Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мектепке чейинки билим берүү объекттерин Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-декабры № 688 Мектепке чейинки билим берүү объекттерин Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине берүү жөнүндө Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун мамлекеттик колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- Кара-Балта шаары, Железнодорожная көчөсү, 84 дареги боюнча жайгашкан, мурдагы "Колосок" бала бакчасынын имаратын;
- Кара-Балта шаары, Жайыл-Бааатыр көчөсү, 307 дареги боюнча жайгашкан мурдагы бала бакчасынын имаратын.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 6-пунктуна ылайык пайдаланууну камсыздоо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-сентябрындагы № 630-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун 1-пунктунун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, 2-пункттун аткарылышын контролдоо билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15