Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Ылайыктуулукту баалоо
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 18 мая 2012 года № 61
Ылайыктуулукту баалоо төмөнкү формаларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат:
- (экинчи абзац КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- тибин жактыруу;
- каттоо;
- техникалык кароо;
- мамлекеттик көзөмөл.
(Экинчи бөлүк КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Үчүнчү бөлүк КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын техникалык регламенттер менен белгиленген талаптарга ылайыктуулугу иштеп чыгуучу мамлекеттин же колдонууга болгондо даярдоочу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген типти жактыруу менен ырасталат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ылайыктуулукту баалоону аткаруу максатында техникалык текшерүүлөрдү жана сыноолорду аткарууга тиешелүү техникалык жана башка мүмкүнчүлүгү бар белгиленген тартипте аккредиттелген уюмга ыйгарым укук берет. Жерде жүрүүчү транспорт каражатына башка мамлекет тарабынан берилген типти жактыруу, мындай жактырууну берүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде белгиленген талаптарга жооп берген шартта Кыргыз Республикасында таанылышы мүмкүн. Даярдоочу өзү чыгарган жерде жүрүүчү ар бир транспорт каражатынын конструкциянын бекитилген тибине ылайыктуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул жободо ылайыктуулугун текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тандап алып текшерүү жолу менен техникалык регламентте белгиленген талаптарды даярдоочу сактап келе жаткандыгына ынануу, ал эми жерде жүрүүчү транспорт каражаты конструкциянын бекитилген тибине учурда да ылайык келээрине баа берүү укугу алынбайт. Ылайыктуулукту баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ылайыктуулукту баалоого арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, ылайыктуулукту баалоо жол-жоболорун өткөрөт жана анын натыйжалары жөнүндө арыз ээсине билдирет. Ылайыктуулукту баалоо үчүн кошумча убакыт талап кылынган учурда, ылайыктуулукту баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мындай кошумча убакыттын зарылдыгын негиздөө менен арыз ээсине билдирет. Ыйгарым укуктуу орган ушул айдын ичинде тибин жактыруу же тибин жактыруу жөнүндө документтери токтотулган жана жокко чыгарылган жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын тизмегин ай сайын чыгарат. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибинин конструкциясын өзгөртүүдө, мындай өзгөртүүлөрдү аткарган иштеп чыгаруучу, жасоочу же уюм ыйгарым укуктуу органга жаңы тибин жактырууга же мурда жактырылган тибине кошумчалоого арыз берет. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын конструкциясын өзгөртүүлөр жөнүндө баардык маалыматтары жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгүнө киргизилет. (Он экинчи бөлүк КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202598/st-8" title="8-берене - Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>