352-берене. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушу
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 апреля 2018 года № 38
1. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтарда жана 6-6-пунктунда көрсөтүлгөн облигация чыгаруу шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуу максатында, облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушу өткөрүлөт.
2. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышуу жана добуш берүү укугу бар облигация кармоочулардын тизмеси реестрдин кармоочусу тарабынан, облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүгө чейин 3 жумушчу күн калганда түзүлөт. Облигацияларды кармоочулардын чогулушуна катышууга облигацияларды кармоочулардын реестринде ушул датага карата катталган жактардын укугу бар.
Эгерде облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышууга жана добуш берүүгө укугу бар облигация кармоочулардын тизмеси түзүлгөндөн кийин, бул тизмеге киргизилген жак ага таандык облигацияларды өз ээлигинен ажыратса, облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышуу укугу облигациянын жаңы кармоочусуна өтөт. Мында облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышуу үчүн, көрсөтүлгөн жак облигацияларга менчик укугун ырастаган документтерди (реестрден көчүрмөнү) эмитентке берет.
3. Эмитент облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүнү ушул эмитенттин баалуу кагаздары менен бүтүмдөр жасалуучу фондулук биржага, реестрди кармоочуга, депозитарийге жиберет жана облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушу өткөрүлө турганы жөнүндө маалыматты облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушу өткөрүлүүчү датага чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында таркатылуучу, 5 миң нускадан кем эмес тираж менен чыгуучу жалпыга маалымдоонун басылма каражаттарына, өзүнүн интернет-ресурсуна жана/же фондулук биржанын интернет-ресурсуна мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялайт.
Жарыя интернет-ресурска жайгаштырылган убакыт бир айдан кем болбошу керек. Интернет-ресурста жарыя жайгаштырылган дата жана убакыт көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде облигацияларды кармоочулардын саны 50 кармоочудан ашпаса, кабарлама облигацияларды кармоочуларга кат жүзүндө кабарлама жиберүү аркылуу да жеткирилиши керек.
4. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби эмитенттин башкаруу органы бекитүүчү, эмитенттин ички документтеринде белгиленет.
Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунда добуш берүү "бир облигация - бир добуш" принциби боюнча жүзөгө ашырылат. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунда чечим кабыл алуу ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптарды эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат.
5. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунун чечими ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, жалпыга маалымдоонун басылма каражаттарында жарыяланууга тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн чечим жарыяланган күндөн тартып 3 күндүн ичинде эмитент кабыл алынган чечим жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, депозитарийге жана реестрди кармоочуга билдирүүгө милдеттүү.
6. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтарда жана 66-пунктунда көрсөтүлгөн облигацияларды чыгаруу проспектиндеги маалыматтарды өзгөртүү маселелери боюнча жалпы чогулуш өткөрүлгөн датадан тартып облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечим жалпыга маалымдоонун басылма каражаттарына жарыялаган күндөн кийинки датага чейинки мезгилде облигацияларды жайгаштыруу жана жүгүртүү токтотулат.
Облигацияларды кармоочулар ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтарда жана 66-пунктунда көрсөтүлгөн облигацияларды чыгаруунун шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, облигацияларды жайгаштырууну жана жүгүртүүнү токтотуп туруу мөөнөтү облигацияларды чыгаруу проспектиндеги өзгөртүүлөрдү мамлекеттик каттоо датасынан кийинки күнгө чейин узартылат. (КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
352-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202677/st-352" title="352-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>