9-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун статусу, аны түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
1. Мектепке чейинки билим берүү уюму юридикалык жак формасында уюштурулат;
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Мектепке чейинки билим берүү уюмунун уюштуруучусу (ээси) баш ийүүсүнө, менчигинин формасына жана тибине карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө Типтүү жобонун негизинде устав иштеп чыгат.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюму мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчиктин формасынын негизинде түзүлүшү мүмкүн;
4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;
5. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдары коммерциялык эмес уюмдар катары уюштурулат.
Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдары коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар катары уюштурулушу мүмкүн.
6. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттары менчиктештирилүүгө, сатылууга жана кайра профилдештирилүүгө тийиш эмес.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 219-б (Мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын пайдалануу үчүн бошотуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.05.2013 · № 219-р
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27-июнундагы № 117/XXXIII - 3 "Мурунку “Улыбка” бала бакчасынын имаратын Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына алууга макулдук берүү…Постановление · 27.06.2016 · № 117/XXXIII-3
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 688 "Мектепке чейинки билим берүү объекттерин Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.12.2013 · № 688
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202646/st-9" title="9-берене - Мектепке чейинки билим беруу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>