22-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын тамактануусун уюштуруу
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына баруучу балдар коопсуз сапаттуу тамак-аш азыктары менен камсыз кылынат.
2. Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн тамак-аш азыктарынын накталай топтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жана ага жоопкерчилик мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисине, билим берүүнү жана саламаттык сактоону башкаруунун тиешелүү деңгээлдердеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
4. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда тамак-аштын сапатын контролдоо жана мамлекеттик көзөмөл саламаттык сактоону жана билим берүүнү башкаруунун тиешелүү органдарына жүктөлөт.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202646/st-22" title="22-берене - Мектепке чейинки билим беруу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>