36-берене. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо жана баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Уюштуруучулук чыгарылыштагы акцияларды мамлекеттик каттоо үчүн эмитент каттоочу органга төмөнкүдөй документтерди берет:
- каттоо үчүн арызын;
- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн;
- уставдык капиталдын төлөнгөнүн ырастаган документтерди;
- каттоо жыйымын төлөгөндүгүн ырастоочу документти.
2. Жеке эмиссияда (жашыруун жайгаштыруу) баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн эмитент каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:
- каттоо үчүн арызын;
- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастоочу документтин көчүрмөсүн (акционердик коом болуп эсептелбеген юридикалык жактар үчүн);
- юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн (акционердик коом болуп эсептелбеген юридикалык жактар үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу жана жабык жайгаштыруу жөнүндө кабыл алынган чечимди ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- документтик баалуу кагаздар чыгарылган учурда баалуу кагаздардын бланктарынын үлгүлөрүн;
- каттоо жыйымын төлөгөндүгүн ырастоочу документти;
- камсыз кылынган облигациялар чыгарылган учурда, эмитенттин милдеттенмелерин аткаруунун камсыз кылынышынын бар экенин ырастоочу документтер.
- облигациялар чыгарылган учурда баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү проспекти.
21. Жеке эмиссияда уюштуруучулук чыгарылыштагы акцияларды жана баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер каттоо органына электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүүнүн тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.
3. Ачык эмиссияда баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо аларды мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердин негизинде ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоо менен бир учурда ишке ашырылат. Эмитент тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү кошумча берилет.
Облигацияларды жеке эмиссиялоодо аларды мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердин негизинде проспектти каттоо менен бир убакта баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо жүзөгө ашырылат. Облигацияларды жеке эмиссиялоодо проспекттин формасы жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоодо ошол чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат. Мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда баалуу кагаздарды чыгарууну каттоого же мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга милдеттүү:
- уюштуруучулук чыгарылыштагы акцияларды мамлекеттик каттоодо жана жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгарууда, ушул беренеде көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен;
- ачык жайгаштырууга арналган баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодо, ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген мөөнөттөрдө.
5. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн комиссиялык жыйым алышат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
6. Ачык эмиссиянын жыйынтыктары ушул Мыйзамдын 27-беренесине ылайык чыгарылат. Белгиленген мөөнөт ичинде жайгаштырылбаган баалуу кагаздар жокко чыгарылат жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу жазылат. Жайгаштырылбаган баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жокко чыгарылууга жатат.
7. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоо акциялардын уюштуруучулук чыгарылышынын жыйынтыктарын таануу болгондугун билдирет.
8. Эгерде баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодо билдирилген шарттарга, проспектке жана тартипке ылайык баалуу кагаздарды жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин аларды жайгаштыруу баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары болду деп таануу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген баалуу кагаздардын минималдуу санынан аз эмес жайгаштырылса, жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгы болду деп таанылат. Мында, чыгарылган баалуу кагаздардын баардыгы жайгаштырылбаган учурда, жайгаштырылган баалуу кагаздардын санында баалуу кагаздарды чыгаруу болду деп таанылат. Белгиленген мөөнөт ичинде жайгаштырылбаган баалуу кагаздар жокко чыгарылат жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу жазылат.
Мындай баалуу кагаздарды жайгаштыруу аяктагандан кийин эмитент 30 күндөн кечиктирбестен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү:
1) баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана бүткөн датаны;
2) жайгаштырылган баалуу кагаздардын санын;
3) бир баалуу кагазды жайгаштыруунун баасын;
4) баалуу кагаздарды жайгаштыруу үчүн түшүүлөрдүн жалпы көлөмүн, анын ичинде:
- улуттук валютада акчалай каражаттардын көлөмүн;
- төгүлгөн учурга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын валютасында туюнтулган чет өлкө валютасынын көлөмүн;
- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюнтулган жайгаштырылган баалуу кагаздар үчүн төлөм катары төгүлгөн материалдык жана материалдык эмес активдердин көлөмүн;
- коомдун көз каранды эмес реестр кармоочусу берген акционерлердин реестринин көчүрмөсүн;
- баалуу кагаздардын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтерди.
Жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту электрондук түрдө берүүнүн тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо жөнүндө чечимди кабыл алууга, же болбосо баалуу кагаздардын бул чыгарылышын ишке ашкан жок деп таанууга жана баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоосун жокко чыгарууга милдеттүү.
9. Баалуу кагаздардын чыгарылышын ишке ашкан жок деп таануу жана баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
10. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды эмиссиялоо учурунда колдонулбайт.
(КР 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 38, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 апреля 2018 года № 38 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2013 года № 188 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-марты № 178 "Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 14.03.2026 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябры № 648 "Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун…Постановление · 28.09.2026 · № 648
- Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 токтомуна тиркеме)Положение · 14.03.2026 · № 178
- КР Министрлер Кабинетинин 14.03.2026-ж., № 178 токтомуПостановление · 14.03.2026 · № 178
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202677/st-36" title="36-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>