9-берене. Каттоо
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 18 мая 2012 года № 61
Кыргыз Республикасында чыгарылуучу, ташып киргизилүүчү жана эксплуатациялануучу жерде жүрүүчү бардык транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тиешелүү реестринде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш, мындай транспорттук каражаттар транзиттик жол менен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөн учурларды кошпогондо. Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо же эсепке алуу Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо боюнча функциялар жүктөлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат. Каттоо жөнүндө күбөлүк жерде жүрүүчү транспорт каражаттары жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- тиби, маркасы/модели;
- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
- чыгарылган датасы;
- сериялык номери же шассисинин башка идентификациялык белгиси;
- өңү;;
- техникалык абалы (штамп, белги же техникалык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө башка белги);
- каттоо датасы;
- каттоо органы;
- каттоо белгилери (мамлекеттик номердик белги);
- ээси/эксплуатант (аты-жөнү/уюмдун аталышы).
Жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатына берилген каттоо жөнүндө күбөлүк, каттоо белгилер жана башка документтер акыркысы утилдештирилгенден кийин ушул документти берген же сактоо үчүн жооптуу тиешелүү органга ээси же эксплуатант тарабынан кайтарып берилет, аталган орган белгиленген жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык жокко чыгаруу же сактоо жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алат. Жогоруда саналган документтерди кайтарып берүү, жокко чыгаруу же сактоого өткөрүп берүү, эгерде буга тиешелүү мыйзамдарда же эрежелерде жол берилсе утилдештирүү жол-жобосуна чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ээси/эксплуатанты кайра катталган же алмашкан учурда ээсинин/эксплуатанттын каалоосу боюнча мурдагы мамлекеттик номер белгини калтырууга жол берилет. Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР 18 мая 2012 года № 61 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Общий технический регламент Кыргызской Республики по безопасности наземных транспортных средств"Редакцияларды салыштыруу
18.05.2012 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Каттоо
Кыргыз Республикасында чыгарылуучу, ташып киргизилүүчү жана алынып салынды: экс-
плуатациялануучу кошулду: эксплуатациялануучу жерде жүрүүчү бардык транспорт каражаттары Кыргыз алынып салынды: Рес-
публикасынын кошулду: Республикасынын жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тиешелүү реестринде мамлекеттик … транзиттик жол менен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөн алынып салынды: учур-
ларды кошулду: учурларды кошпогондо.
Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо же эсепке алуу Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт алынып салынды: каражат-
тарын кошулду: каражаттарын каттоо боюнча функциялар жүктөлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу орган … жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- тиби, маркасы/модели;
- алынып салынды: иштеп чыгаруучу жана/же жасоочу;
кошулду: (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
- чыгарылган датасы;
- сериялык номери же кошулду: шассисинин башка идентификациялык белгиси;
- алынып салынды: негизги конструктивдик же эксплуатациялык маалыматтары;
кошулду: өңү;;
- техникалык абалы (штамп, белги же техникалык текшерүүнүн алынып салынды: жыйын-
тыктары кошулду: жыйынтыктары жөнүндө башка белги);
- каттоо датасы;
- каттоо органы;
- каттоо … жөнүндө күбөлүк, каттоо белгилер жана башка документтер акыркысы алынып салынды: утилдештирил-
генден кошулду: утилдештирилгенден кийин ушул документти берген же сактоо үчүн жооптуу тиешелүү алынып салынды: ор-
ганга кошулду: органга ээси же эксплуатант тарабынан кайтарып берилет, аталган орган белгиленген жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык жокко чыгаруу же алынып салынды: сак-
тоо кошулду: сактоо жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алат. Жогоруда саналган … жол берилсе утилдештирүү жол-жобосуна чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
кошулду: Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ээси/эксплуатанты кайра катталган же алмашкан учурда ээсинин/эксплуатанттын каалоосу боюнча мурдагы мамлекеттик номер белгини калтырууга жол берилет.
Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202598/st-9" title="9-берене - Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>