүзөгө ашырууга укуктуу. Лицензияны берүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти жүзөгө ашырууга коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
3. Брокердик жана (же) дилердик ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, эгерде кайсы бир адамга ар биринин капиталында 25 пайыздан ашууну таандык болсо, өз ара баалуу кагаздар менен бүтүмдөр түзө алышпайт.
4. Чет мамлекеттердин аймагында баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин бир же бир нече түрүн жүзөгө ашырууга укугу бар, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды кошуп алганда, баалуу кагаздардын эмиссиясына жана жүгүртүлүшүнө катышкан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында номиналдык кармоочунун ролун аткарган чет өлкөлүк финансылык уюмга Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясын алуу талап кылынбайт.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…таандык болсо, өз ара баалуу кагаздар менен бүтүмдөр түзө алышпайт.
кошулду: 4. Чет мамлекеттердин аймагында баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин бир же бир нече түрүн жүзөгө ашырууга укугу бар, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды кошуп алганда, баалуу кагаздардын эмиссиясына жана жүгүртүлүшүнө катышкан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында номиналдык кармоочунун ролун аткарган чет өлкөлүк финансылык уюмга Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясын алуу талап кылынбайт.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2016-жылдын 22-мартындагы № алынып салынды: 24 кошулду: 24, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 токтому менен…Положение · 15.07.2015 · № 497 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 21-январындагы №47 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 21.01.2012 · № 47 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202677/st-40" title="40-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>