23-берене. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
1. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөндөгүлөргө укуктуу:
- мектепке чейинки билим берүү уюмун жана баласынын мектепке чейинки билим алуу формасын тандоого;
- балдарын окутуу, тарбиялоо, өстүрүү жана багуу маселелери боюнча билим берүүнү башкаруунун тиешелүү органдарына кайрылууга;
- өз балдарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого.
2. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- баланын дене-күч, интеллектуалдык, адеп-ахлактык жана социалдык жактан өсүүсүнүн негизин түптөөгө, балдардын мектепке чейинки билим алышына жоопкерчилик тартууга;
- кандай формада болбосун балдардын мектепке чейинки билим алышына шарттарды камсыз кылууга;
- балдардын дене-күч жактан ден соолугуна жана психикалык абалына кам көрүүгө, табигый көрөңгөсүн, шыгын жана жөндөмдөрүн өрчүтүшүнө тиешелүү шарттарды түзүүгө;
- баланы үй-бүлөдө тарбиялоого, окутууга жана өстүрүүгө;
- баланын кадыр-баркын сыйлоого;
- баланы эмгекчилдикке, жашы улууларга, мамлекеттик, расмий жана эне тилине, элдик салттарга жана адаттарга урматтоо менен мамиле жасоого тарбиялоого;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өнүктүрүүгө (кошо төлөөгө) катышууга.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202646/st-23" title="23-берене - Мектепке чейинки билим беруу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>