10-берене. Техникалык кароо
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 18 мая 2012 года № 61
Жерде жүрүүчү төмөнкү транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүүгө тийиш:
1) ташуу боюнча ишкердик иште пайдаланылуучулар:
- жүргүнчүлөрдү, анын ичинде жеңил автомашиналар (таксилер);
- жүктөрдү;
- коркунучтуу жүктөрдү.
2) атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары (медициналык тез жардам автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, жыгач ташуучу автомобилдер, өзү төгүүчү автомобилдер, цемент ташуучу автомобилдер, автоэвакуаторлор, узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары, айыл чарбалык жана токой чарбалык тракторлор, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (ӨТМ) жана түшкөн акчаны жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары).
Ишкердик иште пайдаланылуучу жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү:
- жүргүнчүлөрдү жана коркунучтуу жүктөрдү ташуучулар - жылына эки жолу;
- жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн жеңил автомашиналар (таксилер), жүк-жүргүнчү ташуучулар, жүк ташуучулар, айыл чарбалык жана токой чарбалык тракторлор, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (ӨТМ), атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары, чыгарылган жылына жараша:
3 жылга чейин - техникалык кароого жатпайт; 3 жылдан 7 жылга чейин - 2 жылда бир жолу; 7 жылдан жогору - жыл сайын. Башка бардык жерде жүрүүчү транспорт каражаттары техникалык кароодон ыктыярдуу түрдө өткөрүлөт. Техникалык кароону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген диагностикалык борборлор жүзөгө ашырат. Транспорт каражаттарынын техникалык кароосун жүзөгө ашыруучу диагностикалык борборлор ушул Регламенттин 11-беренесинде белгиленген талаптарды текшерүү үчүн зарыл болгон жабдуулар, көзөмөлдөөчү-өлчөөчү аспаптар менен жабдылууга тийиш. Диагностикалык кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу техникалык тейлөө станциялары техникалык кароодон өткөрүү укугуна ээ эмес. Ушул Регламентте каралган милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү бул транспорт каражатын эксплуатациялоо мезгилинде эксплуатантка жүктөлөт. Жолдо жүрүүнүн коопсуздугу, транспорт каражатынын техникалык оң абалда болушу үчүн эксплуатант толук жоопкерчилик тартат. Техникалык кароону өткөрүүчү диагностикалык борборлор техникалык кароодон өткөрүүдө өздөрүнүн функцияларын тиешелүү аткарбаган, ушул Регламенттин талаптарын сактабаган жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Техникалык кароодон өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө…Постановление · 03.07.2015 · № 443 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202598/st-10" title="10-берене - Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>